КЫРГЫЗСТАН V-VIII КЫЛЫМДАРДАГЫ ТҮРК ЖАНА ТҮРГӨШ КАГАНДЫКТАРЫНЫН МЕЗГИЛИНДЕ      

VI кылымдын орто ченинен Моңголиянын аймагында түрк кагандыгы түзүлө баштайт. Түрк урууларын саясый жактан бириктирүү 545-жылдан, империяны негиздөөчү Тумын алтайлык түрктөрдүн жужандарга каршы көтөрүлүшүн пайдаланып, аларды толук талкалап салгандан кийин башталат. VI кылымдын 80-жылдарына карата анын уулу Яньдунун тушунда империя өтө зор аймакты ээлеп, өзүнүн курамына этностук теги боюнча ар түрдүү болгон көптөгөн урууларды камтып турган. Бул империя Хингандан Кара деңизге чейин, Кытайдын түндүк чек араларынан Енисейге чейин созулуп жаткан болучу.

Рефератты көчүрүү