КАЛМАКТАР

Моңгол бийлигинин биротоло кулашынан кийин, XVI кылымдын экинчи жарымындагы Жети-Суунун абалы жөнүндө биз дээрлик эч нерсе билбейбиз. Бизге буга чейин эч ким тарабынан изилденбеген, 1582-ж. Сейфи тарабынан жазылган, биздин билишибизче бир гана кол жазмада жеткен түрк чыгармасы айрым кызыктуу маалыматтарды берет. Ал автордун сөзү боюнча, калмактар ошол мезгилде Азияда ийгиликтерге жетишүүсүн уланта берген; калмактардын башчысын ал Алтан-хан деп атайт; балким, ошол мезгилде Орто Азиянын чыгыш бөлүгүндө кеңири империяны негиздеген жана 1552-ж. ойротторду багындырып алган түмөт уруусунун эң кубаттуу өкүмдары тууралуу айтса керек.

Рефератты көчүрүү