«АР-НАМЫС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ

«АР-НАМЫС» САЯСИЙ ПАРТИЯСЫ 1999-ж. 9-июлда түзүлүп, каттоодон 1999-ж. 19-августта өткөн Оппозициялык багыттагы партия. Эки жолу съезд өткөрүшкөн: 1–5-январь 2000-ж., 2–2-апрель 2000-ж. Партиянын 2-съездинде баштапкы уюмдарга иштөөнүн жашыруун шарттарына өтүүгө чечим кабыл алынган. 2001-ж. 3-ноябрда Кыргызстан элдик Конгресси түзүлгөн. Ага «Ар-Намыс» (Алиев Э. А.), «Эркиндик» (Тургуналиев Т. Т.), «Ата-Мекен» (Текебаев Ө. Ч.) жана Эл (Бей-бечаралар) (Эшимканов М.) партиялары киришкен. Конгресстин төрагалыгына Ф. Кулов шайланган. 2002-ж. Конгресстин курамына «Социал-демократиялык партия» (Атамбаев А.) кошулуп, ал эми «Эркиндик» анын составынан чыгып кеткен. 2000-ж. президенттик шайлоодо «Ар-Намыс» партиясы Ө. Текебаевди президенттикке, Ф. Куловду- премьер-министрликке талапкер катары көрсөткөн. Партиянын негизги максаты – чыныгы укуктук, демократтык мамлекетти түзүү жолу менен калкка татыктуу жашоону камсыз кылуу. Урааны- ар-намыс,
тартип,жыргалчылык. Саясий кенешинин төрагасы Кулов Ф. Ш., штаб жетекчиси Алиев Э. А.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети