КЫРГЫЗ ТИЛИНЕ АРАБ ТИЛИНЕН КЕЛГЕН СӨЗДӨР

Тарыхтан маалым болгондой, кыргыздар биздин замандын VI-VIII
кылымдарында Орхон-Енисей жазуусун, андан кийин уйгур жазуусун
колдонушкан. Кийинчерээк анын ордун араб жазуусу ээлегени белгилүү.
Бирок колдо бар материалдардын негизинде кыргыздар араб жазуусун кайсы
мезгилден тартып пайдалана баштаганын так айтуу кыйын. Окумуштуулар
архивдик материалдарга таянуу менен кыргыздар XIX кылымдан баштап
араб алфавитин пайдаланышкан деген пикирди айтышат (Шукуров 1952:70).
Араб сөздөрүнүн кыргыз тилине кирүү мезгили да кылдат изилденген
эмес, бирок окумуштуулардын көпчүлүгү арабизмдер кыргыз тилине XVI
кылымдан кийин, өзгөчө XIX кылымда жана XX кылымдын башында көп
кирген деп эсептешет. Мисалы, Б.Юнусалиев кыргыз тилине жакын тектеш
тилдердеги арабизмдер менен иранизмдерди салыштыруунун негизинде
арабизмдер кыргыз тилине XII-XIII кылымдарда, а балким, кийинчерээк,
XIV-XV кылымдарда кирген деген жыйынтыкка келген (Юнусалиев
1959:209). Мында ал 1635-36-жылдары кышында Каратегинге келген
кыргыздар мусулман болбогонун, алардын уруу башчылары кийинчерээк
гана ислам динин кабыл алышкан деген академик В.В.Бартольддун пикирине
таянган жана азыр алардын укум-тукумдарынын тилинде арабизмдер менен
иранизмдер башка кыргыз говорлоруна караганда абдан көп кездешерин
белгилеп, түндүк кыргыздардын тилине алар мындан да кийинчерээк кирген
болуш керек деген божомолду айткан (Юнусалиев 1959:227). Чынында эле
XIX кылымдын орто ченинде түндүк кыргыздарга келген казак окумуштуусу
Чокан Валиханов бугу жана сарбагыш урууларынын тилинде араб жана
фарсы сөздөрү дээрлик жок экенин, бирок эски түрк жана монгол сөздөрү
көп экенин белгилеген.
Б.Юнусалиев араб сөздөрүнүн кыргыз тилине кийинчерээк киргенине
далил катары алардын соо-саламат, аман-эсен, сый-сыпат, урмат-сый, күчкубат сыяктуу кош сөздөрдүн курамында кездешерин келтирет. Анткени
өздөштүрүлгөн сөздөр алгачкы мезгилде төл сөздөр менен параллель
колдонула бере тургандыгы белгилүү.
Окумуштуулардын ою боюнча, араб сөздөрү кыргыз тилине тике
кирбестен, коӊшулаш жашаган уйгур, өзбек, тажик жана казак тилдери
аркылуу кирген. Анткени тарыхтан белгилүү болгондой, кыргыздар арабдар
менен тике карым-катышта болгон эмес. Анын үстүнө кыргыз тилиндеги ар
бир араб сөзү башка орто азиялык тилдерден сөзсүз кезигет. Мындан
тышкары, азыр кыргыз тилинде көп колдонулган амалкөй, кадырман,
жоопкер, мээнеткеч, кусадар, илимпоз деген сыяктуу сөздөрдүн уӊгулары
араб сөздөрү болгону менен алардын –көй, -ман, -кер, -кеч, -дар, -поз деген
мүчөлөрү иран тилдерине тиешелүү. Ушундан улам бул сөздөр кыргыз
тилине ушул шекилинде даяр бойдон кирген деп жыйынтык чыгарууга болот
жана бул дагы араб сөздөрү кыргыз тилине тике кирбестен, коӊшу элдердин
тилдери аркылуу келип киргендигин көрсөтөт.
Азыркы кыргыз тилиндеги арабизмдердин өздөштүрүлүшүн ислам
дининин жайылышы менен тыгыз байланышта кароо керек. Анткени ислам
дини Орто Азиядагы тажик, өзбек, уйгур, казак сыяктуу элдерге
салыштырмалуу кыргыз элине азыраак жайылгандыктан, мында араб
тилинин таасири да азыраак болгон жана арабизмдердин саны да жогорудагы
тилдерге салыштырмалуу азыраак. Мисалы, З.Акылбекованын маалыматы
боюнча, көп колдонулган 500 арабизм өзбек жана уйгур тилдеринде толугу
менен бар, ал эми каракалпак тилинде алардын 450сү, түркмөн, казак жана
кыргыз тилдеринде 400ү, алтай тилинде 15и, тува тилинде 12си, хакас
тилинде 10у гана колдонулат (Акылбекова 1966:242).

К.К.Юдахиндин 1965-жылы экинчи жолу толукталып басылган
«Кыргызча-орусча сөздүгү» кош тилдүү котормо сөздүк эле болбостон,
арабизм, иранизм сыяктуу өздөштүрүлгөн сөздөр атайын белгиленген мыкты
булак да болуп эсептелет. Мындагы арабизмдер, алардын семантикалык
топтору К.Дыйкановдун эмгегинде каралган. Автор арабизмдердин
статистикасы боюнча төмөнкүдөй маалымат берген: «Арабизм катары ар.
деп белгиленген сөздөрдүн саны – 958. Бул сөздөргө кыргыз тилинин
мүчөлөрү жалганып жасалган сөздөр – 1115, ал эми арабча жана иранча
компоненттен турган сөздөр – 103. Бардыгын кошкондо, 2177 сөз болуп,
сөздүктөгү сөздөрдүн 5,75%ин түзөт» (Дыйканов 1980:32).
Бирок мында морфологиялык жол менен, башкача айтканда, мүчө
улануу менен жасалган туунду сөздөр гана каралып, синтаксистик жол,
башкача айтканда, сөздөрдүн айкашуусунан жаралган туундулар, айрыкча
этиш туундулар эске алынган эмес. Мисалы
даяр ар. готовый, приготовленный; даяр бол- быть готовым; даяр кылприготовить.
жапаа ар. 1. притеснение, мучение; обида; жапаа көр- испытывать
мучения; мучиться; жапаа кыл- или жапаа көрсөт- или жапаа сал- или жапаа
тарттыр-доставлять беспокойство, доставлять неприятности; жапаа же- или
жапа же- получить ранение, быть раненным.
Чынында мындай этиштер бир топ арбын. Алар сөздүктө да өзүнчө
сөздүк бирдиги же сөздүк макала катары берилген эмес. Бул сыяктуу
сөздөрдү кошкондо, арабизм кошулган сөздөрдүн саны бир топ көбөйөрү
шексиз.
З.Акылбекованын маалыматы боюнча, кыргыз тилиндеги
арабизмдердин үчтөн бирин диний маанидеги сөздөр түзөт, калгандары ар
түрдүү абстракттуу маанилерди, илим жана сабаттуулукка байланыштуу
түшүнүктөрдү туюндурат. Мындан тышкары ар түрдүү жаратылыш
кубулуштарын, азык-түлүк жана курал-жарак, буюм аттарын билдирген
арабизмдер да бар [Акылбекова 1964:38].
Ошентип, араб тилинен кыргыз тилине кирген сөздөрдү мааниси
боюнча төмөнкүдөй топторго бөлүштүрүүгө болот.
