ИМПЕРАТИВ
ИМПЕРАТИВ (лат. Imperativus — буюруучу) — талап буйрук жана мыйзам. И. Кант колдонгон термин, эмне кылуу жана милдеттенмени кантип аткаруу керектигин аныктаган башкы принципти, жогорку талапты, жалпы мыйзамды көрсөтөт. Категориялык И. төмөндөгүдөй формулага келтирилет: . . . Өзүң жетектелип, ошол эле мезгилде, анын жалпы мыйзам болушун каалаган эрежелерге ылайык гана аракет кыл. . . ар дайым сен өзүңдө жана башка бирөөнүн жүзүндө адамзатка каражат гана эмес максат катары мамиле кыл. Саясатта И. индивиддердин, социалдык топтордун жана мамлекеттердин ортосундагы өз ара мамилелердин өзгөрүлгүс эрежеси катары түшүн-дүрүлөт. Ядролук, химиялык, бактериологиялык согушка жол бербөө менен байланышкан адамзаттын жашоосун сактап калуу, айлана чөйрөнү коргоо зарылчылыктары бүгүнкү күндүн шексиз И-и болуп саналат. Адамзаттын өнүгүүсү менен И. менен аныкталган милдеттүүлүктөрдүн чөйрөсү кеңейүүдө. «И». түшүнүгү менен саясий лидердин полномочиелеринин жана укуктарынын көлөмү да камтылат (анын мандаты).