КАРЛУКТАРДЫН МАМЛЕКЕТИ

Түргөш кагандыгынын урандыларында Түрк урууларынын бирикмеси карлуктардын мамлекети пайда болгон. «Карлук бодун» (карлук эли) же «үч карлук» (карлуктардын үч уруусу) деген атты Монгол Алтайынан Балхаш көлүнө чейинки, Тарбагатай кырка тоолорунан түштүккө жана түндүккө карай аймакты ээлеп жаткан көчмөн уруулардын күчтүү союзуна таркатышкан. Карлук бирикмесинин курамына булак, чигил (же себек) жана ташлык деген үч ири уруу кирген болучу. Уруулардын карлук союзунун тарыхынын баштапкы мезгилинде эле алардын территориялык жана саясий бытырандылыгы белгиленген. Карлуктардын бир бөлүгү VI к. экинчи жарымында же VII к. башталышында Тохарстандын аймагынын бир бөлүгүн ээлеген. Алардын башчысы   «жабгу» наамын кабыл алып, батыш түрк, андан кийин түргөш кагандарына көз каранды болгон. Тохарстандык карлуктар араб баскынчылары менен күрөштө көрүнүктүү ролду ойношкон. Карлуктардын башка бир бөлүгү алыскы чыгыштагы монгол талааларында калышкан.

Тарбагатайлык карлуктардын күчтүү армиясы болгон. Чыгыш жана Батыш Түрк кагандыктарынын чек арасындагы аймакты ээлеп, кээде бирине, кээде экинчисине баш ийип турган. Алар өтө тынчы жок жана козголончу букаралар болушкан. Маселен, VIII к. биринчи чейрегинде алар үч жолу Чыгыш Түрк кагандыгына каршы көтөрүлүшкө чыгышкан. Карлуктар экинчи Түрк жана Түргөш кагандыктарынын кулашына алып келген саясий ири окуяларда башкы ролдордун бирин ойлошкон. 744-ж. басмыл, уйгур жана карлук урууларынын бириккен күчтөрү экинчи Түрк кагандыгын кыйратышат. Талаадагы жаны дөөлөттүн каганы уйгурлардын колбашчысы болуп калат. Ал Элетмиш Билге каган (744759-жж.) деген титулду алат. Мамлекет Уйгур кагандыгы (744-840-жж.) деген атка конот. «Уйгур» деген аталыш байыркы түрк тилинде «уюшкан», «уюткулуу», «уюткан* дегенди түшүндүрөт. Бул этностук бирикмеге 19 уруу баш кошкон. Булардын башында Яглахар уруусу турган.

Уйгурлар тогуз өгүз урууларынын күчтүү бирикмесине киришкен чыгыш түрктөрүн женип чыккандан кийин алар өэдөрүнүн бийлигин Алтайдан Манчжурияга чейинки аймакка таркатышты.

Карлуктардын башчысы «жабгу* наамын гана алгандыктан өзүнүн баштагы союздаштарына көз каранды болуп калат. Мунун өзү бир катар кагылышууларга алып келет. Уйгурлар кысымга алышкан карлуктар 74б-ж. Жети-Сууга көчүп кетишет. Мында саясий кырдаал абдан татаал болучу. Түргөш кагандыгындагы токтолбогон кармашуудан улам андагы бийлик жүргүзүлбөй калат. Муну Чыгыш Түркстандын Тан наместниктери өз таламдары үчүн пайдаланышкан. 748-ж. Кытай армиясы Чүй өрөөнүнө басып кирип, Суяб шаарын ээлеп, аны кыйратат. Кийинки жылы кытайлар Чач (Ташкент) акимин туткунга түшүрүп, аны асып ташташат. Кытайларга карлуктар жардам берген. Жагдайды байкап турган арабдар Тан империясынын Орто Азиянын иштерине мынчалык одоно кийлигишүүсүнө жол беришкен эмес. Зияд ибн Салих башчылык кылган аскерлер кытайларга каршы бет алышат. Вул кабарды уккандан кийин кытай колбашчысы Гао Саньчжи жүз миң аскери менен арабдардын жолун тосуп Суябдан чыгат. Эки армия 751-ж. июлда Талас өрөөнүндөгү Атлах шаарында (азыркы Манас районунун Покровка айылынын түндүгүрөөк жагындагы урандылар) беттешишкен. Бет келишкен эки армия тең дарыядан өтүүгө батынбай, туура

төрт күн тирешип турушту. Бешинчи күн дегенде карлуктардын атчандары кытай армиясынын арт жагынан сокку урат. Ошондо арабдар алардын бет мандайынан чабуулга өтөт. Эки жактан тен кысымга алынган кытай аскерлери туруштук бере албай, Талас дарыясынын тар капчыгайын көздөй баш калкалап качышат. Орто кылымдардагы тарыхчы Ибн-ал-Асирдин маалыматтарына караганда Атлахтагы салгылашууда кытайлыктар набыт болгон 50 миң жана туткунга түшкөн 20 миндей адамынан айрылышкан. Түрктөр үчүн бул жеништин мааниси чоң болгон. Анткени ушул жеңилүүдөн кийин Кытай аскерлери болжол менен мин жылча Орто Азиянын чек араларына жологон »мес. Мунун өзү региондо мусулман маданиятынын өнүгүшүн камсыз кылган.

