ИНТЕГРАЦИЯ

ИНТЕГРАЦИЯ, с а я с и й – коомдук, мамлекеттик структуралардын мамлекеттин чегинде же андан кеңирээк  мамлекеттер аралык биримдикке кошулуусу. Мамлекеттер аралык И. улуттук саясий органдардын суверендик  укуктарынын бөлүктөрү берилген бийликтин жаңы институттарын түзүү жолу менен ишке ашырылат. И. элдер менен  мамлекеттердин өз ара байланышынын өсүшү илимий-техникалык прогресс менен тездетилген бардык коомдук  турмушту интернационалдаштыруунун негизинде өнүгүт. Дүйнөнүн айрым региондорунда, айрыкча Батыш Европада  экономикалык, саясий, социалдык ж. б. коомдук ишмердүүлүктөрдүн интернационалдаштыруусу, аны  транснационалдык институттардын тескөөсү зарыл болгон деңгээлге жеткен. Интеграциялык процесске тартылган  мамлекеттер өздөрүнүн бийлик полномочияларынын бөлүгүн беришет. Мамлекет аралык системада интеграциялык  комплекстин пайда болушунун сапаттык өзгөчөлүктөрү: Эл аралык мамилелердин бүткүл жыйындысында берилген  мамлекеттердин группасын обочологон өзгөчө регионалдык кызыкчылыктардын бөлүнүп чыгышы, комплекстин чегинде  анын катышуучуларынын ички жана тышкы байланыштарын башкарууну ишке ашыруу, И-нын катышуучуларынын  саясий системаларынын деңгээлинде бүтүндөй бир комплекстин келип чыгышы. Советтик илимий адабиятта, айрыкча  Шашков Ю. В., Барановский В. Г. эмгектеринде интеграциялык комплекстин саясий системасынын татаалдыгы  белгиленген. Ага надстройканын саясий-укуктук жана институтташкан бөлүктөрү кирет. И-нын катышуучулары –  бийликти ишке ашыруу жана коомдук башкаруу менен байланышкан, белгилүү саясий функцияларга ээ уюмдар, топтор.  Аларга атайын түзүлгөн транснационалдык институттар сыяктуу эле, улуттук – мамлекеттик институттар (өлкөлөрдүн  мамлекеттик механизмдеринин бөлүгү, партиялар, профсоюздар, ишкерлер союзу ж. б. (да кирет. Саясий  ишмердүүлүктүн субъектеринин И-сынан башка, чарбалык-саясий, социалдык-саясий, администрациялык-саясий,  аскердик-саясий жана тышкы саясий ишмердүүлүктүн сфераларында алар иш жүзөгө ашырган саясий фукнциялардын  кошулушу жүргүзүлөт. И. процесси 50-ж. түзүлгөн европалык коомчулуктардын – ЕОУС, ЕЭС жана Евратомдун  базасында Батыш Европада бардыгынан илгери жылган. Коомчулуктардын катышуучулары – өлкөлөрдөн  экономикасынын активдүү транснационалдаштыруу алардын башкаруу механизминин өзгөчөлүктөрүнө алып келет,  коомдук мамилелердин мүнөзүнө жана структурасына, коомдук идеологияга, калктын жашоосуна таасир тийгизет. Бир  нече жолу И-га ийгиликсиз аракеттер жасалган. Бирок 80-ж. башында коомчулуктардын катышуучулары мамлекеттер  ортосундагы жакындашуунун деңгээли Европалык союз сапаттык жаңы саясий биримдикти түзүү үчүн практикалык  аракеттерди жүргүзүүгө мүмкүндүк берди. 1985-ж. декабрында коомчулуктардын жогорку инстанциясы – мамлекет  жана өкмөт башчыларынын Европалык Кеңеши Бирдиктүү европалык актты макул көрүшкөн. Ал ратификацияланган  соң 1987-ж. 1-июлунан күчүнө кирди. Бул документ үч Европалык коомчулукту түзүү жөнүндөгү Париж (1951) жана Рим  (1957) келишимдерин кошумчалап, өнүктүргөн. Ошондой эле Европалык саясий кызматташтык жана Европалык кеңеш –  коомчулуктарынын ишмердүүлүгүнүн негизинде калыптанган саясий институттарды юридикалык түргө келтирген.  Мамлекет – мүчөлөрдүн экономика, социалдык саясат, финансы, илимий изилдөө жана технологиялык өнүгүү, айланачөйрөнү коргоо жана тышкы саясат чөйрөлөрүндөгү ишмердүүлүгүнүн системасынын, андан ары Европалык союзга  айланышы жөнүндө сөз жүргөн. Коомчулуктун консультативдик парламенттик органынын, алардын аткаруу органы –  Коомчулуктардын комиссиясынын компетенциясына жана коомчулуктардын министрлер Кеңешинде айрым өлкөлөрдүн  каршы болгонуна карабай көпчүлүк добуш менен чечимдерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү каралган.

