ТҮРГӨШ КАГАНДЫГЫ (704-766-жж.)

VIII к. баш ченинде Батыш Түрк кагандыгынын урандыларында Түргөштөрдүн мамлекети пайда болду.

Түргөштөр «он ок элинин» дулу конфедерациясына киришкен жана Чүй менен Иле дарыяларынын аралыгын ээлеп турушкан. Алар «сары түргөш» жана «кара түргөш» урууларына бөлүнүшүп, төбөлдөрү өз ара атаандашып турушкан.

«Сары» түргөштөрдүн уруу башчысы Үч-элиг каган (704706-жж.) жаңы династиянын негиздөөчүсү болуп калган. Ал Суяб шаарын ээлеп, анда өзүнүн башкы борборун түзгөн. Түргөштөрдүн бийлиги алдындагы жерлер Сыр-Дарыянын орто агымынан Иртыш суусунун баш чагына чейин созулуп жатчу. Үч-элиг каган өзүнүн жеринде жыйырма чөлкөм түзгөн, алардын ар бири жети минден аскер берип туруучу. Түргөштөрдүн бийлиги Чыгыш Түркстанга да тараган.

Үч-элигдин ордун анын уулу Сакал каган (706-711-жж.) ээлейт. Ошол учурда мамлекеттин абалы татаал болчу. Ага түштүктөн Таң империясынын аскерлери, чыгыштан өзүлөрүнүн кагандыгын калыбына келтирип алышкан түрктөр, түштүк-батыштан араб баскынчылары коркунуч түзүп турушкан. Сакал каган бардык тараптагы коркунучтун мизин кайтарууга аракеттенген.

 

Чыгыш түрктөрү 679-ж. көтөрүлүш чыгарышат да, натыйжада Таң империясынын эзүүсүнөн кутулушат. Кыймылдын башында Ашияа династиясынын мүчөлөрүнүн бири турган. Экинчи жолу түзүлгөн Чыгыш Түрк кагандыгы эн жогорку күч-кубатына Калаган кагандын тушунда (691-716-жж.) жеткен. Ал зор жана күчтүү армияны түзөт. Ага таянып, түрк акимдери өзүлөрүнүн түпкү ата-бабалары Бумын жана Истеми кагандардын мамлекеттеринин чек араларын калыбына келтирүүгө аракет кылып көрүшөт.

710-ж. үчилтик коалиция бул умтулуулардын жолунда олуттуу тоскоолдук болду. Ага Таң Кытайы, Енисейдеги Кыргыз жана Теңир-Тоодогу Түргөш кагандыктары кирген болучу. Союздаштардын чыгыш түрктөрүнө каршы биргелешкен чыгуусу 711-ж. белгиленген эле. Чыгыш түрктөрдүн Капаган каганы амалдуулук кылып, союздаштарга биринчи болуп сокку урмай болот. Мына ошол максатта ал тынчтык келишимин түзүү менен Таң мамлекетин бейтарапташтыра алат. Андан кийин Саян аркылуу кышкы оор жортуулда чыгыш түрктөрү Енисейдеги кыргыздарды талкалашат. (бул жөнүндө кийинки темада кеңири баяндалат). Убакытты текке кетирбестен Капаган жолсуз жер менен өзүнүн аскерлерин Алтай аркылуу жашыруун жиберип, аларды Иртыш суусунан өткөрөт. Иртыштан батышка карай өткөөлдүн бириндеги Болучу деген жерде чыгыш түрктөрү түргөштөрдүн сандаган армиясынын таш-талканын чыгарган. Сакал каган колго түшүрүлүп, асылып ташталган. Түргөпггөрдүн жерлери убактылуу Экинчи Түрк кагандыгынын курамына өткөн.

716-ж. канкор-баскынчы Калаган өлтүрүлгөн болучу. Тактыга анын жээни Билге каган (716-734-жж.) отургузулган. Ал жыйырма жылча кол баштап Енисейден Орто Азияга чейин тынымсыз жортуулдарды уюштуруп турган.

720-ж. тартып Чабышчор Сулук каган арабдарга каршы бир нече жортуул жасайт. Күрөштүн жүрүшүндө арабдарга каршы коалиция түзүлүп, ага Фергана, Чач (Ташкент оазиси) жана Түргөш каганаты кирген. Союздаштардын күч-аракеттерин көп убактарга Согдиянын калкынын көтөрүлүштөрү колдоп турган, арабдар бир катар жеңилүүлөргө учурап, 728-ж. Согдияны таштап кетүүгө аргасыз болушкан. 734-735-жж. чейин арабдар Согдияны басып алууга эч кандай аракеттерди жасаган эмес.

Чабышчор Сулук башчылык кылган түргөштөр Чүй өрөөнүнөн чыгышып, Хутталга 17 күн дегенде жетет. Мында алар арабдарды талкалашып, алардын жүктөрүн (оруктарын) бүт бойдон колго түшүрүп алышат. Арабдар Хорасанга чегинишет. Душмандын алсыраган бытыранды аскерлери жецил олжо болот деп эсептеген каган 737-ж. кышында чакан күчтөр менен Хорасанга басып кирет. Бирок олуттуу коркунуч алдында, араб аскерлери өзүлөрүнүн мыкты сапаттарын көрсөтүшүп, тез арада топтошуп, түргөштөргө кыйратуучу сокку урушкан. Каган аз жерден колго түшүп кала жаздап, калган аскерлери менен Чүй өрөөнүнө кайра кайтып келген.

Бул жеңнлүү Сулуктун өмүрүнө татыган. Адамдарынан ажыраган жана материалдык жактан жоготууларга туш келген түргөш төбөлдөрү женнлүүгө Сулук себептер деп эсептешкен. Ызага чыдабаган Сулук шал болуп, жатып калат да, 738-ж. өлөт.

Кагандын өлүмү «кара түргөштөр» менен «сары түргөштөрдүн» ортосунда бийлик үчүн узакка созулган күрөштүн башталышына, шылтоо болгон. Бул ички чыр-чатак мамлекетти алсыраткан. Учурдан пайдаланып, VIII к. орто ченинде кагандыктагы бийликти карлук уруулары тартып алган.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор