ЖАКЫНКЫ ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДӨГҮ КЫРГЫЗДАР

Кыргыздар Фергана өрөөнүндө байыртадан эле байырлап андагы көп улуттун өкүлдөрү, өзгөчө өзбектер, кыпчактар, тажиктер менен бирге жашап келгени белгилүү. Фергана чөлкөмү XVIII к. баштап өз алдынчалыкка ээ болуп, андагы бийлик 1709-ж. Шахрух бийдин колуна өтүп, ал Кокон хандыгынын негиздөөчүсү болуп калат. Ушундан тартып Россия басып алганга чейин бул чөлкөмдөгү бийликти Кокон хандыгы жүргүзгөнүн билебиз. Адегенде Фергананын түздүгүндө, кийин тоолорунда жашаган кыргыздар Кокон хандыгынын туруктуу калкына айланган жана бул хандыктын коомдук-саясий турмушуна таасирдүү катышкан.

Ферганалык кыргыздар XIX к. баштап Кокон хандыгынын жогорку хандык бийлигин да өз колунда кармап турууга аракеттенишип, ал максатын жүзөгө ашырышкан. Буга кыргыздардын тарбиясы менен Таласта эр жетип, Нүзүп баш болгон кыргыздар менен кыпчактардын колдоосу менен Шералынын хан көтөрүлүшү күбө.

1897-ж. статистикалык маалымат боюнча Фергана чөлкөмүндө 424 миңдей кыргыздар жашап, андагы калктын 30 процентин түзгөн. Алардын көпчүлүгү өздөрүн Ферганада байыртадан эле жашаган туруктуу калк катары эсептешкен. Айрымдары болсо Чыгыш Түркстандан, Теңир-Тоодон, Таластан ж. б. жерлерден көчүп келип жашап калышкан. Ферганадагы кыргыздардын жакада жашагандары дыйканчылык, ал эми тоолуу өрөөндөрдө жашагандары мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан.

Совет бийлигинин улут саясатынын натыйжасында 1924-ж. Орто Азия чөлкөмү улуттук мамлекеттүүлүктөргө бөлүнөт. Бул маанилүү иште бул чөлкөмдө жашаган этностордун кызыкчылыктары толук эске алынбай, субъективдүүлүккө, баш аламандыкка жол берилет. Натыйжада байыртадан эле кыргыздар мекендеп келген Самарканд, Анжиян, Наманган, Фергана өрөөнүнүн көггчүлүк бөлүгү Өзбекстандын чегине кирип калган. Кыргызстандын элинин чек араларды тактоо, кыргыздар мекендеп келген жерлерди Кыргызстанга кошуу жөнүндөгү талаптарына Совет бийлиги көңүл бурган эмес. Ошентип, кыргыздар жерлери менен коңшулаш Өзбекстандын калкына айланган. Учурда кыргыздар Өзбекстандын дээрлик бардык областтарында жашашат. Алардын басымдуу көпчүлүгү Анжиян, Наманган, Фергана, Жызак, Кокон, Ташкент, Самарканд, Сыр-Дарыя областтарында турушат. Кыргыз айылдарынын көпчүлүгү тоолуу райондордо жайгашып, кыргыз тилинде аталат.

Соңку маалыматтар боюнча Өзбекстанда 175 миңдей кыргыз бар. Анда жашаган кыргыз балдары үчүн 40тан ашуун кыргыз тилиндеги мектептер иштейт. Алар үчүн окуу китептери, окуу куралдары Кыргызстанда даярдалат.

Дүйнөдөгү эң бийик Памир тоолорунун, асман тиреген чокуларынын арасын, өзөндөрүн, кокту-колотторун кыргыздар байыртадан эле мекендеп келишкен. Анткени Памир тоолору Кыргызстандын азыркы чек арасы менен эле туташ жатат.

