БАЙЫРКЫ ТАШ БАЛБАЛДАР (СКУЛЬПТУРАЛАР)

Б. з. VI к. Алтайда жана Монголияда көчмөн уруулардын биригүүсүнөн алгачкы феодалдык мамлекет Түрк кагандыгы түзүлгөнүн бнлебиз. Кыска убакыттын ичинде түрктөр курамына Орто Азиянын бир бөлүгү кирген эң чоң аймакка өз өкүыүн жүргүзүп калат. Кагандык бекем эмес мамлекеттнк бирикме болгон. Түрк коомунун ичинде болгон социалдык курч карама-каршылыктар кагандыктын 603-ж. Чыгыш кагандык, Ватыш кагандык болуп эки бөлүккө ажырашына альга келген эле.

Жети-Суу менен Тенир-Тоонун аймагы Батыш Түрк кагандыгына кирген. Анын борбору Чүй өрөөнүндөгү Суяб шаары (азыркы Токмок шаарына жакын Ак-Бешим айылынын жанында) болгон. Элинин негазги массасын мал жайганга ылайыктуу жерлердн ээлеген көчмөндөр түзгөн. Кыргызстандын территориясында түрк тилиндеги уруулардын жайланышы менен коргондордун же эскергич тосмолордуи жанына адамдардын таш келбеттерин балбалдарды коюу кенири тараган өлүктү коюунун жаңы салты пайда болгон. Жасалышы жана таасирдүүлүгү боюнча алар бирдей эмес. Анткени ал сөлөкөт жасалган материалдын сапатына жана чеккеи устанын чебердигине жараша болгон.

Балбал таштар көбүнчө граниттен, чаар таштан, акиташтан жана сланецтен чегилип жасалган. Ал үчүя атайын сүйрүсүнөн келген таштарды же плиткаларды тандап алышкан. Айрым учурда алардын сыртын жакшылап жылмалашкан. Көп учурда таш келбеттерди же алардын айрым бөлүктөрүн атайын даярдалбаган ташка эле чегип жасашкан. Адатта таштарга эркектердин каардуу жоокерлердин, анда-санда гана аялдардын келбетин түшүрүшкөн. Он колуна же эки колу менен ар кандай формадагы идишти кармап турганын көрөбүз. Белиндеги куруна канжар же кылыч илинген. Кээде кийимчен да көрсөтүлөт.

Балбалдардын көпчүлүгү чебер скульптор таш усталар тарабынан жасалган. Алар сөлөкөттөрдүн пропорциясын, беттин мүнөздөрүн, кооздук буюмдарын ж. б. дал өзүндөй беришкен.

Балбалдар өтө көп, бирок бардыгы бирдей эмес. Изилдөөчүлөр тарабынан алар эки негизги топко бөлүнөт. Биринчиси тулку боюнун жана анын кийим-кечеси, кооздук буюмдары, курал-жарагы ж. у. с. даана берилген чоң тоголок скульптуралар; экинчиси ташка контурдук сүрөт менен башын жана бет түзүлүштөрүн, айрым учурда бүт тулку боюн берген жалпак балбалдар. Экинчи топтогулар өтө эле көп, алар үчүн сөлөкөттү же анын айрым бөлүктөрүн берүүдө жөнөкөйлүк мүнөздүү. Мезгили боюнча бул балбалдар, мүмкүн эң алгачкылардан болуп эсептелет.

Таш сөлөкөттөр адегенде У1-Х кк. чегинде пайда болгон, айрымдары Х-ХП кк. да тийиштүү. XIII к. кийин алар Тенир-Тоодо коюлбай калган. Балбал таштарды коюп көмүү салты Кыргызстандын территориясына исламдын таралышынан кийин токтогон. Анткени ислам бардык тирүү жандыкты: адамдын, айбандын, канаттуунун сүрөтүн тартууга тыюу салган.

Балбал таштардын таралышы аркылуу түрк тилиндеги көчмөн уруулардын таралыш чегин аныктоого болот. Нарын жана Ысык-Көл областтарында, Кемин, Чүй жана Талас өрөөндөрүндө жүздөгөн балбалдардын бар экендиги эсепке алынды. Кыргызстандын территориясынын калган бөлүктөрүнөн бир аз гана балбалдар табылды. Алсак, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн эки, ал эми бүтүндөй Ош областында беш балбал табылган. Алардын бирөө Ала-Бука районунда, экөө Өзгөн шаарында жана экөө Гүлчө кыштагында жайгашкан. Кыргызстандан сырткары, Орто Азиянын калган территориясында алар дээрлик кездешпейт. Көп сандаган таш сөлөкөттөрдү Казакстандан, Алтайдан, Тувадан, Хакасиядан жана Монголиядан жолуктурууга болот. Кытайдан 200дөн, Индиядан 40тан ашуун балбал таштар табылган. Бул ушул жерлердин баарында түрк тилиндеги көчмөн уруулардын жашагандыгын айгинелейт. Алар боюнча элдин антропологиялык тибин, кийим-кечесин, курал-жарагынын түрлөрүн, кооздук буюмдарын ж.у.с. аныктоого болот. Таш сөлөкөттөр байыркы сурөт искусствосунун жана анын өнүгүш деңгээлин изилдөөдө да маанилүү булак болуп кызмат кылат.

Изилдөөчүлөрдүн арасында таш балбалдын чыгышы тууралуу бир нече гипотеза жашап келүүдө. Биринчиси таш сөлөкөттөргө түрктөр өзүлөрүнүн же өлгөндерүнүн кебетесин, тышкы көрүнүшүн түшүрүшкөн дешсе, экинчиси түрктүн өзү өлтүргөн душманынын, тиги дүйнөдө ага кызмат кылчу кишинин келбетин чегишкен дейт. Алсак, Күлтегиндин эстелигинин эки тарабына эки км узундуктагы аралыкка катары менен таш балбалдар коюлган. Күлтегин өз өмүрүндө мынча адамды өлтүрүшү мүмкүн эмес. Демек, байыркы түрктөрдө өзү өлтүргөн адамдын келбетин таштан чегип, аны өзү жогору баалаган адамына тиги дүйнөдө кызматчы катары тартууга берсе керек. Күлтегиндин эстелигинин жанындагы өтө көп сандуу таш балбалдар ага өзүнүн жоокерлери, пикирлештери тарабынан ага урмат көрсөтүү үчүн берилген деген пикир туудурат.

Кыргызстандын таш балбалдары Россиянын илимий коомчулугуна XIX к. орто ченинен белгилүү боло баштайт. Ошондон бери байыркы түрк балбалдарын изилдөө багытында көп иштер жаралды. Бирок таш балбалдар проблемасы али да болсо, аз изилденген бойдон калууда. Жер аянттарын айыл чарбасына көбүрөөк пайдалануу иштеринин жүрүшүндө археологиялык эстеликтердин бул түрү көп жоголо баштаган. Жерди пландаштыруу учурунда балбалдар аңдарга, арыктарга, чуңкурларга ташталып, айрымдарын жергиликтүү элдер өз керегине жаратыш үчүн алып кетишкен. Алардын кай бирлери мектептерге, колхоз, совхоздордун чарба короолоруиа алынып келинген. Азыркы кезде таш балбалдар адепки өз ордунда алыскы, киши көп баралбаган жерлерде гана сакталып калды. Аларды эсепке алуу, изилдөө маанилүү маселе бойдон калууда.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор