КАРА-КЫТАЙЛАРДЫН МАМЛЕКЕТИ. НАЙМАНДАР

Токтолбогон өз ара чырдашуулар, селжуктар менен согуштардагы женилүүлөр Карахандар мамлекетин начарлаткан. XII к. биринчи жарымында алардын жерлери кара кытай баскынчыларыньш оной олжосу болуп калды. Кара-кытайлар мамлекети Батыш Манжуриядагы сегиз монгол урууларынын биригншинен улам түзүлгөн. Эл өзүн «кытай» деп атаган. Кытай булактарында аларды «кыдан» деп, мусулман булактарында болсо «кара-кытай» деп аташкан. Алардын урпактары кийин «кытай» же «кара-кытай» деген ат менен кыргыз элинин курамына кирген. Көрсө, Кытай мамлекети жана эли алардын орто кылымдардагы душманы, баскынчысы — монголкытайлардын аты менен аталып калган экен.

к. кара-кытайлар Борбордук Азиялык көптөгөн урууларды багындырышып, Түндүк Кытайды женип алышкан. Кийин булар Түштүк Кытайды да басып алып, кыска мөөнөттө бийлешкен. 937-ж. тартып алардын мамлекети жана династиясы Ляо (Темирдей) ден аталып, бир кылымдан ашык жашайт. 1119-ж. Ляо империясы түпкү теги тунгус чжурчжен (манжур же жуанжуандар) эли тарабынан талкаланган болучу.

Кара-кытайлардын бир бөлүгү түндүктө өз алдынча Найман хандыгына биригишет.

Ляо династиясынын өкүлдөрүнүн бири Елүй Даши тиешелүү эли меиен адегенде түндүк тарапка Енисей кыргыздарын көздөй кире качкан. Бирок кыргыздар аны өз журтунан кубалап чыгарат. Елүй Даши өзүнө тиешелүү уруулар менен батышка качып олтуруп, Эмил өзөнүнүн боюна (Азыркы Кытайдын Казахстан менен чек арасына жакын жер) орношот. Мында ал бытыранды кытай качкындарын чогултуп, бир катар түрк уруулары менен союз түзгөн. 1129-ж. карата ага 40 минге жакын түтүн баш ийген. Е1лүй Даши өзүн «гурхан» (хандардын ханы) деп жарыялаган. Мамлекети Кара-кытайлар хандыгы деп аталган. Вул убакта өз ара ырксыздыктарга жана чырдашууларга баткан карахандардын Чыгыш кагандыгы алсызданып калган болучу. Түрктөрдүн, карлуктардын жана кангылардын көчмөн уруулары Баласагындын башкаруусуна каршы чыгышкан Орто кылымдар тарыхчысы Жувейни мындай деп жазган:

«Баласагындын ханы …Өзүнүн начарлыгын жана алсыздыгын моюнга алып гурханга элчилерин жиберди, кангылардын жана карлуктардын зтекүрчулүгүнө жана эомбулугуна даттанып, Гурхандын вз ордосуна келишин, өзүн бардык туйшүктэрдөн куткарышын өтүнду, өз мамлөкетинин аймагыңдагы бүткүл бийликти ага өткөрүл бөре тургандыгын билдирди. Гурхан Баласагынга женсп, падыша тактысына олтурду, Афрасиабдын (караханийлердин) урлактары хандык наамдан айрылды».

Чыгыш кагандыктын жерлерин өзүнө оңой эле багындырган жана карахандар династиясын бийликтен четтеткен гурхан жаңы Сн Ляо (Батыш Ляо) мамлекетнн негиздеп, Баласагынды (кара-кытайча Хосун ордо) өзүнүн башкы шаарына айландырды. Ошентип, кара-кытай баскынчылары Енисей дарыясынан Сыр-Дарыяга чейинки зор аймакты башкарып калды.

1134-ж. Елүё Даши мурда жоготкон Ляо империясын чжурчжендерден кайра тартып алууга аракеттенген. Каракытай хандыгы куралгандан көп өтпөй, алар Енисей кыргыздарына дагы бир жолу чабуул жасагая. Бул чабуулдан кийин ал жактагы чакан Кыргыз ээликтери бир топ алсызданган. Кээ бир тарыхый маалыматтарга караганда Енисей кыргыз ээликтери бул мезгилде абдан начарлап, карамагындагы уруулар бир нече бөлүктөргө бөлүнгөндүгү, кыргыз тайпаларынын ар тарапка бытырап кеткендиги белгилүү. Бирок, кыргыздар бир кылымдай убакыт согуш жүргүзүп, каракытайларга моюн сунган эмес.

1141-ж. көчмөн карлуктар Батыш Карахандар каганына каршы көтөрүлүшкө чыгып, кара-кытайларды жардамга чакырышат. Махмуд Ибн Мухаммед каган болсо жардам сурап селжук султаны Санжарга кайрылат. Эки аскер кошууну Самарканддын түндүк-чыгышындагы Катван талаасында жолугушат. 1141 -ж. сентябрдагы салгылашууда кара кытайлар селжук-караханий аскерлерин талкалап, көп убакыт өтпөй бүткүл Батыш кагандыктын жерлн да багындырып алышкан. Гурхан мында Карахандар династиясын биротоло жок кылган эмес, анын вассалдык көз карандылыгына канааттанып, аскерлерин Чүй өрөөнүнө алып кетет.

