БАРСБЕК

БАРСБЕК, Ынанчу Алп Билге – 7-к-дын аягы–8-к-дын башында Енисейдеги Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу. Анын тушунда кыргыздардын элчилери Кытайга, Тибетке, Түргөш кагандыгына жиберилип   34 турган. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын кагандары да Б-ди өзүнө ийитүү максатында оболу анын кагандыгын таанышкан ж-а Элтерис кагандын кызын ага канышалыкка беришкен (Күл тегинге арналган эстеликтин маалыматы). Б. каган табгачтар (кытайлыктар), «он ок (элинин) каганы» (түргөштөр), чик, аз сыяктуу түрк уруулары м-н Орхондогу түрктөргө каршы согуштук ынтымак түзүүгө жетишкен. Бирок, ТоңЙокук ж-а Күл тегин жетектеген кошуун озунуп, бул ынтымактын өкүлдөрүн бириндетип талкалоону көздөшүп, 710-жылдан 711-жылга караган кышта алар Көгмен (Саян) тоосун ашып, капысынан кыргыздарга кол салган. Суңга деген чертокойлуу жерде Б. баатырларча согушуп, курман болгон. Орхон түрктөрү аны каармандарча күрөшкөн жоосу катары аздектешкен. Енисей кыргыздары өздөрүнүн руна сымал бир катар жазма эстеликтеринде Б-ке жоктоо, кошок сөздөрүн багышташкан. Бул эстеликтердин (кошоктордун) жазылышынын өзү да «кыргыз бодун» деп Орхон жазмаларында аталган кыргыз элинин ички биримдигин айгинелейт.