Ошентип, карлуктар кытай аскерлерин кыйратууда маанилүү ролъ ойношуп, Жети-Сууда өзүлөрүнүн абалын бекемдешти. Бирок, карлук төбөлдөрүнө саясий үстөмдүк кылуу үчүн дагы узак убакьггка күрөш жүргүзүүгө туура келген. Карлук жабгулары талааларга ээлик кылуу үчүн Уйгур кагандыгы менен күрөшүүнү өзүлөрүнүн башкы милдети катары эсептешкен. 751-ж. алар уйгурларга каршы коалицияны түзө алышкан, ага карлуктардан тышкары, түрктөр, кыргыздар жана чик уруулары киришкен. Союздаштар макулдашып, чечкиндүү аракет кылышкан эмес. Качып өткөндөр коалициянын душмандык ниеттери жөнүндө уйгурларга билдиришкенде, Элетмиш Билге каган чыгаан колбашчынын сапатын көрсөтүп, союздаштарды жалгыздап талкалаган. Карлуктар 40 жыл илгерки түргөпггөрдөй але Иртыш дарыясынын сол жээгиндеги Болучу деген жерде женилишкен. Бир жылдан кийин карлуктар түргөштөр жана басмылдар менен союзда болуп талаалардын түпкүрүнө жортуул жасашып, Уйгур кагандыгыныв борбору Өтүкенге жетишкен. Уйгурлар басмылдарды, карлуктар менен түргөштөрдүн бириккен отряддарын талкалашат. Өжөр карлуктар мындан кийин да уйгурларга бир нече жолу кол салышып, бирок дайыма жоготууга учурап чегинип турушкан. Ошол эле убакта карлук жабгулары Жети-Сууда саясий үстөмдүк үчүн күрөш жүргүзүшкөн. Мында алардын башкы атаандаштары «он ок элинин* конфедерациясына киришкен огуздар болушкан. Огуз каган жөнүндө легендаларда жана уламыштарда Ысык-Көлдүн жана Талас өрөөнүнүн аймагы огуз элинин түпкү мекени катары айтылат. Күрөш айыгышкан мүнөздө өтүп, арасында тыным алуулар болуп, жыйырма жылга созулган. Согуш карлуктардын жениши менен аяктап, алар 766-ж. Суяб жана Тараз шаарларын ээлешкен. Огуздардын бир кыйла бөлүгү Жети-Сууну ташташып, Аралг боюна көчүп барышып, анда өз мамлекетин негиздешкен.

Жети-Сууга жана Теңир-Тоого бекем орношуп алган сон карлуктар тибеттиктер менен шериктеш болушуп, Чыгыш Түркстанда жана Жуңгарияда уйгурлар менен күрөштү улантышкан. Адегенде алар ийгиликке ээ болушат, бирок 791 -ж. андан кийин 812-ж. уйгурлар союздаштарды оор жеңилүүгө учуратышкан болчу. Уйгурлар жабгуиу уйгур каганын таанууга мажбурлашкан. Карлуктардын башына түшкөн кырсыктан пайдаланып, ошол эле 812-ж. арабдар аларга каршы аттанышат. Отрардын алдында, жабгунун үй-бүлөсү туткунга алынат, ал эми жабгунун өзү Иртыштагы кимактардын өлкөсүнө качып кетет.

IX к. орто ченинде Орто жана Борбордук Азияда маанилүү саясий окуялар болуп өтүп, карлуктардын мамлекетинин тагдырына таасирин тийгизген.

Жүз жылдын ичинде Теңир-Тоонун, Жети-Суунун жана Чыгыш Түркстандын карлук урууларынын арасында кубаттуу Караханийлер династиясынын айланасында баш кошуп, саманиддерди кулатып, Орто Азияны жеңип алган күчтөр жетилип отурган. Окумуштуулардын эмгектеринде кыргыздын Саруу уруусу генсологиялык жактан карлуктардан чыккан деген гипотеза бар.

 

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор