БҮЛҮНГӨН ЭЛ ЧАРБАСЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ЖАНА ӨНҮКТҮРҮҮ (1946-1964-жж.)

Өлкөнүн согуш жүргөн батыштагы региондорунан айырмаланып Кыргызстандын эл чарбасы алсыраган менен кыйроого учураган эмес. Тескерисинче, согуш жүргөн региондордон эвакуацияланган ишканалардын эсебинен республиканын өнөр жайы бир кыйла өскөн. Согуш шартына ылайык негизинен фронтко продукция өндүргөн өнөр жайды эми тынчтык курулушуна которуу милдети турган. 1946-ж. баштап Кыргыз ССРинин өнөр жайы толук бойдон тынчтык турмушка ылайыкташып эл чарбасы, эмгекчилер үчүн керектүү продукцияларды чыгарууга өткөн. Заводдордо жана фабрикаларда сааттык жумуш күнү, дем алыш күндөрү, отпускалар калыбына келтирилген. Милдеттүү түрдө нормадан ашыкча иштөө жоюлган.

1946-ж. августта Кыргыз ССР Жогорку Советинин XI сессиясы жалпы союздук планга ылайык республиканын эл чарбасын 1946-1950-жж. калыбына келтирүүнүн жана өнүктүрүүнүн беш жылдык планын кабыл алган. Бул план боюнча эл чарбасын калыбына келтирүүнү тезирээк аяктоо, оор өнөр жайдын, өзгөчө анын тоо кендерине, суу энергетикасына, айыл чарба сырьелоруна негизделген тармактарын өнүктүрүү; илимий-техникалык прогрессти күчөтүү, ишканаларды квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу; эмгектин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу милдеттери коюлган. Беш жылдык план боюнча 1950-ж. республиканын өнөр жайы 360 млн сомдук продукция өндүрмөк. Бул 1940-ж. салыштырмалуу 94 пайызга көптүк кылган. Биринчи кезекте оор өнөр жайын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган.

Кыргызстандын өнөр жайы батыштан көчүрүлүп келинген ишканалардын эсебинен дүң продукцияны көбүрөөк өндүргөн. Электр энергиясын өндүрүү, станок куруу, жибек кездемелерин, булгаары бут кийимдерин өндүрүү жана консерва чыгаруу өнүккөн. Төртүнчү беш жылдыкта КызылКыяда, Сүлүктүдө жаңы шахталар ачылган, Майлуу-Сууда жаңы скважина курулган. Фрунзеде механикалык-ремонт жана асфальт-бетон заводдор эксплуатацияга берилген. Лебединовка ГЭСинин экинчи кезеги, Аламүдүн № 2 ГЭСи, Пржевальск жана Жалал-Абад ГЭСтери, «Ак-Түз”, «КөкЖаңгак» кендеринде жана «Кадамжай» темир иштетүүчү комбинатта электр станциялары ток бере баштаган.

Курулуш индустриясы өнүгүп, Кызыл-Кыянын кирпич, Күрмөнтүнүн кирпич-акиташ, Таластын кирпич-черепица заводдору ишке киришкен. Жеңил жана тамак-аш өнөр жайы үчүн Жалал-Абад пахта тазалоочу заводу, Фрунзеде моделдүү бут кийим, Сосновка кыштагында баш кийим фабрикалары, 10 дон ашуун механнзациялаштырылган, 17 жарым механизациялаштырылган май-сыр заводдору, 3 этти иштетүүчү, 5 муздаткыч пункттары иштей баштаган. Беловодскиде кант, Жалал-Абадда жана Токмокто сүт заводдору, Рыбачыда эт комбинаты, Ново-Троицкиде нан заводу ж. б. иштеген.

Төртүнчү беш жылдыкта жол куруу жана ремонттоо боюнча бир кыйла иштер аткарылган. Фрунзе-Рыбачье, Фрунзе-Луговой, Фрунзе-Георгиевка, Ош-Хорог жолдору капиталдык ремонттон өткөрүлгөн. Беш жылда республиканын жолдору 2738 км узарган. Анда 1240 көпүрө курулган. 1950ж. эл чарбасынын 9 млн т жүгү автомобиль транспорту аркылуу ташылган. Бул 1940-ж. салыштырмалуу 2,6 эсеге көптүк кылган.

Ушул беш жылдыкта республиканын эл чарбасы үчүн өтө маанилүү Кант—Рыбачье темир жолу эксплуатацияга берилген.

Беш жылдыкта республиканын индустриялык дарамети кыйла көтөрүлгөн. 20дан ашуун ири ишканалар эксплуатацияга берилген. Көптөгөн завод, фабрикалар реконструкцияланган. Өнөр жайында дүң продукция өндүрүү 1950-ж. 1940ж. салыштырмалуу 4,2 эсеге, ал эми 1945-ж. салыштырмалуу 75,5 пайызга жогорулаган.

Бирок өнөр жайдын өнүгүшүндө бир топ кемчиликтер болгон. Ишканалар, транспорт көпчүлүк учурда туруп калып, натыйжалуу иштей алган эмес. Продукциянын көп түрлөрүн чыгаруу, алардын сапатын жакшыртуу боюнча план-тапшырмалар аткарылган эмес.