Тарыхый булактарда 1635—1636-жж. Кара-Корум менен Керөлөңдү мекендеп жүргөн он эки мин түтүн кыргыз КараТегин аркылуу Гиссарга келгендиги эскерилет. Мындан кийинки кыргыздардын Памирге көчүп келиши ойроттордун чабуулу менен байланыштуу. Ойроттордун чабуулунан улам Кара-Тегинге көчүп барган 100 миң түтүндөй кыргыздар Бухара хандыгына караштуу Гиссар, Куляб, Памир, Түндүк Индия жана Кашкарга чейин барган. Калмактар кыйрагандан кийин качкан кыргыздардын негизги бөлүгү Теңир-Тоого кайтышып, бир аз тобу ошол тарапта калып калышса керек.

XIX к. Памирди Кокон хандыгы, Кашкар эмири жана Афганстандагы Вахап акими бөлүп алышкан. Анда жашаган кыргыздар да формалдуу түрдө үчкө бөлүнүп калган. Бирок кыргыздар үч ээликтин бирине да баш ийбестен, өздөрүн Памирдин мыйзамдуу кожоюндары катары сезишкен.

Памирлик кыргыздардын эркиндик үчүн күрөшүн көп жылдар бою Сахип Назар жетектеген. Кокон хандыгы аны өзүнө тартуу максатында ага датка мансабын ыйгарган. Афган эмири болсо кээде Сахип Назарга жардам сурап кайрылып турган. Жайкысын ал асман тиреген тоолордогу жайлоолорго көчүп, кышкысын адамдар жете алгыс Кузары дарыясынын куймасындагы кыштоосунда жашаган. Кайсы бир жылдары Алай жайлоолоруна жайлаган. Ал өзүнүн колу менен афган эмиринин аскерлерине, орус баскынчыларына бир нече жолу сокку урган. Андан афган эмири да, орустар да чочулап турган. Памир аймагын 1890-жж. Россия басып алган соң Сахип Назар колго түшүрүлүп, «каракчы» катар атылган. Чындыгында, ал өз элинин эриндиги, көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн кыргыздын өз мезгилиндеги чыгаан уулдарынын бири болгон.

Совет бийлигинин жылдарында Тажикстанга карап калган кыргыздар ал республиканын төрт (Жерге-Тал, Мургаб, Шаартуз, Яал) районуна бөлүнгөн. Тажикстандык кыргыздар Кыргызстандын Лейлек, Чон-Алай, Кадамжай, Баткен райондорунун эли менен уруулаш эл. Акыркы маалыматтарга караганда Тажикстанда 106 миңден апгуун кыргыздар жашашат. Алар жашаган жерлерде кыргыз мектептери бар.

Окуу китептерин Кыргызстандан алышат. Тажикстандык кыргыз орто мектептерин бүткөн жаштардын айрымдары Кыргызстандын жогорку жана атайын орто окуу жайларынан бнлим алышат. Совет доорунда ал жакка кыргыз мугалимдер көп жиберилип турган.

1990-           ж. Тажикстанда башталган граждандык согуш кыргыздарга да көп кыйынчылыктарды алып келди. Согуштан азап чегишкен айрым адамдар Кыргызстанга көчүп келип туруп калышты. Согуш басылган соң алардын айрымдары кайра кайтууда.

Азыркы Россия Федерациясында жашаган кыргыздардын бир тобунун тамыры тереңге орто кылымдардагы Енисей кыргыздарына барып такалат. XVIII к. башында Енисей дарыясынын жогорку агымдарында орустар басып алган кыргыздар орто кылымдардагы Енисей кыргыздарынын урпактары болгон. Бул жерде жашаган кыргыздар жөнүндөгү маалыматтар орустардын 1567-1583-жж. жазылган тарыхый документтеринде кездешет. Аларда Енисей дарыясы кыргыз жеринин так ортосунан агып өтөрү, аларды княздар башкарары, аларга жакын жерлерде калмактар жашары жазылган. Тарыхый маалыматтар боюнча XVII к. Енисейде болжол менен 7 миңдей түтүн кыргыздар жашаган. Алар негизинен көчмөн мал чарбачылыгы менен кесип кылышкан.

