КООМДУК САЯСИЙ УЮМДАР

Коомдук саясий уюмдар Эгемендүү мамлекеттин калыптанышына Кыргызстандагы саясий партиялар, коомдук уюмдар орчундуу салымдарын кошуп келүүдө. Жалгыз КП үстөмдүк кылган учурда айкындуулук болбой, компартиянын багытына каршы чыккандар аеосуз жазаланып, куугунтукталып келген. Өлкө демократиялык жолдон четтеп, буйрукчул-тоталитардык тартипте жашады. 1991-жылы Кыргызстан демократиялык кыймылы (КДК) расмий каттоодон өттү.

Кыргыз демократиялык кыймылынын курамында 1991-жылы октябрда – Асаба улуттук кайра жаралуу партиясы, 1992-жылы февралда – Эркин Кыргызстан демократиялык партиясы, 1992-жылы ноябрда – Ата Мекен партиясы түзүлдү. Ушул эле жылы – Элдик Республикачыл партия, Кыргызстан коммунисттер партиясы, Агрардык партия, 1993-жылы – Кыргызстандын демократиялык кыймылы партиясы, 1991-жылы Биримдик партиясы жана башка коомдук-саясий уюмдар жана партиялар түзүлдү.

1995-жылы партиялардын саны 13кө жеткен. 2000-жылы Кыргызстанда 25 саясий партия расмий каттоодон өттү, мындан сырткары түзүлдү деп жарыяланган, бирок расмий каттоодон өтпөгөн партиялар да бар. Расмий катталган партиялардын айрымдары гана коомдук-саясий турмушка жигердүү катышып, Конституциянын, бир катар маанилүү мыйзамдардын атаандаш долбоорлорун жарыялашты. 2000-жылы 20-февралдагы парламенттик шайлоодо саясий партияларга 15 орун бөлүнгөн. Парламенттик шайлоо алдында Юстиция министрлиги бийликке оппозиция болуп келген Эл (бей-бечаралар), Арнамыс партияларын шайлоого катышууга мыйзам жол бербестигин аныктап берди. Ал эми шайлоого катышууга укук алган Кыргызстан демократиялык кыймылы партиясы соттун чечими менен шайлоодон четтетилди. Натыйжада бөлүнгөн 15 орун үчүн 9 саясий партия ат салышып, шайлоонун жыйынтыгында 1-орунду Кыргызстан коммунисттер партиясы, андан соң Демократиялык күчтөр биримдиги союзу (Адилет, Социал-демократия, Биримдик партияларынын түзүлгөн союз), Кыргызстан аялдарынын демократиялык партиясы, Ооганстан жана башка жергиликтүү согуштарга катышкан жоо-керлердин партиясы, Ата Мекен социалисттик партиясы, Менин өлкөм партиясы 5%тен ашык добушту топтоого жетишип, 15 орунду ичара бөлүп алышты. Мындан сырткары өлкөдө 400гө жакын коомдук уюмдар, 12 коомдук-саясий кыймылдар иш алып ба-рууда. 2000-ж. июнда бийлик өкүлдөрү менен коомдук уюмдардын, саясий партия-лардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен ал-гачкы «тегерек үстөл», 2001-жылы февралда «тегерек үстөлдүн» 2-баскычы болуп өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында атайын меморандум кабыл алынып, Кыргызстан демократиялык багыттагы өнүгүүсүн уланта берери бышыкталды. Мындан тышкары өлкөдө уюштуруу жыйынынан узак чыга албаган, шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу гана шашылыш түзүлө калган саясий партиялар да бар. Башка коомдук-саясий, улуттук-маданий жана коомдук уюмдардын ичинен өзгөчө жигердүүлүгү менен Кыргызстан элинин ассамблеясы, Кыргызстан эли коому, Кыргызстан укук коргоо кыймылы, Кыргызстан укук коргоо комитети, Кыргыз-америкалык адам укуктарын коргоо жана мыйзамдуулук бюросу, Кыргызстан аялдар конгресси, немис, орус, украин, беларус, дуңган, корей, өзбек, уйгур, месхет түрк, ферганалык түрк, казак жана башка аз сандагы элдердин улуттук-маданий коомдору, Кыргызстан тарыхчылар коому сыяктуу уюмдар айырмаланышты.

Саясий атаандаштык — өнүгүүнүн башаты

2010-жылы Кыргызстан жаңы Баш мыйзам кабыл алганда, көптөгөн дүйнөлүк жана жергиликтүү серепчилер «парламенттик башкаруу, биздин өлкөдө өмүр сүрүп кетүүсү күмөн»- деген ой-пикирлерин таңуулаган. Арадан эки жыл өттү. Биз кандай ийгиликке жетишип, кандай жыйынтык чыгардык? «Кыргызстан өзү тандаган багытта туура кетип бара жатканын айгинелей алабы жана парламенттик башкаруу системасынын өнүгүүсүнө кандай себептер тос-коол болуп жатат»- деген суроолор жаралууда.

Коомдук жашообузда болуп жаткан тенденциялар, биздин саясий партиялар идеологиялык багыты жагынан толук жетилбегендиктеринен улам, саясий алкакта адилеттүү атаандаштык жок экендигин тастыктап турат. Бул албетте, парламенттик башкаруу системасынын өнүгүүсүнө тескери таасир берет, себеби саясий партия бул парламентаризмдин негизги башаты жана институту. Саясий партия — идеологиялык жана экономикалык максатта түзүлөт. Бул максаттарын бийликке келүү жолу менен ишке ашырат. Дүйнөдөгү азыркы саясий партиялардын тарыхы 19-кылымда, бүткүл элдик шайлоо укугу киргизилгенден тартып башталат.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандагы жоогазындай жайнаган партиялар бир жарандын бийликке келүү куралы болуп калды. Чыныгы саясий күч жана улуттук жолбашчылар мамлекеттүүлүк жана өлкөнүн улуттук коопсуздугу коркунучка дуушар болгондо пайда болору талашсыз. Алар оор мезгилдин сыноосу аркылуу тарбияланып, жогоруда айтылган мамлекеттүүлүк жана улуттук коопсуздук менен байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө бел байлайт. Ушундай жол менен саясий элита түзүлөт. Буга көптөгөн мисалдарды келтирсек болот, биздин эле Кыргызстандын 2200 жылдан ашуун тарыхында Барсбек, Алп-Сол, Мухаммед-Кыргыз, Болот хан, Абдыкадыр Орозбеков, Абдыкерим Сыдыков, Ж.Абдыракманов сыяктуу лидерлер, тагдырдын оор сынагынан сынбай, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн көчүн улантууга өбөлгө түзүшкөн.

Албетте, партиянын түзүлүү тарыхы чоң ролду ойнойт. Мисалы 1917-жылы Орусияда болуп өткөн Февраль буржуазиялык революциясы Кыргызстандын коомдук жана саясий жашоосун катуу активдештирген. Кылымдар бою бай-манап жана букарадан турган феодалдык түзүлүштө өмүр сүргөн кыргыз коому 1876-жылдан тарта Орусия падышачылыгынын колониясына айланып, дүйнөлүк капитализмге кичинеден аралаша баштаган. Ошол учурдагы Европанын саясий идеологиялык мектептери Орусияга тарап, анан бат эле кыргыз коомун аралай баштады. Февраль буржуазиялык революциясынын натыйжасында Кыргыз жергесинде европалык оңчул жана солчул багыттагы саясий уюмдар түзүлөт. «Туран», «Алаш-Ордо» партиялары либералдык, ал эми «Букара» демократиялык биримдиги, социал-демократтар, солчул эсерлер социалисттик көз карашты карманышкан. Ошондой эле улуттук жана диний негизде түзүлгөн саясий уюмдар да өз ишин жүргүзүшүп, элдин чоң катмарынын колдоосуна ээ болушкан, мисалы «Исламдык Кеңеш» («Шуро-и-Ислам») партиясы. Жогоруда айтылган саясий партияларды кыргыз тарыхында чоң из калтырган, залкар инсандар башкарганы белгилүү. Алар батыштын европалык-светтик билимин жана ислам диний илимин жогорку деңгээлде өздөштүрүшкөн. Бул инсандардын ар тараптуу илим синтези партиялардын идеологиялык, экономикалык программаларына жана максаттарына чоң таасирин тийгизген. 1918- жылдын аягында Кыргызстандын аймагында кеңеш бийлиги толугу менен орногондон кийин, бул саясий уюмдардын ишмердүүлүгүнө чекит коюлган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн бурулуш учуруна туш келген, биздин тарыхтагы биринчи саясий партиялар, мезгилдин чукулдугуна карабастан, чыныгы адилет атаандаштык процессте бири-бири менен идеологиялык согуш жүргүзүштү.

Экономикалык жана саясий өнүгүүнүн негизги өзөгүн тажрыйба түзөөрү талашсыз. Азыркы мезгилде биздин коомдо көп айтылып жүргөн: «Бизге күчтүү президентик башкаруу керек, парламент бөлүнүп жарылып, курч абалды дагы күчөтүп жатат» деген ой-пикирлер да бар. Буга алакандай Кыргызстандын Юстиция министрлигинде жүз алтымыштан ашуун партиянын катталгандыгы түрткү берүүдө. Мындай кырдаалдан коркуунун кажети жок себеби, муну ар бир өнүгүп бара жаткан мамлекет өз башынан өткөрүшү абзел. Келечекте саясий аренада ушул жүз алтымыш партия биригип, өсүп-өнүгүүнүн жана тажрыйбанын натыйжасында саналуусу гана калат. Мындай жыйынтыкты сандын сапатка айлануусу катарында бааласа болот. Демократиялык нукта өнүгүүгө ишенимдүү кадам шилтеген өлкө парламенттик башкаруу багытын тандоосу керектигин тарых тастыктап турат. Парламентаризм узак жана татаал процесс, ар бир мамлекетте ар-кандай нукта өнүгөт. Бирок, ошол ар-бир өлкөдө партиялар адилеттүү алкакта атаандашып, «солчул», «оңчул», «борбор»( центрист) катары идеологиялык фронтторго бөлүнүшү абзел, себеби ички карама-каршылык гана өнүгүүгө алып келет. Учурдагы кырдаалды тарыхтын тажрыйбасы аркылуу чечүү менен гана бакыбат келечек кураарыбызды унутпашыбыз керек жана ар бирибиз өзүбүздүн атуулдук парзыбызды келечек муундар жана мамлекетибиз үчүн аткаруубуз зарыл.