1158-ж. Хорезм кара-кытайларга багыныл берет. Хорезм шахы гурханга алтын менен 30 мнц динар салык төлөөгө милдеттенген.

Кара-кытайлар багындырылган жерлерден салык алып турушкан. Гурханга түздөн-түз багынган аймакта калкты каттоо жүргүзгөн болучу. Батыш Ляодо көчмөндөрдүн 84,5 мин үй-бүлөсү жашап турган, алар эркектерди аскердик кызматка берген. Ар бир түтүн казынага бир алтын динар өлчөмүндө салык төлөөгө милдеттүү болгон. Шаар калкы андан да көбүрөөк салык төлөгөн. Мисалы, Баласагындын тургундарынан түшкөн салык казынанын кирешелеринин ондон бир бөлүгүн түзгөн. Кара-кытайлар башка диндерге карата чыдамкай мамилеси менен айырмаланышкан. Алар буддизмге сыйынуу менен исламды кысымга алышкан эмес. Ошентсе да алар Орто Азия элдеринин маданиятына маанилүү таасир көрсөтө алышпаган.

Өлкөнү башкаруудагы башаламандыктар жана ваосалдык ээликтердин борборго баш ийбөөгө умтулуулары кара-кытайлардын мамлекетин алсыратат. 1208-ж. Чыкгыз хан Иртышта талкалаган найман жана меркит уруулары гурхандын жерине качып келишкен. Найман падышасынын уулу Күчлүк гурганха кызматка өтүп, өз элинин калдыктарын чогултат да, Жетн-Сууга орношот. Ошондон бир жылдан кийин Батыш Ляо оор жагдайга дуушар болот. Чыгышта мурда кара-кытайлардын бийлик алдында болгон уйгур чакан ээлиги бөлүнүп чыгып, Чыңгыз хандын букаралыгына өтөт. Батышта Хорезм шахы Мухаммед жана Мавераннахрдагы караханийлердин башкаруучу династиясындагы анын союздашы Осмон ибн Ибрагим Баласагунга жортуул уюштурат. 1210-ж. август-сентябрда Хорезм менен Мавераннахрдын бириккен күчтөрү кара-кытайларды Талас суусунда тосот. Кан суудай аккан салгылашуудан дарманы кеткен эки армия тең артка чегинишкен. Ач-жыланач кара-кытайлардын армиясы кайра тартып баратканда, жолдогу өз ээликтерин тоноп, бүлгүнгө учурата баштаган. Талоончулардын чоң тобу Баласагунга жеткенде, шаардын адамдары дарбазаларды жаап алышкан. Аскерлерге өз баш калаасынын дубалдарына чабуул коюуга туура келген. «Кара-кытайлардын артынан мусулмандардын аскерлери келатышат» деген айын кепке ишенишкен шаардыктар жан аябай салгылашьш, 16 күнгө туруштук беришти. Баласагундун кайгылуу окуясьш Жувейни мындайча сүрөттөгөн:

«Акыры кытайлардын аскерлери, …шаарга киришти, кылычтары менөн кыя чаап эч кимди аяшлады. Үч куи, үч түн бою алар адамдарды өлтүрүштү. Өлтүрүлгендердун арасында жети миң кадыр-баретуу, аттуу-баштуу адамдар бар болучу. Гурхандын аскерлери олжого тунду…»

Зомбулуктун жана мамлекеттин бузулуш кырдаалын каракытайлардын экинчи бир бөлүгү болгон наймандардын башчысы Күчлүк пайдаланды. 1210-ж. эле ал Өзгөнгө кол салып, гурхандын казынасын басып алган, бир жыл өткөн сон кара-кытайлардын падышасын туткунга түшүрөт. Бирок Күчлүктүн абалы бекем эмес эле. Карамагындагы калк аны бийликти күч менен тартып алган зулум катары адилеттүү эсептеп, баш ийүүнү каалаган эмес. Чыгыш Түркстандын шаарларынын көтөрүлүшү төрт жылга созулду. Аларды наймандар 1214-ж. гана зорго басышты. Батышта Хорезмшах Мухаммед күчөдү, ал өзүн гурхандын закондуу мурасчысы деп эсептеген. Чыгышта болсо Чыңгыз хан өзүнүн саатын күтүп турган. Бул учурда Кыргызстандын эле эмес, Азия менен Европанын көпчүлүк өлкөлөрүнүн тарыхында да жаңы этап башталган. Бардыгын кыйраткан монгол-татар жортуулу жакындал келаткан. Ошентип, кара-кытайлардын жана наймандардын мамлекети 90 жылдая ашууя убакыт жашап, Чыгыштан келген баскынчылардын соккусунан кыйраган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор