ЗАГОВОР

ЗАГОВОР, с а я с и й – белгилүү бир саясий максатты көздөгөн, саясий күчтөргө кирген бир нече адамдардын бирөөгө  же саясий институтка каршы макулдашып уюшулушу. Тарыхта ишке ашкан 3-лордун көбү индивидуалдуу мүнөзгө ээ  болуп, көбүнчө инсандарга каршы багытталган. 3. ошондой эле саясатта таасир, бийлик үчүн күрөштүн традициялуу,  эффективдүү каражатынын бири болуп саналат. Адегенде, 3. – бул жок кылуу эле, кийин анын методдору жумшарган. Здун ролу саясаттын куралы катары тоталитардык, авторитардык системаларда маанилүү, анткени, бийлик көбүнчө  саясий элитанын колунда, көп маселелер жекече пикир аркылуу да чечиле берет. Демократтык, укуктук социалдыксаясий турмушта З-дун мааниси төмөндөй баштайт да, бийлик үчүн күрөш ачык эле мүнөзгө өтөт. Бийликти  концепциялоону азайтуу, бийликти бөлүштүрүү, өкүлдүк структуранын пайда болушу, бийликтин тез алмашып турушу  З-дун эффективдүүлүгүнөн төмөндөшүнө алып келет. З. саясаттын куралы катары массаны өзүнө тарта албайт. З-дун  мүмкүнчүлүгүн азайтуу коомдо айкындуулукту өстүрүүдө жатат.