КОНДОМИНИУМ
КОНДОМИНИУМ (лат. соndominium < соn – бирге + dominium – ээлик кылуу) – кош суверендүүлүк, бир аймакты эки же андан көп мамлекеттин биргелешип башкаруусу. Көп учурда аймактык конфликттин толук эмес чечилишинин натыйжасында пайда болот. Бирок кийинчерээк бирдиктүү суверендүүлүк орнойт. К-дун мисалдары: Орегондун үстүнөн Улуу Британиянын жана АКШнын кош суверендүүлүгү (1818–1846), Самоанын үстүнөн үчилтик суверендүүлүк (1889– 1899) (АКШ, Улуу Британия жана Германия), Жаңы Гебриддердин үстүнөн (1906–1980) Франция менен Улуу Британиянын суверендүүлүгү. К-дук башкаруунун түрү катары дээрлик сакталып калган жок. Бирок анын өзгөчөлүктөрү – өз алдынча мамлекеттик структуралардын эффективдүү кызматташтыгын чечүүнүн мүмкүн болгон ыкмаларынын бири катары кылдат изилдөөнү талап кылат.
Андан бөлөк, рим укугунда К. термини эки же андан көп адамдар үчүн жалпы менчикти; азыркы убакта – Улуу Британияда жана АКШда жер участокторуна, турак жайга жалпы ээ болуунун формасын билдирет (башка өлкөлөрдөгү кооперативдик менчиктин аналогу).