XVII к. аягында орустар Сибирди басып алуу саясатын күчөтүп, азыркы Томск жана Красноярск шаарларынын ордуна чеп курушкан. Ал жерде жашаган кыргыздарды орустар түштүктү карай сүрүп салган. Сүрүлгөнүнө карабастан кыргыздар түндүктөгү жерлерин Кыргыз жери деп аташып, орустарга такаЙ доомат коюп, аларга кол салып, орус дыйкандарын талап-тоноп, эгиндерин, үй-жайын өрттөп кетип турушкан.

Енисейлик кыргыздардын орус баскынчыларына каршы күрөшүн кайраттуу жана акылдуу князь Эренек жетектеп, орустарга каршы бир нече жолу кыйраткыч сокку урат. 1678-ж. Эренек Красноярскиге кол салат. Орустардын 20дан ашуун кыштактарын өрттөп, орус аскерлеринин бир тобун туткундап алат.

Эренек акыркы жолу касташып жүргөн монголдор менен 1687-ж. салгылашып курман’боЛот. Эренектин көз карандысыздык үчүн күрөшүн анын уулу Корчун уланткан.

1701-ж. орус аскерлери, казак-орус отряддары менен бекемделип, кыргыздар менен Красноярскиге жакын жерден беттешет. Айыгышкан салгылашта кыргыздар чоң жеңилүүгө дуушар болуп, талкаланат.

Енисейлик кыргыздардын орус баскынчыларына каршы күрөшү бир кылымга созулуп, бул жоокер элдин кайраттуулугу орус падышачылыгын бир топ сестенткен. Енисейдеги кыргыз жерлери Россияга 1708-1720-жж. аралыгында биротоло кошулган. Кыргыздарды жеңген сон, алардын жаңы жогорулашынан чочулаган падыша өкмөтү Енисейлик кыргыздардын бир бөлүгүн Алтайга көчүрүп жиберген.

Падыша өкмөтү Енисейлик кыргыздарды багынтып алган соң аларга каршы колониялык катаал саясат жүргүзгөн. Аларды зордук жолу менен христиан динин кабыл алууга, адам аттарын орусча когоуга мажбурлаган. Мунун натыйжасында кылымдар бою өздөрүнүн «кыргыз» деген атын, өзгөчөлүгүн сактап келген эл акырындык менен башка элдер менен ассимиляцияга кирген.

Совет бийлигинин соңку жылдарындагы эсеп боюнча Россия Федерациясынынаймагында 40 миндей кыргыз жашаган. Азыркы учурда Россиянын көпчүлүк шаарларынын базарларында соода кылган кыргыздар бар. Алардын айрымдары ал жакта туруктуу жашашат. Так эмес маалыматтар боюнча азыркы учурда Россияда убактылуу жашаган кыргыздар 500 миңден ашат.

2002-жылдын 28-30-августунда Чолпон-Ата шаарында кыргыздардын дүйнөлүк II курултайы өткөрүлүп, ага 22 мамлекетте жашаган кыргыздардан 200 жакын делегаттар катышты. Бул курултай 1992-ж. августа Бишкекте өткөн кыргыздардын дүйнөлүк I курултайы сыяктуу эле дүйнөнүн аркайсы мамлекеттеринде жашап жаткан кыргыздардын байланышын чыңдап, рухун көтөрүп ынтымагын бекемдеди.

Эгемендүү Кыргыз Республикасы өзүнүн атуулдарынын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө барып билим алуусуна, эмгектенишине, башка өлкөнүн граждандык статусун алуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Кыргыз Республикасы төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган кыргыздардын тиреги жана үмүтү. Кыргыз Республикасы өзүнүн граждандарынын кызыкчылыктарын дүйнөнүн кайсы жеринде болсо дагы коргой тургандыгын өзүнүн Конституциясында бекемдеген.

 

 

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор