КЫРГЫЗДАР ТУУРАЛУУ ЭҢ БАЙЫРКЫ МААЛЫМАТТАР

Кыргыздар Орто Азиядагы эң байыркы элдердин катарына кирет. Азыркы кезде Орто Азияда жашап жаткан элдердин ичинен тарыхта аты мынчалык эрте кезиккен бир дагы эл болбоо керек.

Моңгол мезгилине чейинки Орто Азиянын чыгыш бөлүгүнүн тагдыры жөнүндөгү маалыматтардын дээрлик бардыгы официалдуу кытай историографиясынын чыгармаларынан алынган. Аларда эл аталыштары, анан да адамдардын, жерлердин энчилүү аттары, албетте, кытай иероглифтери менен транскрипцияланып берилген. Кытай тексттерин которгондо орус илимпоздору адатта иероглифтердин азыркы пекиндиктердин тилиндеги, батыш европалык окумуштуулар болсо «мандарин» тили деп аталган кытай адабий тилиндеги айтылышын жетекчиликке алышкан; мындан тышкары, кытай изилдөөчүлөрүнүн айрымдары тигил же бул иероглифтер ошол эстелик таандык болгон мезгилде кандай окулгандыгын тил илиминин маалыматтарынын негизинде аныктоого аракеттенишкен; ушуга байланыштуу кээде кытайлар эскерген элдердин этнографиялык жактан келип чыгуу маселелери такталган. Бул очеркте Батыш Европа синологдорунун ичинен көбүнчө Хирттин макаласына (Fr. Hirth) «Nachworte zur Inschrift des Tonjukyk » (1899), Шаванндын эмгегине (E. Chavannes) «Documents sur les Tou-kiue » (1903) жана де Гроттун эмгегине (M. De Groot) «Die Hunnen der vor christlichen Zeit» (1921) шилтемелер берилет.

Орто Азиянын элдери жөнүндө орус тилиндеги кытай маалыматтары кечил Иакинфтин (Бичурин) X кылымга чейинки мезгилди камтыган «Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена» (1851) аттуу эмгегинде топтоштурулган. В. П. Василевдин «История и древности восточной части Средней Азии от X до XIII века» (1857) аттуу эмгеги бул эмгектин уландысы катары кызмат кылышы керек болучу.

Кытай официалдуу историографиясынын мезгил боюнча эң алгачкы эстелиги болуп «Кытайдагы тарых атасы» Сыма Цяндын «Тарых запискалары» (Ши-цзи) эсептелет, ал өзүнүн эмгегин б.з.ч. 99-ж. жазып бүткөн. Ушул мезгилде Кытайдын түндүк тарабындагы коңшусу Орто Азия тарыхында алгачкы катары белгилүү болгон, кеңири аймакты ээлеген көчмөн империясын түзгөн хунндар (Hiung-nu) болгон; кытайлар өздөрү хунндарды адетте түрк тектүү элдер менен жакындатышкан; акыркы мезгилге чейин европалык илимпоздордун көпчүлүгү да хунндар түрктөрдөн чыккан деп эсептешкен, бирок Орто Азия жөнүндөгү кытай маалыматтары боюнча азыркы адис профессор Пельо (Pelliot) хунндар моңгол тегинен чыккан деген мурунку теорияга кайрылууга ынтызар. Баса, Сыма Цяндын айтканына караганда, хунндар, сыягы, б.з.ч. 201-ж. түндүктө Гэгунь (де Гроттун транскрипциясында (Kik=k’un) падышалыгын каратып алышат. Кытайлардын өздөрү, ошондой эле европалык да окумуштуулар бул транскрипцияны кыргыз деген сөздү билдирүү үчүн пайдаланылган бөлөк транскрипциялар менен жакындаштырышат, демек б.з.ч. 201-жылдагы окуялар жөнүндөгү кабарлар мезгил жагынан алганда кыргыздар жөнүндөгү маалыматтардын эң алгачкысы делип эсептелүүгө тийиш. Бул транскрипцияны башкача түшүндүрүүгө да аракеттенишкен; биз азыр көрүп тургандай, Гянъ түрүндө айтылган биринчи муундан «Кем» дарыясынын аталышын, экинчи муундан болсо, «Орхон» дарыясынын атынын берилишин көрүшкөн, ошондуктан Енисей менен Орхондун ортосундагы аймакты кытайлар ушундай атаган деп болжошкон. Чынында Енисейди түрк элдери дайыма «Кем» деп атап келишкен, бирок кытайлар бул Сөздү жазууда кыргыз деген аталыштын биринчи бөлүгүн жазууда колдонулуучу иероглифти эмес, башка иероглифти колдонушкан. Экинчи бөлүгү, чынында, кийинчерээк Орхон дарыясынын атын жазууда колдонулуучу иероглиф менен берилгендиктен, кытайлар кыргыз элинин атынын акырында мурунчул тыбыш айтылып жаткандай сезишкен деп ойлоого болот. Пельонун ою боюнча, биз бул жерде кыркун деген сөздүн жекелик түрүнө гана ээ болуп жатабыз. Анткени кытайлар кыргыздар жөнүндө коңшусу хунндар аркылуу билишкен окшойт, эгер ушундай болсо, Пельонун бул элди моңголдордон чыкты деген пикири тастыкталмак.

