ЗАМИРБЕК ҮСӨНБАЕВ

ҮСӨНБАЕВ Замирбек (1951-ж. т., Бишкек) – төкмө акын. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы  мамлекеттик сыйлыгынын  лауреаты. Атасы айтылуу төкмө Алымкулдун, үйүнө кыргызга белгилүү эл шайырлары барып турушкан. Үсөнбаевдин айтуусунда апасы Назым дагы Беркимбай деген сөзмөр, ырчы, чечендиги бар кишинин кызы, белгилүү  кошокчу болгон. «Бир эле апам эмес, таежелеримдин баары кошокчу эле” – дейт. Комуз чертүүнү 6 жашында атасынан, көбүнчө улуу агасы Талипбектен үйрөнгөн. Үсөнбаев Коргол, Осмонкул, Саякбай, Карамолдо, Ыбрайды өз көзү менен көргөн. Коргол Замирбекке комузун белекке берген экен. Бирок, негизги устаты апасы  –  Назым болгон. Ашыраалы, Токтосун, Эстебестерден көптү  үйрөнгөн.

Азырынча «Замирбектин ырлары” (1985) деген бир жыйнагы бар. Кыргыз филармониясына 1968-ж. 17 жашында кирген. Алгач атасынын, Токтогул, Эшмамбет, Коргол ж. б. репертуарындагы ырларды аткарган. Үсөнбаев К. Алмазбековдун «Кызыл туу кыргыз кыздарын” ырдап чыгып, оозго алынган. Андан соң өзү да «Нан жөнүндө терме”, «Терме”, «Жаштар жөнүндө терме” деген бир катар термелерин жараткан. Акындын  өзүнүнүн табитине жакын чыгармасы «Комузчуларга” деген чыгармасы. Бул чыгарма  өзү  аткарып жүргөн Ысмайылдын «Кош, Алымкул” деген жоктоосунан о. эле баштадан келаткан жоктоолордун салтында жаралган. Үсөнбаевдин чыгармачылыгын ын өзөгүн айтыштар түзөт. Филармонияга киргенден бери Ашыраалы, Токтосун, Эстебес, Тууганбай менен бирдикте ондогон айтыштарга түшкөн. Үсөнбаев чыгармачылыгы Совет мезгилинде калыптанган, ошол себептүү  ал Совет мезгилиндеги ырчылардын салтын түздөн-түз улантып келатат. Айтышта адат, мүнөздүн ролу чоң.  Үсөнбаев дайыма бир калыпта жүргөн токтоо жигит  үчүн айтыштары да олуттуу мүнөздө. Ал улуу муундагы классик ырчылардын урунтуу чыгармаларын, ар кыл ырларын ошондой эле «Манас” аткаруучу Н. Сейдракмановдун ырына чыгарган «Өзүң  бил” аттуу обону бар. Ушул тапта филармонияда Алымкул  Үсөнбаев атындагы  көп кырлуу чыгармачыл топту жетектейт.

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