ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ

ДЕМОГРАФИЯЛЫК САЯСАТ – социал-экономикалык саясаттын бөлүгү. Д. с. мамлекеттик же аймактык болушу  мүмкүн, негизги мазмуну, элдин таралыш жана жайгаштыруу процессине таасир берүү. Бул мыйзамдар жана шарт түзүү  аркылуу ишке ашырылат. Д. с-тын натыйжасы мамлекеттик статистикада катталат. Д. с-тын негизги багыттары –  калктын көбөйүшү жана миграция, эмгек ресурстарынын составы жана структурасы, эмгекке орноштуруу, калктын иш  менен камсыз болушу ж. б.