БИЗГЕ КАНДАЙ САЯСЫЙ ЛИДЕР КЕРЕК

Коомдун өнүгүүсүндө, өзгөрүүсүндө саясый лидерлер (англ. тилинен алынган «leader”- алып баруучу, жетектөөчү дегенди билдирет) чоң ролго ээ экендиги талашсыз. Эгерде саясый лидердин ким экендигин тактоого аракет кылсак, анда саясый лидер- саясый уюмдун, топтун, саясый партиянын же жалпы коомдун кадыр-барктуу мүчөсү. Ал өзүнүн жеке таасири менен саясый окуяларда жана саясый процесстерде зор роль ойнойт.

Учурда саясат таануу илиминде саясый лидерге таандык делген мүнөздөмөлөр адамзат жашоосунун алгачкы кылымдарында эле болгондугуна барыбыз эле маани берип биле бербесек керек. Мында саясый лидердин негизги мүнөздөмөсү болуп жалпы калкка жакчу саясый программасынын бардыгы саналат. Буга мисал катары Манас бабабыздын саясый программа деп аталбаса дагы, бардык чоролору, калайык калкы кабыл алган, Кыргыз Туусун бийик көтөрүү, кыргыз жерин душмандардан бошотуу жана «Кулаалы таптап куш кылам, курама жыйып журт кылам” деген негизги саясый кадамын алсак болот. Кийинки мүнөздөмө саясый лидердин элге жагуу ыкмасы, жалпы коомчулуктун симпатиясына ээ болуусу, атак-даңктуулук касиети деп берилет. Мында Манас бабабыздын айкөлдүк сапатын айтууга болот, айкөлдүк жөн гана элдин назарына илинүү үчүн эмес (азыркы бийлик башындагылардын популисттиги сыяктуу эмес), Кудайдан берилген, табигый шартта жаралган сапат болгон. Үчүнчү мүнөздөмөдө саясый эрк, өзүнө жоопкерчиликти алуу башкы ролдо турат. Андан кийинки мүнөздөмөдө саясый лидердин курч акылы, саясый интуициясы берилсе, бешинчи мүнөздөмөдө уюштуруу таланты жана сөзгө баа берген чечендиги баса белгиленет. Кайрадан эле Манас бабабызга келсек, ал саясый эркинин күчтүүлүгүнөн Алтайдан Алатоого келүүнү максат кылып, эли-журтун баштап, башын тобокелге салып аттанган. Ал курч акылы, саясый интуициясы менен болочоктогу окуяларды алдын ала көрөбилген, кырк уруу кыргыз журтун бириктирип бирдиктүү кыргыз хандыгын кура алган. Ал эми Манас бабабыздын сөзгө баа берген чечендигин айтпасак да баарыбызга белгилүү, анткени кыргыз жазуусу пайда боло электе бардык саясый-социалдык иш-чаралар оозеки түрдө жүргүзүлгөн жана эки ооз да болсун сөздүн таасири, мааниси күчтүү болгон.

Азыркы шартта бизге кандай саясый лидер керек (?) деген суроону өзүбүзгө бергенибизде албетте, Манас бабабыздын кайрадан кайтып келбесин билебиз. Бирок ага тең болбосо да, Манас бабабыздын урпактарынан татыктуу саясый лидер чыгаарына үмүтүбүз зор. Бир жагынан коомчулуктун да кайсы бир лидерлик сапаттары бар инсанды саясый лидер катары кабыл алуусу маанилүү. Лидерлик – индивиддин жеке мүнөзү гана эмес, анын коом менен мамилесинин жыйынтыгы да болуп саналат. Башкача айтканда, лидер – коомдун же топтун ага ишенүүсүнөн, ага ишеним артып өз кызыкчылыктарын, көйгөйлүү маселелерин билдирүүсүнөн лидер болуп калыптанат.

Азыркы биздин өткөөл мезгил (20 жылдан бери бүтпөгөн) деп аталган шартыбызда бизге М.Вебердин типологиясындагы харизматикалык лидерлик менен легалдуу лидерликтин сапаттарын, критерийлерин теңме-тең алып жүрүүчү харизма-легалдуу лидер керек деп ойлойм.  Мындай саясый лидерде харизматикалык сапаттар 51% ды түзсө, демократиялык мүнөздөр 49% ды түзүүсү шарт. Эмне үчүн бизге азыркы шартта харизма-легалдуу лидер керек экендигин жеке пикиримде чечмелесем. Анткени биз кыргыз эли жетекчинин жеке адамдык сапаттарына, өзгөчөлүктөрүнө, Кудайдан берилген  кандайдыр бир касиеттерине,харизмасына, талантына көбүрөөк маани беребиз. Ал эми анын легалдуу болуусу бул биздин шартта табигый көрүнүш, анткени биз демократиялык коомдо, парламенттик башкаруу системасында жашап жатканыбыз, саясый лидерди тандоодо легалдуу жол- жалпы шайлоо аркылуу тандап атканыбыз талашсыз. Бирок, трайбализм күчтүү өнүккөн өлкө катары шайлоодо кимди тандаганыбыз өзүнчө бир көйгөйлүү маселе болсо, шайлоо мөөнөтү келгиче эле Акүйдү басып алуу оорусу да өзүнчө маселе. Харизма-легалдуу лидер италиялык ойчул Н. Макиавеллинин эмгегинде баса белгиленгендей баатырдыкты, күчтүүлүктү жана митаамдыкты бирдей айкалыштырып алып жүрүүсү керек. Мында саясый лидерге ар түрдүү саясый абалга жараша каардуу жана боорукер, бекем жана берешен болууга кеңеш берилет. Бизге керек болгон харизма-легалдуу лидер да бул кеңештерден пайдаланса дээр элем.

Азыркы биздин бир аз туруксуз, татаал жана катаал шартыбызда Кыргызстанга менин жеке пикиримде харизма-легалдуу саясый лидер аба менен суудай зарыл жана мындай адам келерки президенттик шайлоодо калыс тандалып чыгаарына бекем ишенем!

Кошкон Кенже Бадан кызы 

Кыргыз-Түрк Манас университети.