ХVIII-ХХ КК. КЫРГЫЗ КҮМБӨЗДӨРҮ ЖАНА ЧОЛОК-КОРГОН ЧЕБИ

1945-ж. жана андан башка жылдарда биздин экспедициябыз тарабынан изилденген райондордо көп сандагы мазар-күмбөздөр жолукту. Алардын баары чийки кыштан тургузулуп, курулуш ыгы жана жалпы конструкциялык формалары менен жасалгаланышы боюнча бири биринен абдан эле айырмаланат. Тянь-Шань менен Ысык-Көлдүн изилденген райондорунун кыргыз күмбөздөрү негизи эки топко бөлүнөт. Булар, биринчиден, имараттары менен куполдорун куруунун ар кыл конструкцияларын байкоого боло турган ар түрдүү күмбөздөр, экинчиден, коргон түрүндөгү төрт бурчтуу же көп учурда чарчы пландагы күмбөздөр.

Рефератты көчүрүү