БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ «МИДИНГЕ КАТ»

Билинбей кетти кабарың,
Мидике кандай абалың?
Бир топ жыл бирге татканбыз
Бул жактын тамак-шарабын,
Бир жүргөн кезди эстесем
Бүркөлөт ачык кабагым.

Башта бар дечи бир өлүм…
Баардыгын жакшы билемин.
Эргиген мөлтүр таланттан,
Эл үзбөйт тура күдөрүн…
Жалдырап карайм мүрзөңдү,
Жайлуубу жаткан түнөгүң?

Китепти көчүрүү