КЕТ БУКА

КЕТ БУКА – акын, 13-кылымда жашаган. Анын өмүр сүргөн кылымын кесе айтуунун тарыхый жана  фольклордук негизи бар. Анткени, ал Чынгыз хандын жортуулу мезгилинде жашаган. Ал жөнүндө санжыра, уламыш, күү, легенда тарыхында жана  тектеш элдердин (ногой, казак) фольклорунда ачык маалыматтар сакталып калган. Алсак, эл арасында Чыңгыз хандын улуу баласы Жуучунун (Жучи)  өлгөнүн (ал 1227-ж. каза болот) табышмактуу  ыр менен Кет Бука угузуптур деген сөз бар.

Ырдын алгачкы тексти 13-кылымда кыпчак талаасынан белгисиз перс автору тарабынан жазылып алынып, «Түрктөрдүн ата-теги” аттуу жыйнакка жана  араб тарыхчысы Ибн-Аль-Асирдин летописине (ал 1323-ж. каза болот) кирген. Бул чыгарманын алгачкы өзөгү 1227-ж. түзүлгөн деп так көрсөтүүгө негиз берет.  Кет Бука найман уруусунан чыккан. Эл оозунда «Өчкөн көңүлдү  толкуткан улуу ырчы”, калкка кадырлуу бий, чыр-чатактын түйүнүн чечкен чечен, чоң  комузчу катарында мүнөздөлөт. Перс авторунун берген маалыматына караганда, Жуучу Чыңгыз хандын балдарынын эң улуусу болуп, атасы өтө жакшы көрүп, кадырлоочу экен. Анын өлгөндүгү жөнүндө ордого кабар келгенде эч ким даап айта албай, атайын Улуг-ырчыны чакыртып келишет. Ал табышмактантып отуруп, баласынын  өлгөнүн атасына туюнтат. Уулу  өлгөндөн кийин алты айдан кийин Чынгыз хан каза болот. Угузуучунун мазмунунан анын орду Дашт-Кыпчак талаасы экендиги ачык көрүнөт. Негизинен ушул чыгармадан башат алган варианттар казак, ногой фольклорунан да катталган. Бирок, угузуучунун кыргыз фольклорунда айтылышы ногой, казак нускаларынан кескин айырмаланат. Кыргыз фольклорунан бул угузуу өз алдынча өнүккөн чыгарма катарында учурайт.

Кара сөз түрүндө эки, ыр түрүндө төрт вариант болуп, ар бири идеялык-мазмуну, көркөмдүгү, стили жагынан такталып, калыптанып бүткөн чыгарма катарында жашайт. Дээрлик бардык нускада угузган ырчы Кет Бука же Бука (ногойлордо Кет Бука) аталып,  өзүнүн акындык дараметинин күчтүүлүгү, комуздун муңдуу ыргагы менен оор кайгыны айта билүү, туюндуруу устаттыгы, аткаруу чеберчилиги менен окуяны Чыңгыз ханга жеткирип,  өз сөзүн  өзүнө  оодарып, хандын каарынан, өлүм жазасынан кутулуп кетет. Чыгарманын азыркы турпатында да 13-к. кагазга түшүрүлгөн түрк ыры менен генетикалык жалпылыгы бар ыр саптарынын сакталып калышы кызыктуу факт. Бирок, айрым ыр түрмөктөрүнүн түрк ырына тутумдаш айтылгандыгына карабастан, кыргыз варианттарында мааниси кеңейип, көркөмдүк-эстетикалык таасиринин арткандыгы ачык байкалат. Кет Буканын табышмагында, Чыңгыз хандын чечмелешинде, кайталангыс салыштыруулар, терең ойлор орун алып, угузуу азыркы турпатында да 13-к. кагазга түшүрүлгөн түрк ырынан алда канча бийиктикке көтөрүлгөн. Бул болсо чыгарманын эл арасында көп айтылып, такталып, мазмундук-көркөмдүк жагынан калыптанып, өз алдынча өсүп-өнүгүшүнүн күбөсү. Улуттук Алтын казынага кирген «Кет Бука” күүсү да тыңшоочуларды кайдыгер калтырбайт. Күү залкар комузчулар Карамолдо Орозовдун аткаруусунда жазылып алынган. Мындан башка да варианттары бар. Бизге жеткен ушул угузуунун сөздөрүнүн тереңдиги, образдуулугу Кет Буканын акындык кудуретин, анын улуулугун, сөз чеберчилигин ачык аныктап турат.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