Бирдиктүү  Европалык акт коомчулуктун мүчө мамлекеттерин көрсөткөн министрлер кеңешине каршы коомчулуктун «улуттун  үстүнөн караган» органдары – Комиссия менен Европалык парламенттин компетенциясынын кескин күч алышын  билдирбегени менен федералдык типтеги уюмду түзүүгө этаптык илгерилөөнү түшүндүргөн. 1991-ж. январынан  коомчулуктардын мүчө – мамлекеттеринин саясий И. маселелери боюнча атайын конференция ишин баштаган. И.  областындагы ишмердүүлүктүн тажрыйбасы күбөлөндүргөндөй, ал көптөгөн мамлекет катышуучуларды түрдүү  сферадагы суверенитетинин чектелишине байланыштуу, олуттуу каршылыгы менен кездешет. Алардын ортосунда  «улуттардын үстүнөн караган» органдардын компетенциясы жана интеграциялык бирикменин географиялык чек арасы  жөнүндөгү суроолор боюнча да карама-каршылыктар өкүм сүрөт. Социалдык-экономикалык мамиледе абдан жакын  батыш европалык мамлекеттер ортосундагы бул карама-каршылыктарды жеңүү – жай баракат өтүүчү жана оор процесс.  Анын өнүгүүсү көптөгөн экономикалык, социалдык ички жана тышкы саясий факторлордон көз каранды. Ошондуктан  И-ны коомдук өнүгүүнүн тенденциясы катары динамикада кароо зарыл. Саясий И. менен аскердик-саясий И. тыгыз  байланышкан. Аны менен мамлекет катышуучулардын аскердик структураларынын кошулуу процесси түшүндүрүлөт.  Бул мамлекеттердин аскердик областагы саясатынын координацияланышында, алардын жалпы согуштук  доктриналарды, согуштук стратегиясын жана аскердик курулуштун принциптерин иштеп чыгуусунда, коопсуздук  областында тышкы саясий ишмердүүлүгүнүн координацияланышында, алардын бириккен куралдуу күчтөрүнүн  башкаруу механизмин түзүүдө көрсөтүлөт. Бириккен аскердик-саясий ишмердүүлүгү мамлекеттердин согуштук  союздарынын чегинде ишке ашырылат. Бирок алардын башкысы – НАТОдо да анын катышуучуларынын коопсуздукту  аскердик камсыз кылуунун түрдүү чөйрөлөрүндө өз ара аракеттери тең эмес масштабка ээ, ар кандай интенсивдүүлүктө  аткарылат. Ал эми мамлекет – катышуучулардын согуштук потенциалдары белгилүү обочолонгондукту сактоону  улантууда. Толук аскердик И-нын базасында гана мүмкүн. Бирдиктүү европалык актты кабыл алгандан соң батыш  европалык интеграциялык комплекстин мамлекет-катышуучуларынын интеграцияланган коргонуу механизмин түзүү  боюнча аракеттер кайрадан активдештирилген.