Динге байланыштуу сөздөр:
аллаh – алла
дин – дин
хажж – ажы
ажал – ажал
азан – азан
фард – парыз
фитр – битир
таhарат – даарат
хайр – кайыр
кийамат – кыямат
мазар – мазар
масжид – мечит
садакат – садага
саваб – сооп
шариат – шарият
шукур – шүгүр
рамадан – рамазан
закат – зекет
курбан – курман
мулла – молдо
суннат – сүннөт
имам – имам
Араб жазуусуна жана сабаттуулукка байланыштуу сөздөр:
алифба – алиппе
харф – арип
дарс – дарс
баб – бап
китаб – китеп
хатт – кат
аилм – илим
мадраса – медресе
мактаб – мектеп
муъаллим – мугалим
таълим – таалим
тарбийа – тарбия
Абстракттуу маанидеги сөздөр:
аадалат – адилет
аазаб – азап
аамал – амал
хакикат – акыйкат
фахм – баам
аакибат – акыбет
бала – балээ
фаhm – баам
фикр – пикир
далил – далил
жаза – жаза
зиhn – зээн
хабар – кабар
амр – амир
мадмун – мазмун
максид – максат
лаанат – наалат
назар – назар
вафа – бапа
сабр- сабыр
такат – такат
талаб – талап
аилаж – ылажы
интизар – ынтызар
ихтимал – ыктымал
хурмат – урмат
шарт – шарт
инсаф – ынсап
жинс – жыныс
Азык-түлүк аттары:
аасал – асел
акват – оокат
халва – халва, алба
таам – даам
хамир – камыр
канд – кант
шараб – шарап
шуккар – шекер
Буюмдардын, курал-жарактардын аттары:
асбаб – аспап
кафас –капас
ханжар – канжар
наал – наал (така)
саат – саат
садаф – седеп
суфрат – супура
сабун – самын
тасбих – теспе
hаса – аса (таяк)
шамаат – шам
Жаратылыш кубулуштарынын, жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн
аттары:
hава – аба
нур – нур
зәлзәлә – зилзала
хайван – айбан
фил – пил
тавус – тоос
хинна – кына
райхан – райкан
Сын атооч сөздөр:
адабий – адабий
ааййар – аяр
факир – бакыр
залим – залим
аилмий – илимий
маданий – маданий
лаъик – ылайык
сийасий – саясий
тарихий – тарыхый
азиз – азиз
мухкам – бекем
мушкил – мүшкүл
маалум – маалым
Тактоочтор жана кызматчы сөздөр:
аввалу- абалы
даима – дайыма
масалан – маселен
балки – балким
Азыркы кыргыз тилиндеги арабизмдердин маанилик жактан өзгөрүүсү
бирдей эмес. З.Акылбекованын пикири боюнча, алардын төрттөн бири
маанилик өзгөрүүгө учураган. Аны төмөнкү мисалдардан байкоого болот:
арабча кыргызча
калъат (крепость, цитадель) калаа (город)
ааилат (семья, семейство) аял (жена, женщина)
миhнат (занятие, дело, профессия) мээнет (труд)
салабат (твердость, прочность) салабат (твердость, величие)
тавакул (упование) тобокел (авось)
халаик (тварь, создание) калайык (народ)
дунйа (свет, мир) богатство, сокровище)
саииб (женщина, бывшая замужем) зайып (супруга, жена)
касал (лень, нерадение, скука) кесел (болезнь; больной)
гилаф (конверт, кожура) кын (ножны)
макалат (речь, статья) макал (пословица)
макам (место) мекеме (учреждение)
макан (место, положение) мекен (местожительство,)
мусафир (гость, путешественник) мусапыр (странник)
такдир (догадка, предположение) тагдыр (судьба)
таксир (сокровище) таксыр (господин)
шуала (пламя, факель) шоола (луч, свет)
Азыркы кыргыз тилинде көп колдонулган конкреттүү маанидеги
төмөнкүдөй сөздөр да маанилик өзгөрүүгө учураган:
арабча кыргызча
суфра (дорожная провизия) супура (подстилка для
раскатывания теста)
хамир (хлеб на дрожжах) камыр (тесто)
набат (растение) набат (леденец)
хайир (хороший, добрый) кайыр (милостыня, подаяние)
гариб (чужой, иностранец) карып (бедный, бесприютный)
Ал эми абстракттуу маанидеги сөздөрдүн мааниси анчалык өзгөргөн
эмес. Мисалы:
арабча кыргызча
аадат (обычай, привычка) адат
адам (человек) адам
адалат (справедливость, правосудие) адилет
аамал (действие, дело) амал
бала (беда, несчастье) балаа, балээ
аалам (вселенная, свет) аалам
фикр (мнение, мысль) пикир
даража (степень) даража
хабар (весть, известие) кабар
кадам (шаг) кадам
кувват (мощь, сила, энергия) кубат
мадмун (содержание, смысл) мазмун
лаанат (проклятие) наалат
васиййат (завет, завещание) осуят
ишарат (знак, намек) ишарат
Маданиятка жана араб жазуусуна байланыштуу арабизмдер да
маанилик өзгөрүүгө анчалык учураган эмес:
арабча кыргызча
аалим (ученый) аалым (ученый, богослов)
адабиййат (литература) адабият (литература)
хаким (правитель) аким (правитель)
аилм (наука, знание) илим (наука)
маданииат (культура) маданият (культура)
хукм (решение, приговор) өкүм
хукумат (правительство) өкмөт
хукук (право) укук
Араб сөздөрү кыргыз лексикасына көбүнчө оозеки кеп аркылуу кабыл
алынып, негизинен, оозеки кепте гана колдонулуп келгендиктен,
фонетикалык жактан бир кыйла өзгөрүүгө учураган, башкача айтканда, алар
кыргыз тилинин айтылыш бөтөнчөлүктөрүнө толук баш ийдирилген.
Мисалы:
китаб – китеп
давлат – дөөлөт (мамлекет;
байлык)
азал – эзели
кавм – коом
акват – оокат
шарбат – шербет
9
Кыргыз жана араб тилдеринин, ошондой эле ортодогу ортомчу
тилдердин фонетикалык системасындагы айырмачылыктар да таасирин
тийгизбей койгон эмес. Натыйжада кыргыз тилиндеги арабизмдер бир топ
тыбыштык өзгөрүүгө учурап, бүгүнкү күндө кыргыздын лексикасына
биротоло сиңип, кабыл алынган сөз экени билинбей калган.
Сөздүктөгү арабизмдердин басымдуу көпчүлүгүн атоочтор, анын
ичинде зат атоочтор түзөт. Таза этиш түрүндө өткөн арабизмдер дээрлик
жокко эсе, бирок жогоруда келтирилген мисалдар сыяктуу аналитикалык
этиштер бир топ арбын. Бирок сөздүктө башка сөз түркүмдөрү да кездешет.
Азыркы кыргыз тилинде кээ бир арабизмдер модалдык сөздөрдүн
милдетин аткарат жана алардын айрымдарынын лексикалык мааниси да
сакталып калган:
албетте ар. конечно, несомненно.
маселен ар. например.
ыктымал ар. может быть, возможно (как предположение); мындай
учурда кокус бирөө шек алып калууга да ыктымал в таком случае у когонибудь ненароком может возникнуть подозрение.
макул ар. ладно; ладный; согласный; эртең макул, бүгүн жок погов.
завтра – ладно, сегодня – нет; завтра, завтра, не сегодня; макулсуңбу? ты
согласен?; макул бол- или макул ал- согласиться; ал макул болду он
согласился; маа макул болду мне понравилось; макул көр- одобрить; мен
макул көрдүм я одобрил.

 

 

Материал «К.К.ЮДАХИНДИН «КЫРГЫЗЧА-ОРУСЧА СӨЗДҮГҮНДӨГҮ» АРАБИЗМДЕР » китебинен алынды. 
Автор: Таалайбек Абдиев 
Бишкек 2020