САЯСИЙ АРАКЕТ
САЯСИЙ АРАКЕТ – айрым адамдар же социалдык топтор тарабынан иш жүзөгө ашырылган идеологиялык акт. С. а. саясий системаны жана анын институттарын бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө же аларды ыдыратып бузууга жана жоюуга багытталат. Топтордун С. а-и таптык, аймактык жана корпоративдик болуп бөлүнөт. С. а. бардыгы белгилүү бир социалдык топтун жана инсандын кызыкчылыктарын жана максаттарын ишке ашыруу үчүн жүргүзүлөт. Бул учурда зордук-зомбулук же демократтык мүнөздөгү каражаттардын ар түрдүү формалары, методдору жана ыкмалары колдонулат. Ушуга байланыштуу зордук-зомбулук С. а-тин эки тиби каралат: «жогортон» зордук – С. а. бийлик органдары тарабынан мыйзамдарды жана тартиптерди бузуу же көзгө илбөө менен жүргүзүлөт жана «төмөнтөн» зордук – тигил же бул социалдык катмарлардын жана элдердин топторунун, саясий партиялардын ж. б. саясий системаны зордук-зомбулук жолу менен өзгөртүү же аны бузууга карата аракет кылынат. С. а. мыйзамдуу жана мыйзамсыз, рационалдуу жана иррационалдуу, стратегиялык жана тактикалык, инерциялык жана чыгармачылык болушу мүмкүн; булар коомдун ичинде жана андан тышкары, регионалдык, субрегионалдык жана эл аралык чектерде ишке ашырылат.