КАЛЫГУЛ Бай уулу. Калыгул ырчы

КАЛЫГУЛ Бай уулу, Калыгул ырчы (1785–1855) – заманачы акын. Аркалык кыргыздардын акыны жана санаатнасаатчылардан болгон. Анын «Акыр-заман», «Кыямат кайым» аттуу мистикалык-философиялык ырлары эл оозунда  айтылып калган. Анын муңайым маанайдагы чыгармаларында ич ара феодалдык чыр-чатактар. Кокон хандыгынын алыксалыктары, карапайым элдин каржалган турмушу таасын чагылдырылган. 1854-ж. Ормон хандын айылындагы бугу  менен сарбагыш урууларынын чабышына шылтоо болгон ордо оюнун токтотууга аракеттенген. К-дун эл оозунан  чогултулган ырлар жыйнактары, акын жөнүндөгү маалыматтар бүгүнкү күндө чогултулуп, жарык көрүүдө. К-дун саясий  ойлору терең изилдөө-лөрдү талап кылат. Кыргыздын көрү-нүктүү карыя-акын, ырчы, өнөрпоздорунун (Тоголок Молдо,  Сагымбай, Шапак Ырысмендеев, Ыбрай Абды-ракманов ж. б.) айтуулары боюнча К. – «олуя», «аяр», «көзү ачык»  даанышман катары таанылган адам.

Калыгул бийликке келбесе да, анын адилдигине карап, кээ чакта арка кыргызы  чиеленишкен чоң доосу болсо Калыгулга тапшырган. Замандын шартына карай кээде адилеттик кылып, байыртан келе  жаткан адат-мыйзамын колдонуп, «Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок» деген анын башкы  принциптерин айрым учурда адилет кармагандыгы үчүн «калыс бий» аталып кеткен. К. өз заманынын изденгич,  таланттуу уулу. Анын граждандык мүнөздөгү ырлары жалаң гана ошо доор менен жок болуп кетпестен, азыркы учурда  да мааниси жоюла элек.