ЖУМАГУЛОВ МААМЕТАЙЫП

ЖУМАГУЛОВ Мааметайып (1949-ж. т., Нарын обл., Акталаа р-ну, Карабүргөн айылы) — философия илимд. доктору (1994), проф. (1997). Пржевальск мамл. пед. ин-ттун физика-математика факультетин бүткөн (1970); 1970-73-ж. о. эле ин-ттун философия ж-а ил. коммунизм кафедрасында окутуучу. 1973-76-ж. КМУда аспирант. 1976-91-ж. Кырг-н УИАнын философия ж-а укук ин-тунда кенже улук, жетектөөчү ил. кызматкер, 1992-жылдан экологиянын философиялык маселелери бөлүмүнүн башчысы, о. эле учурда 1996-жылдан И. Арабаев атн. Кыргыз мамл. пед. университетинин философия, экономикалык теориянын негиздери ж-а культурология кафедрасынын профессору. Ж. “байланыш” категориясын, адам м-н табият ортосундагы мамиле-аракет маселелерин изилдейт; бул проблемалар б-ча бир нече монография, брошюра, 50гө жакын макала жарыялады.