БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ МАДАНИЯТЫ

БАЙЫРКЫ ЕГИПЕТ МАДАНИЯТЫ б. з. ч. 4-к мамлекетинин түзүлүшү м-н жаралып, б. з. ч. 1-миң жылдыктын орто ченине чейин созулат. Кээде анын акыркы мезгили катары эллинисттик ж-а рим — византиялык доорлор (б. з. ч. 332 — б. з. 642) да эсептелген. Б. Е. М-нын өзгөчөлүгү анын географиялык абалына — Нил дарыясынын түшүмдүү өрөөнүнөн орун алгандыгына байланыштуу. Кулдардын күчү ири сугат системалары м-н храмдарды курууга жумшалган; көптөгөн каражаттар пирамидаларды курууга сарпталган. Алардын эң чоңу — Гизадагы Хеопстун пирамидасынын (бийиктиги 146,6 м) курулушуна 30 жыл бою бир эле мезгилде 200 миң кул иштеген. Б. Е. м-нындагы бир өзгөчөлүгү — анын татаал иероглиф жазмасы. Коомдогу жетектөөчү роль бийлик төбөлдөрү м-н жрецтерге таандык болгон. Диндеги негизги салт өлгөндөрдүн денесин мумия м-н катыруу, ошондой эле жаныбарларга сыйынуу эсептелген. Египетте зор колдонмо мааниге ээ болгон илимдерге (геометрия, арифметика, жөнөкөй алгебра) негиз салынган. Адабий булактар бизге көпчүлүк учурда байыркы грек белгисиз авторлорунун чыгармалары катары жетти. Негизги адабий жанрлар: тамсилдер, насыяттар, баяндар, мифтер, жомоктор, гимндер, сыйынуулар, эпистолярдык тексттер. Диний — мифтик тексттер биздин мезгилге «Саркофагдардын тексттери», «Пирамидалардын тексттери», «Маркумдар китептери» деген жыйнактарда топтоштурулуп жетти. Б. Е-тин м-ты ж-дөгү көптөгөн маалыматтарды байыркы гректер сактап жеткиришти. Алар Б. Е-ти акылмандуулуктун өлкөсү деп, ал эми египеттиктерди өздөрүнүн мугалимдери деп эсептешкен.