Б.з.ч. 201-жылдагы окуялар тууралуу аңгемеде кыргыздар ээлеген аймактар, алардын турган жерлери жөнүндө да эч нерсе айтылбайт; ошондой болсо да, кыргыздар менен кошо, албетте, алардын коңшулары катары «енисейлик остяктар» деп аталган элдин бабалары делген динлин (Ting Ling) эли аталат. Ушунун негизинде кыргыздар ошол убакта эле кийинки мезгилдердегидей Енисейде жашашкан деп эсептөөгө болот.

«Улуу Хань тарыхынан» (б.з.ч. 206-ж. — б.з. 25-ж.) өтө аз болсо да, бир топ географиялык маалыматтарды таба алабыз; анын автору Бань Гу б. з. 92-ж. өлгөн. Б.з.ч. I кылымдын экинчи жарымындагы окуялар жөнүндөгү аңгемеде кыргыздар гянъгунъ  (Шаваннда Kien koen, де Гротто Kin-k’un) деген аталыш менен эскерилет. Хунндардын падышалык кылган тукумунун өкүлдөрүнүн бири батышка, усун элинин ээликтерине коңшулаш өлкөгө журт которуп кеткен, автор усундар жөнүндө хунндардын батыштагы коңшусу жана душманы катары башка жерлерде да көп эскерет. Ал усундар өлкөсүнүн турган жерин абдан так аныктаган, анын борбору Ысык-Көлдүн түштүк тарабында жайгашкан, ал батыш тарабынан Фергана менен чектешкен, чыгышында Эби-Нор көлүнөн чыгышты карай жана Шихо шаарынан батыш тараптагы жерлерди камтыган. Хунндардын жакындап келип калганын уккан усундар аларга каршы 8000 кишиден турган отряд жөнөткөн; бул отрядды хунндар, кыязы, усундардын ээлеген жеринде эмес, андан ары чыгышыраак жакта талкалашкан окшойт. Усундарды жеңип, хунндар түндүккө угэ элине каршы, ал жерден батышка гяньгунь элине каршы, ал жактан түндүккө динлин элине каршы аттанышкан; ушул «үч падышалыкты» бүт багындырып алып, хунндар аскерлерин усундарга тез-тез жиберип турушкан жана дайыма жеңишке ээ болуп турушкан. Хунндардын кол башчысы Гэньгунь өлкөсүндө бир нече убакыт жашаган, андан кийин усундардын батыштагы коңшусу, ээлеген жерлери Фергананын түндүк-батыш тарабына чейин жеткен каңгүйлөр (каңгүй, Шаваннда K’angөkiu, де Гротто K’ang-ki) менен союз түзгөн. Хунндар каңгүйлөрдүн биздин өлкөгө өтүп келгиле деген чакыруусун кабыл алышып, бараткан жолдо алар чоң жоготууларга учурашкан (3000 аскери гана аман калган), ошондой болсо да алар эң чоң падышалыкты негиздөөгө жана усундарды катуу жеңилишке учуратууга жетишкен. Бул падышалыкты б.з.ч. 36-ж. кытайлар батышка жиберген аскерлер талкалап жок кылган, хунндардын падышалыкты негиздеген жол башчысы өлүм жазасына тартылган.

Гяньгунь өлкөсү жөнүндө ал хунндардын (Орхондогу же Толедеги) бай тактысынан 7000 ли (ли — ошол мезгилде X верста) батыш тарапта жана Чешиже Гусу аймагынан, б.а. Кытай Түркстанынын чыгыш бөлүгүндөгү азыр Турпан шаары турган аймактан 5000 ли түндүк тарапта жайгашкандыгы да айтылат. Кийинчерээк мусулман географтары да Турпандын жанынан түндүктү карай Енисейдеги кыргыздардын өлкөсүнө кеткен жолду баяндап жазышканын көрөбүз. Кытайлар белгилеген аралык чындыкка жакын болсо, анда кыргыздар Енисейде гана эмес, андан түштүгүрөөктө, азыркы Кыргыз-Нор (нор же нур моңголчо — ‘кол’) көлү тушта да жашашы мүмкүн; менин билишимче, көлдүн качан жана эмне үчүн мындай аталып калгандыгы жөнүндө маалымат жок. Эмнеси болсо да өткөн окуялар Гяньгунь өлкөсү усундар өлкөсүнөн чыгышыраакта жайгашкандыгын көрсөтүп турат жана аңгемеде кокусунан кеткен жаңылыштыктын негизинде гана хунндардын Гяньгунь өлкөсүнөн Каңгүй өлкөсүнө журт которушу айтылганда усундар жөнүндө эскерилбей калган; ушул жолдо келаткан хунндарга усундар кол салып, аларды көп жоготууларга учураткандыгы шексиз. Бань Гунун байкабастыгы менен кеткен ката Вей сулалесинин (220—264) тарыхынын б.з. III кылымында жазган автору Юй Хуанды чаташтырып салган; ал Гяньгунь өлкөсүн Каңгүй өлкөсүнө жанаша, ал түгүл анын түндүк-батыш тарабына жайгаштырат. Динлиндер өлкөсүн ал Каңгүй өлкөсүнүн түндүк тарабына жайгаштырып, ошол эле жерде өзүнүн айтканына каршы болуп, Гяньгунь өлкөсү бөлек эки «падышалыктын» ортосунан орун алгандыгын айтат. Мындай каталар де Гротту да адаштырган.

