КАНТ Иммануил

КАНТ Иммануил (1724–1804) – немец философу. Граждандык коом жөнүндөгү түшүнүктү андан ары кеңитти. Канттын  социалдык-саясий көз карашы Руссонун таасири менен калыптанды жана элдин жогорку бийлиги (элдик суверенитет)  жөнүндөгү идеяны өнөктүргөн. Анын граждандык коомду түшүндүрүүсү диалектикалык мүнөзгө жакын. Адамдын  натурасындагы карама-каршы сапатты: батпай калууну, кекирейүүнү, тартып алууга суусагандыкты изилдейт, бирок  ошол эле мезгилде макулдашууга умтулуу бар экендигин негиздейт. Мына ушул маселелерди чечүүдө Кант граждандык  коомдун керектигин айткан болчу. Канттыкы боюнча граждандык коом төмөнкү принциптерге негизделген: а) коомдун  мүчөсүнүн адам катары эркиндиги; б) анын букарасы катары башкалар менен барабар теңдиги; в) граждан катары  коомдун мүчөсүнүн өз алдынчалыгы.