«БАБУР-НААМА»

«БАБУР-НААМА» («Бабур-намэ») – султан Бабурдун өмүр баянын жана 1493–29-ж. Борбордук Азия, Афганстан, Түндүк Индиядагы тарыхый окуяларды камтыган китеп. «Б-Н-нин» автору Бабур Захиреддин Мухаммед (1483–1530) Ал Улуу Моголдор мамлекетинин негиздөөчүсү, кадимки Темир-аксак тукумунан болгон. Анын мамлекети азыркы Кабулдан Бенгалияга чейинки кеңири аймакты ээлеген. Чыгармалары орус тилинде «Б-Н». (1958) жана «Лирика» (1957)
жарык көргөн. Буга чейин 1948–49-ж. чыгармалар өзбек тилинде жарык көргөн. Өзүнүн көркөмдүк деңгээли боюнча да айырмаланган бул мемуардык эмгекте Бабурдун замандаштары жөнүндөгү чындык жымсалданбай, бурмаланбай ачык жазылган. «Б-Н-да» Кыргызстандын саясий тарыхына жана тарыхый географиясына байланыштуу маанилүү маалыматтар арбын кезигет. Андан Ош шаарынын коомдук-саясий турмушу жөнүндө кеңири маалымат алууга болот.
Бул китепте Түштүк Кыргызстандын тоолуу аймагын мекендеген кыргыздын чогорок уруусу тууралуу да айтылган.

 

«Саясат таануу» энциклопедиялык окуу куралы.
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Кыргыз республикасынын билим берүү министрлиги
Жусуп баласагын атындагы кыргыз улуттук университети