ЖАРЛЫК

Жарлык мамлекет башчысы тарабынан чыгарылуучу ченемдик же
индивидуалдык акт болуп саналат. Жарлык менен мамлекеттик орден, медалдар, ардак наамдар, дипломатиялык рангдар ыйгарылат, өлкөгө өзгөчө кырдаалдар киргизилет ж.б. Жарлык жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат. Бул иш кагаздары ар түрдүү министрликтер, ведомстволор жана башка мекеме, уюмдар тарабынан жетекчиликке жана аткарууга алынат. Бул иш кагаздарында мамлекет менен өкмөттүн маанилүү маселелери, мисалы, жогорку кызматтагыларды кызматка дайындоо же кызматынан бошотуу чагылдырылат. Жарлыкта тиешелүү  маалым даректер көрсөтүлөт.

 

ҮЛГҮ:

 

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын аталышын
өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин
ЖАРЛЫГЫ
Республиканын саламаттыкты сактоо системасынын жана медициналык илиминин өнүгүшүнө жана калыптанышына сиңирген эмгегин, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды даярдоого кошкон зор салымын эске алып, ошондой эле коомчулуктун Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына академик
Ахунбаев Иса Коноевичтин ысмын берүү жөнүндө сунушун колдоп жана анын 100
жылдыгынын урматына токтом кылам:
1. Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына академик Ахунбаев Иса
Коноевичтин ысмы берилсин жана мындан ары «И. К. Ахунбаев атындагы
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы» деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө: – жогоруда аталган
окуу жайына И. К. Ахунбаевдин ысмын берүү менен байланышкан маселелерди чечсин; – өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына кѳзѳмѳлдүк кылуу милдети Кыргыз
Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык
жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.