САЯСИЙ ТӨҢКӨРҮШ

САЯСИЙ ТӨҢКӨРҮШ – коомдук саясий турмуштун түп тамырынан бери өзгөрүшү, бийлик системасынын бузулушу  же саясий лидери, мамлекет башчысын алмаштыруу. Төңкөрүштүн себептери түрдүүчө болушу мүмкүн, бирок ар дайым  баарына бирдей жалпы шарт – белгилүү социалдык катмарлардын же топтордун нааразычылыгы, коомдо биримдиктин  жоктугу сөзсүз болот. Жакшы уюшулган аскерлерден турган же куралдуу күчтөргө таянган топко саясий бийликти  тартып алууга мүмкүндүк берген саясий системанын алсыздыгы – С. т-түн маанилүү себептеринин бири болуп  эсептелет. Төңкөрүштөрдүн негизинде бийликтин легитимдүүлүгүн, б. а. адамдардын режимдин мыйзамдуулугуна  ишенүүсүнүн жана ага баш ийүү каалоосунун бузулушу жатат. Легитимдүүлүктүн деңгээли жогору, граждандардын  көпчүлүгү социалдык стабилдүүлүктү каалаган жерлерде, эреже катары төңкөрүштөр орун албайт. Өнүгүп келе жаткан  өлкөлөрдөгү дайыма болуп туруучу төңкөрүштөр – экономикалык жана саясий туруксуздук шарттарында бийликтегилер  өздөрүнө карата граждандардын ишенимин тез жоготушат да, өзүлөрүнүн саясий атаандаштарына оңой эле уттуруп  жиберишинин көрсөткүчү. Бирок алардын саясий максаттары бийликтен кеткендердин максаттарынан аз гана  айырмаланышат. Төңкөрүштү уюштургандар эл массасын, алардын каалоолоруна жана үмүттөрүнө жооп бере турган  ураандар менен өздөрүнө тартышат. Бирок бул ураандарды кандай каражаттар менен иш жүзүнө ашыруу мүмкүн, андай  каражаттар барбы деген суроолорго жооп берүү тууралуу ойлоп коюшпайт. Алар адамдардын өсүп жаткан инфляцияга,  ачык коррупцияга, массалык жумушсуздукка, социалдык саясаттын эффективдүү эместигине нааразычылыгын  пайдаланышат. Узак убакытка созулган жана кыйраткыч согуш, айрыкча ал ийгиликке жетишпесе жана элдик согушка  айланбаса төңкөрүшкө орчундуу түрткү берет. Мындай учурда С. т. революциянын курамынын бөлүгү болуп калат. Ал  эч качан экономикалык кырдаалды жакшыртпайт, бирок массаларды жаңы төнкөрүшкө психологиялык жактан даярдайт.  Тарыхта мындай учурлар көп орун алган: акырында Наполеондун бийлигине алып келген Улуу Француз  революциясынын мезгилиндеги төңкөрүштөрдүн чынжыры, Латын Америкасынын өлкөлөрүндөгү жаңы жана соңку  жаңы тарыхтагы жүздөгөн С. т-төр да белгилүү. Күч менен акыры колониалдык империяны кармап калууга аракет  кылган Португалиядагы авторитардык режим 1974-ж. прогрессивдүү аскерлер тарабынан кулатылган. Кийин алар  бийликти демократтык жол менен шайланган граждандык өкмөткө беришкен. Көптөгөн төңкөрүштөр, же алгачкы  этабында, көп зордук-зомбулуксуз ишке ашкан. Бирок, кийин калк бийликке келгендерге ишеним көрсөтпөй калгандан  баштап кандуу натыйжалар пайда болот. Ошондо алар террор жүргүзүшкөн, ал көп убакта граждандык согушка өсүп  жетилген. Кыргыз элинин тарыхында ар кандай деңгээлдеги С. т. көп эле болгондугун билебиз. Кыргыздар активдүү  катышкан Кокон хандыгындагы бир катар С. т-төр да буга мисал боло алат. «Манас», «Семетей» ж. б. эпостордо да  көптөгөн С. т. жөнүндө, таасирдүү адамдардын чыккынчылыгы жөнүндө көркөм сүрөттөөлөр көп кездешет. 1991-ж.  августтагы төңкөрүштү да буга кошсок болот. Кыргыз Республикасындагы аскер кызматчыларына жана ички иштер  органдарында иштегендерге саясий уюмдарда мүчөлүккө турууга мыйзам түрүндө тыюу салынган. Бирок эл аралык  тажрыйба көрсөткөндөй эч кандай мыйзам С. т-тү болтурбай коюунун кепили боло албайт. Анткени окуянын жүрүшү С.  т. канчалык жакындаган сайын мыйзамдар аткарылбай, мыйзам менен эл эсептешпей калышат. Экономикалык жана  саясий турмушту турукташтыруу, төңкөрүшкө карата болгон аракеттерди тез арада токтотуучу, мамлекеттик  түзүлүштү коргоонун демократтык практикада текшерилген механизмдеринин болушу ар кандай төңкөрүштөргө  каршы ишенимдүү каражат болуп эсептелет.