ЖЫГАЧ УСТА

ЖЫГАЧ УСТА (жыгаччы) — Жыгачтан ар кандай салттуу буюмдарды жасоочу чебер. «Уукчу», «Керегечи» боз үйдүн уук-керегесине, босого-таягына узанат. «Түндүкчү» жалаң боз үйдүн түндүгүн кармайт. «Ээрчи» — эр ээрин, айырмачты, ыңырчакты, «Кырмачы» — табакты, чараны, аякты, челекти, сузгуну, чөйчөктү, кашыкты, сокуну, чыны кутуну, бишкекти, «Тактачы» — сандыкты, үкөктү, жагданды, жүк тактаны, саба тактаны, чанааны, чийнени, чарпаяны, «Комуз уста» — комузду, кыякты, чоорду, тактекени, добулбасты, жыгач ооз комузду, темир комуздун кутучасын жасайт.

Европа элдеринде жыгаччыларды «ак жыгаччы», «кызыл жыгаччы» деп даңазалап, чеберчиликтерин дааналап бөлөт. Кызыл жыгаччы — өнөрдүн эң жогорку чеги. Мындай мамиле чыгармачылыкты, өнөрдүн өсүшүн, ага жасалган камкордукту далилдейт. Биринен бири үлгү алып, устасынан ашып түшкөн шекирттери жыгаччылыктын суусун ичкен айлакер чеберлер болуп саналат.