САЯСИЙ СФЕРА

САЯСИЙ СФЕРА – коомдун жашоосунун спецификалык областы. Бардык көп түрдүүлүгүндө жана өнүгүүсүндө саясий  ишмердүүлүктүн башаты негизделип, саясий мамилелер жана бийлик институттарынын жардамы менен таптардын,  социалдык топтордун жана катмарлардын, инсандын жана элдердин саясий кызыкчылыктары иш жүзүнө ашырылат.  Коомдун С. с. – татаал, көп тармактуу, ошол эле мезгилде бир бүтүн түзүлүш. Ага саясий институттардын,  мамилелердин, процесстердин, кубулуштардын өз ара байланыштарын жана бүтүндүүлүгүндөгү жыйындысын  мүнөздөөчүлөрдүн бардыгы кирет. Ал Өзүнө саясий процесстердин ишке ашышын, мамлекеттик бийликтин жана анын  структураларынын функция кылуусун камсыз кылуучу саясий шарттар жана факторлордун жыйындысы жана  оппозициядагы саясий институттарды, мекемелерди, массалык маалымат каражаттарын камтыйт. С. с. коомдун дал  келбеген кызыкчылыктары бар таптарга бөлүнүүсүнөн тартып пайда болгон. Анын негизи катары мамлекет эсептелет.  Түрдүү таптардын, саясий партиялардын жана социалдык топтордун бийликке ээ болуу, бийликти колунда кармап туруу  жана аны пайдалануу үчүн күрөшү С. с-нын негизги мазмунун түзөт. Анда коомдук өнүгүүнүн жүрүшүнө позитивдүү  (оң) же негативдүү (терс) таасир тийгизүүгө жөндөмдүү саясий лидерлердин активдүү ишмердүүлүгү, алардын саясий  эрки жана кадыр-баркы көрүнөт. Бирок саясий жетекчинин ролу канчалык маанилүү болбосун, саясаттын сферасындагы  адамдардын реалдуу жүрүм-туруму бары бир чечүүчү болуп калат. Ар бир индивиддин өзүнүн коомдук күчүн саясий күч  катары аңдап билүүсү өлкөнүн саясий тарыхындагы окуяларды эл аралык мүнөздөгү саясий окуядарды чечмелөөдө  көбүрөөк катышуусунда чагылдырылат. Коомдун С. с-нын структуралык компоненттерине төмөнкүлөр кирет: мамлекет  (өкүлчүлүк, аткаруучу жана соттук органдар, прокуратура, армия, коопсуздук органдары, тартип сактоо органдары ж. б.);  саясий турмушка тартылуу өлчөмүндө саясий партиялар жана саясий кыймылдар, коомдук уюмдар жана бирикмелер;  99 саясий мамилелер, суроо-талаптар жана кызыкчылыктар; массалык саясий маданият жана үгүттөө каражаттары;  коомдогу саясий процесстерди жана мамилелерди тескөөчү саясий жана укуктук нормалар, принциптер жана салттар,  саясий аң-сезим, саясий идеология, саясий коомдук ой-пикир; саясат жана саясий жетекчилик саясий лидерлик; саясий  билимдердин, баалуулуктардын, саясий жүрүмтурумдун жол-жобосунун жыйындысы катары саясий маданият; саясий  ишмердүүлүк. С. с-нын бул компоненттери – диалектикалык өз ара байланышта жана өз ара шартталган, алар дайым  кыймылда жана өнүгүүдө болот. С. с., анын компоненттери жана кичи системалары экономикалык, социалдык, руханий  чөйрөлөр менен тыгыз байланышта болуп, алардын өнүгүүсүнө түрдүүчө таасир тийгизет. Биринчиден, ал башка  сфералар менен бирдей багытта өнүгүп, өнүгүүнүн жалпы тенденцияларына ээ. Экинчиден, С. с. коомдук прогресстин  логикасына каршы белгилүү чектерде коомдун турмушунун башка сфераларына каршы багытта деградация болушу  мүмкүн. Үчүнчүдөн, С. с. анын институттары жана кичи системасы социалдык-экономикалык жана руханий өнүгүүнүн  белгилүү багыттарында тоскоолдук болуп, коодук өнүгүүнүн мүмкүн болгон варианттарына түртөт. С. с. үчүн саясий  процесстердин алдыга жылуусу үчүн зарыл шарттарды жана өбөлгөлөрдү түзүүчү, анын өзүнүн өнүгүүсүнүн да булагы  болгон ички карама-каршылыктар мүнөздүү. Эгер саясий партиялар тарабынан багытталган таптардын, социалдык  топтордун саясий суроо-талаптары тарыхый процесстин объективдүү жүрүшүн эске алса, анда берилген коомдукэкономикалык системанын саясий мамилелери коомго доо кетүүсүз өнүгөт. Тескерисинче, мындай эсепке алуунун  жоктугу саясий кырдаалдын чыңалуусун пайда кылып, саясий конфликттерге социалдык карама-каршылыктарды  чечүүнүн ыкмасы катары – революцияга чейин алып келет.