КАЙЫШ

«Сылап -сыйпап үйрөттү,
Кайыштан чылбыр сүйрөттү» (Тоголок Молдо).

Бул — малдын, кайберендин терисинин ийлеген түрү. Ат жабдыктардын негизги жердиги, жүнү алынып, же ашатылып ийленген тери. Чабылган ээрди каптоодо чылгый тери керек. Жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшкан, канжыга, тердик, желдик, чылбыр, үзөңгү боо, камчы өңдүүлөрдүн бөлүктөрү бүтүндөй териден турат. Үй жыгачтарын көктөөдө, чарык, кепич, маасы сыяктуу бут кийимдерин тигүүдө, кур, бычакка кын кылууда жана башка буюмдарды кармоодо кайыш керек.

Кайыш жасоодо «терини жыдытуу», «терини малмага салуу», «терини ашатуу», «терини талкууга алуу» өңдүү ыкмалар колдонулат. (Булар китепке өзүнчө термин болуп түшүүдө.)

Кайыш «ак кайыш», «күдөрү кайыш» деп эки түргө бөлүнөт да, муну жасоо аракеттери бири-биринен айырмаланат. Айрым чеберлер кайыш өрүмдөрү үчүн кунаажындын терисин тандашат. Өгүздүн териси өрүмгө анча жарабайт. Мунун өркөчү менен соорусу калың, калган жерлери жука болот да, тилими бирдей түшпөйт. «Эки эли кайыш кур менен, Досунун белин курчады» (Осмонкул).