Гяньгунь өлкөсүндө жана башка түндүктөгү өлкөлөрдө акимдер хунндарга кызмат көрсөтүүгө өтүшкөн кытай тегиндеги төрөлөрдөн дайындалганы жөнүндө да айтылат; бирок бул маалыматтар так даректерге негизделген эмес өңдөнөт. Б.з.ч. II кылымдын эң акырында көчмөндөрдөн чыккан төрө Вэй Люй хунндар тарапка өткөн, ал өз учурунда кытайда билим алган жана Кытайда кызмат аткарган, ал жактан хунндарга элчи кылып жиберилген. Тан сулалесинин (618—907) XI кылымда түзүлгөн тарыхында Вэй Люй динлиндерге падыша болуп дайындалгандыгы айтылат; бирок да улуу Хань тарыхында бул тууралуу ачык айтылбайт. Узак убакыт бою хунндарга каршылык көрсөткөн кытай кол башчысы Ли Лин алардан талкалангандан кийин б.з.ч. 99-ж. хунндарга кызматка өткөн; ал 74-ж. хунндар өлкөсүндө өлгөн, ошондон кийин хунн төрөлөрүнүн арасында анын уулу эскерилет. Иакинфте ушул жердин котормосуна эскертүүдө «Ли Лин хунндарда калган жана Хягас (хягас — Тан сулалесинде колдонулган кыргыз ц,еген сөздүн транскрипциясы) жерин ээликке алган, ал жерде анын тукумдары дээрлик Чыңгыз-хандын мезгилине чейин падышалык кылышкан деп айтылат. Тан сулалесинин тарыхынан уйгур кагандыгын 840-жылы талкалап жок кылган жана өзү 847-ж. өлгөн кыргыз каганы Ли Линдин тукуму болгон деп эсептелгендиги гана белгилүү. Тан сулалеси да Ли чыккан уруудан болгондуктан, 841-жылкы сүйлөшүүлөрдүн учурунда кыргыз каганы Кытайдагы башкаруучу сулаленин тууганы катары таанылган. Анын атын падыша тукумунун катарына кошмокчу болушкан, бирок кийин «Хягас анчалык чоң уруу эмес, ошондуктан Тан тукумуна теңеле албайт» деп кайра баш тартышкан.

Кыргыз элинин б.з. алгачкы беш кылымындагы тагдыры жөнүндө эч кандай маалымат жок сыяктуу. Б.з. I кылымынын акырында хунндар мамлекетинин кулашы жана үстөмдүктүн кытайлар сяньби деп атаган элге өтүшү кыргыздарга кандай таасир тийгизгендиги таптакыр белгисиз (сяньбилерди ушул кезге чейин адатта тунгустар деп эсептешкен; Ленинградда окуган лекциясында Пельо сяньби типинин кытай сөздүгүнө таянып, аларды түрктөр деп атаган; басма сөздөн мен бул сөздүк жөнүндө маалымат кезиктире албадым). V кылымда гана түзүлгөн «Кичи Хань тарыхында» (25—220) сяньбилердин падышасы Тань-шихай (181-ж өлгөн) «түндүктө динлиндерди токтотуп, батышта усундарды талкал аган жана хунндар мамлекетине таандык жерлердин баарын ээлеп алган»деп айтылат. Динлиндер менен күрөшү жөнүндөгү сөздөн кийин Таныпихай динлиндердин түштүктөгү коңшулары кыргыздардын жерлерин ээлеген деп ойлоого аргасыз кылат. Бул тарыхта кээде биз алардын түштүгүндөгү коңшуларын кезиктиребиз деп күткөн жерде динлиндер тууралуу айтылып калат. Ухуань элин кытайлар «чыгыштын варварларына» (дун ху) кошушкан, алар кайсы бир убактарда хунндардын чыгыш тарабындагы Гоби чөлүнөн түндүктү карай мекендеген коңшулары болгон; ошол эле учурда ухуандар ууру-кескилерди кабыл алган бул чөлдү кытайлар динлиндердин түштүк-батышында жана усундардын түндүк-чыгышында да жайгашкан деп айтышат; мындан тышкары, б.з. Башында кытайларда түзүлгөн согуштук аскер кошуундарынын курамына динлиндер менен ухуандар чогуу киришкендиги айтылат.

II кылымдан кийин динлиндер эскерилбейт, ошондой эле көчмөн түрк-огуздардын мамлекети түзүлгөн VI кылымдын так өзүнө чейин кыргыздар жөнүндө да маалымат жок.