ОСМОНКУЛ БӨЛӨБАЛА УУЛУ

Кыргыз ырчылар поэзиясында учкул ойлуу, акылга канык асыл сөздөрдөн ыр токуп адамзат генийинен гана жаралчу кундуу чыгармалары менен акындар поэзиясынын классикалык доорун түзгөн ондогон залкар таланттардын өткөндүгү маалым. Төкмөлүк өнөрүбүздө ырчылык менен «манасчылыкты» жупташтыра билген Балык, Сагымбай, Найманбайдай; негизинен ырчылык менен күүчүлүктү өнөрлөгөн Музооке, Айдаралы, Коргол өңдүү (Айдараалыда мындан тыш куудулдук, пародистик, Корголдо куудулдук, обончулук да болгон — А. 0.), ошондой эле ырчылыкты, комузчулукту, айтуучулукту, аткаруучулукту, обончулукту бир башына топтогон Арстанбек, Токтогул, Калык, Алымкулдай жана жалаң төкмөлүк өнөрдү аздектеп (комузчулугу анча күчтүү эмес, ал эми Барпы комузу жок эле ырдаган), ошонусу менен артыкчаланып турган Жеңижок, Эшмамбет, Барпыдай нукура ак таңдай ырчыларды кездештиребиз.

 

Рефератты көчүрүү