БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ

СОЛТОНОЕВ Белек (1878, Кемин району  – 1938, репрессияга туш болгон) – Кыргыз тарыхчыларынын эң алгачкыларынын бири, көрүнүктүү тарыхчы. Атактуу «Кызыл кыргыз тарыхы” кол жазма тарыхынын автору. Белек 7–8 жаш курагында молдодон окуп, сабатын ачкан. Бишкекке келип бак өстүрүүчүлөрдүн эки жылдык даярдоо мектебин бүтүргөн. Кыргыз тилине орус тилине, орус тилинен кыргыз тилине которуу, тилмечтик кылуу иштерин аткарып, кыргыз тарыхын изилдөөгө кызыга баштаган. 1927-жылдан баштап илимий ишке өткөн. Край таануу илимий изилдөө ин-тунда кызматкер болуп жүрүп, термин сөздөрдү жыйноого катышкан. Солтоноевдин эң негизги чыгармалыгындагы орду тарых, анын ичинде «Кызыл кыргыз тарыхы” аттуу кол жазмасы болуп саналат. Ошону менен бирге көркөм сөз өнөрүндө да калем сынап, «Румкан”, «Бала чак” сыяктуу поэмаларды жыйноодогу эмгеги зор.  Анын эң  алгачкы «Жаңы  өскөн жаш балдар” аттуу ыры «Жаштар өрнөгү” деген «Бала чак” поэмасында Солтоноев кой кайтарган эргенчи кезинен тарта башынан өткөндөрдү реалисттик түрдө көркөм сөздө чагылдырса, «Румканда” (Түштүктүн түпкүрү, Сүлүктүнүн Эски Алачы деген жеринде иштеп жүрүп, каза болгон уулу Румкан тууралуу каңырык түтөткөн трагедиялуу күндөрдү  сүрөттөгөн. Поэма баласынан айрылган атанын кошогу, арман күүсү же реквием сыяктуу мазмуну трагедиялуу, мааниси терең, кайгылуу чыгарма десе туура болот. Солтоноев элдик оозеки чыгармалары жазма эстеликтерди жыйноого көп көңүл бурганы Орхон-Енисей жазмаларынан тартып, кылымдар ортосундагы Асан Кайгы, Бука (Кет-бука) сыяктуу ойчулдар менен акындарынын айткандарына саресеп салганынан, кыргыз тамгаларынын пайда болушун иликтегенинен,  «Манас”  баштаган эпосторду «Жаңыл Мырза”, «Канышбек” сыяктуу элдик поэмаларды кепке алганынан, Молдо Кылыч сыяктуу жазгыч акындардын ырларын өздөрүнөн жазып жыйнаганынан көрүнүп турат. 1921-ж. В. А. Жуковскийдин «Колго түшкөн чымчык”, Л. Н. Толстойдун  «Тия”, «Бугу” деген аңгемелерин ырга айланткан. Шиллердин «Мээлей” деген ырын да которгон. «Кызыл кыргыз тарыхы” деген атактуу кол жазма тарыхында Чөжө, Калыгул, Арстанбек, Солтобай, Калмурза, Ысак Шайбеков сыяктуу ойчул ырчыларды, Дыйканбай, Тыныбек, Акылбек, Сагынбай, Саякбайдай манасчылардын ар биринин  өмүрүнө, чыгармачылык жолуна  атайын токтолгон.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