САЯСИЙ ЧЕТТЕТҮҮ

САЯСИЙ ЧЕТТЕТҮҮ – саясий идеялар, мамилелер жана уюмдар инсандан көз карандысыз, ага каршы же кээде кастык  позициядагы бир нерсеге айлануучу абал. Инсанды четтетүү бир катар себептердин натыйжасы болот. Ал белгилүү  экономикалык шарттар: эмгектин бөлүштүрүлүшү, менчикти бөлүштүрүү, алмаштыруу жана керектүү мамилелеринин  өзгөчө-лүктөрүнүн улам пайда болот. С. ч. саясий режимдин мүнөзү менен шартталат. Анда адам саясатка таптакыр  кызыкпай калган абалга коюлат. Четтетүүнүн бул түрү адамдардын саясат мамилелерге тартылуусунун мүнөзү менен  аныкталат. Мис., расалык, улуттук белгилери боюнча. Төмөнкү деңгээлдеги саясий маданият, саясий идеялар,  мамилелер жана саясий уюмдардын максаттары жөнүндө билимдин төмөндүгү, кандайдыр-бир идеялар жана нормалар,  аларды жүзөгө ашыруунун ыкмаларын аң-сезимдүү түрдө гана ойлонбостон четке кагуу С. ч-нү пайда кылат. С. ч.  объектилердин тереңдик даражасы жана мүнөзү боюнча айырмаланат. Объект катары саясий идеялар, мамилелер жана  уюмдар чыгат. Саясий системанын аталган компоненттеринен четтетүүнүн даражасы алардын бирине-бири ылайык  келүүсүнүн, өнүгүүсүнүн, бирдейлигинен, инсандын саясий аң-сезиминин эволюциясынан көз каранды. Анын саясий  идеялары жана умтулуусу коомдо өкүм сүргөн көз караштардан алдыга кетүүсү же артта калуусу мүмкүн. Бул да коомдо  таркалган саясий формалардан четтетилүүнүн булагы болуп калуу жөндөмүнө ээ. С. ч. – түрдүү социалдык топтордун  саясий кызыкчылыгынын ишке ашырылуусунун чегинде социалдык гармонияны жокко чыгаруу процесси жана  натыйжасы. Ал чеги жок саясий өзүм билемдүүлүккө жана деструктивдүү конфликтүүлүккө альтернатива катары чыгат.  Индустриализм дооруна мүнөздүү С. ч. кырдаалы коомдун саясий системасында ишке ашып, массалардын саясаттан,  саясий ишмердүүлүктүн кандайдыр-бир аралыкта болуусунун түрдүү формаларында объективдештирилет. С. ч. бул же  тигил субъект тарабынан тигил же бул коомдо, социалдык топто үстөмдүк кылган саясий практикант кабыл албоосун,  жокко чыгаруусун болжолдойт. Бул саясий жүрүмтурумда, коомдук мамилелерде байкалат. Саясаттын субъектисинин(коом, мамлекет, инсан) деңгээлине жараша С. ч. түрдүү, салыштырмалуу автономдук формаларда билинет. Объективдүү  С. ч. – саясий системанын табияты индивиддерге өкмөттүк чечимдерге, саясий аракеттерге таасир тийгизүүгө  тоскоолдук көрсөткөн кырдаал. Субъективдүү С. ч. – индивиддер тарабынан техника, чексиз керектөө идеяларына  сугарылгандыгынан улам коомдук турмушка саясий жана моралдык суроолордун алынып ташталышын болжолдойт. С.  ч-нүн чыгуу формалары ар түрдүү. Ал объективдештирүүнүн түрдүү деңгээлинде болуп, жеке же жалпы  кызыкчылыктын, стихиялуулук менен аң-сезимдүүлүктүн, саясатка жана чөйрө менен саясий кыймылдын, граждандыккоом жана мамлекет ортосундагы конфликт катары чыгат. С. ч-нүн кырдаалдары саясий программатиканын кеңири  жайылган моделдеринде байкалган. Жеке адамдын бийлигин абсолютташтыруу, саясий бийликтин четтетилиши  волюнтаризм, тоталитаризм, идеологиялык догматизмге алып келет. Партикулярдык кызыкчылыктарды  абсолютташтыруу экономизм, технократизм, охлократия, прагматизм сыяктуу С. ч-нүн тенденцияларында  чагылдырылат. Тарыхта С. ч-нүн жалпы динамикасы байкалат. Индустриализм доорунда объективдүү саясий  кызыкчылыктар улуттук мамлекеттердин чегинен чыгат да, саясатка тиешелүүлүктөн, жаңы сапатын: глобалдык  граждандык аң-сезим, глобалдык маалыматтуулук, глобалдык конструктивдүүлүктү көрсөтүшөт. Азыркы мезгилдеги  саясий маданият принципиалдык жана саясий өз ара аракеттердин идеалдарынан артта калган; саясий кагылышуунун  өсүү фонунда бул адамдардын саясий четтетилүүсүнүн өсүшүн камсыз кылат. С. ч-нү жеңүү үчүн аны пайда кылган  экономикалык, саясий ж. б. социалдык мамилелерди өзгөртүү зарыл. Андан башка инсанды саясаттын чөйрөсүндөгү  идеяларга жана мамилелерге коштоо механизмин түзүү талап кылынат. Эгерде С. ч. калктын көпчүлүк катмарын өзүнө  камтыса, аны жоюуга жөндөмдүү механизмдерди түзүү зарылчылыгы пайда болот. С. ч. коркунучу коомдун  кыйынчылыктар алдында, маанилүү коомдук милдеттерди чечүүдө биримдигин бузуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендигинде  жатат.