БИЛДИРМЕ

Милдеттендирилген ар кандай тапшырманын аткарылгандыгы, эмгек өргүү, чет өлкөгө жасалган иш сапарынын бүткөндүгү, иш-чаралардын жыйынтыкталганы ж.б. тууралуу жетекчиликке, уюм, мекемелерге жиберилген расмий иш кагазы билдирме болот. Кээ бир мекеме, уюмдарда билдирме кызматтык кат деген аталышта колдонулуп жүрѳт.
Билдирме арналышы жана түзүлүшү боюнча баяндама катка окшош болот.
Ал колдо же компьютерде эки нускада даярдалат. Бир нускасы тиешелүү уюмга

 

ҮЛГҮ:

 

Токмок шаарындагы
Медициналык колледждин
директору
Ж. Калыевага
биолабораториянын башчысы
Динара Рыскуловадан

Б И Л Д И Р М Е

Чет өлкөдө өткөрүлгөн эл аралык симпозиумга биздин окуу жайдан үч окутуучу
барды. Алар ѳздѳрүнүн докладдарын окушту, катышуучулардын суроолоруна жооп
берип, кызыктуу сунуш-пикирлерди алып келишти. 2012-жылдын 26-январынан
тартып конференцияга катышкандар өз кызматына киришкендигин билдиремин.

25.01.2012 Колу/………………… Д. Рыскулова