Кыргызстанда өнөр жайынын тез темп менен өсүшү аларда иштей турган адистерге талапты күчөткөн. Республиканын жергиликтүү элинин негизинен айыл-кыштактарда жашашы, кыргыздардан чыккан жумушчулардын аздыгы жана алардын адистиктеринин төмөн болушу жумушчу адистеринин өлкөнүн башка региондордон келишин шарттаган. Натыйжада СССРдин өнөр жайлуу райондорунан Кыргызстанга жумушчулардын активдүү миграциясы башталган.

Согуш Кыргызстандын айыл чарбасына да көптөгөн кыйынчылыктарды алып келген. 1940-ж. республиканын айыл-кыштактарында эмгектенген 186,6 миң эркектен, 1946-ж. 60 миңи гана калган. Техникалык жабдуулары боюнча республиканын айыл чарбасы 30-жж. ортосундагыдай деңгээлге чейин ылдыйлаган. Жумушчу күчүнүн, техниканын жоктугунан түшүм бере турган көпчүлүк жерлер айдалбай калган, түшүмдүүлүк төмөндөгөн.

Айыл чарбасындагы кыйын абал агрардык саясаттагы кемчиликтер менен да байланыштуу болгон. Алсак, 1933-ж. эреже боюнча айыл-кыштак өзүнүн продукцияларын рынок баасынан 10-12 эсе төмөнкү баада мамлекетке өткөрүүгө милдеттүү болгон. Мунун натыйжасында дыйкандар менен малчылардын эмгекке болгон кызыкчылыктары өтө төмөндөп кеткен. Мындан тышкары айыл чарбасы материалдык-техникалык жабдууларды албай калган. Айыл чарбасындагы бюрократтык буйрукчул башкаруу өтө күчөгөн.

Төртүнчү беш жылдык планда айыл чарбасын калыбына келтирүү жана андагы начар абалды оңдош үчүн да конкреттүү чаралар белгиленген. Биринчи кезекте кескин түрдө кыскарып кеткен айдоо аянттарын калыбына келтирүү, азайып кеткен малдын башын өстүрүү керек эле. Беш жылдык план боюнча 1950-ж. чейин жылкынын санын 490 миңге, уйдукун 560 миңге, кой-эчкини 4,3 миллионго, чочкону 600 миңге жеткирүү каралган.

1946-1950-жж. Кыргызстанда Бүткүл союздук директивалык органдардын чечимдерин аткаруу боюнча иштер жүргүзүлгөн. Атайын түзүлгөн комиссиянын чечими менен 1947-ж. республиканын колхоздоруна 38,6 миң га жер, 2416 жылкы, 665 уй, 20,2 миң кой жана эчки, 3,3 млн сом акча кайтарылып берилген.

Ушул эле жылдары союздук өкмөт Кыргызстандын айыл чарбасын көтөрүүдө маанилүү роль ойногон чечимдерди кабыл алган. 1946-ж. февралда СССРдин ЭКСи «Кыргыз ССРинин айыл чарбасын өнуктурүүнун чаралары жөнундө». 1949-ж. февралында «Колхоздор менен совхоздордо пахтачылыкты мындан ары өстурүунун чаралары жөнундө» токтомдорду кабыл алган. Ушул токтомдорго ылайык республикага кошумча тракторлор, комбайндар, айыл чарба машиналары, аларга керектүү запастык бөлүктөр, минералдык жер семирткичтер кошумча бөлүнгөн. Мындан тышкары мамлекет республиканын колхоздоруна акчалай жардам берген.

Төртүнчү беш жылдыкта өлкөнүн эл чарбасында, анын ичинде айыл чарбасында, директивалык пландарды аткарууда социалисттик мелдешти уюштуруу ишине өзгөчө көнүл бурулган.

Ош областынын Араван районунун  «Коммунизм” колхозунун звеньевою Алля (Алла) Анаров 1948-ж. 6 га жердин гектарынан 109 ц, 1049-ж. 88 ц, ал эми 1950-ж. 10 гектар жердин ар гектарынан 74,5 ц түшүм алган. Бул учүн ал эки жолу (1948 жана 1951-жж.) Социалисттик Эмгектин Баатыры болгон. Сокулук районунун Калинин атындагы колхозунун звеньевою Зууракан Кайназарова 1947-ж. 15 гажердин гектарынан 971 ц кант кызылчасын өстүргөн. 1952-ж. болсо 25 га жерден 1000-1100 ц түшүм чогулткан. Эмгеги үчүн ага 1947-ж. Социалисттик Эмгектин Баатыры наамы ыйгарылган.

Айыл чарба өндүрүшүн уюштурууда, пахтачылыктын түшүмүн көтөрүүдө Өлмөскан Атабекова өзгөчө кайратмандыкты көргөзгөн. Бул эмгеги үчүн ал 1957-ж. Социалисттик Эмгектин Баатыры наамына татыктуу болгон.

Бул жылдары өндүрүштөгу ийгиликтери үчүн Кыргызстандын 47 айыл чарба устаттарына Социалисттик Эмгектин Баатыры деген наам ыйгарылган. 517 айыл эмгекчилери СССРдин орден жана медалдары менен сыйланышкан.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор