КОШОЙ-КОРГОН — БАЙЫРКЫ ОРДО-ШААР АТБАШЫ

Эгерде биз Кочкор өрөөнүндөгү шаар чалдыбарын XI—XII кк. таандык кылсак, Тянь-Шанда, жогоруда баяндалгандардан көрүнүп тургандай, VI—VIII кк. да, XI— XII кк. да дыйканчылык конуштар көп санда болгон эмес. Кошой-Коргон шаар чалдыбары отурукташкан типтеги бир кыйла эски эстелик. Жергиликтүү кыргыз калкы ал жерде Манастын легендарлуу жан-жөкөрү Кошойдун кенчи катылган деп эсептешет. Бул шаарча эң сонун сакталган, ал тик бурчтуу келип, каптал жактары дүйнөнүн төрт тарабын карайт, дубалдарынын узундугу 250 жана 280 м (чыгышы менен батышы), бийиктиги 8 м ге чейин, түбүнөн алганда 12 м ге, бардык дубалдар бурчтары сыртка чыгып турган мунаралар (12 м ге чейин) менен абдан бекемделген.

Рефератты көчүрүү