КЫРГЫЗДАРДЫН БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ҮСТӨМДҮК ҮЧҮН КҮРӨШҮ. БАРСБЕК.

VII к. аягында VIII к. башталышында кыргыздардын Енисейдеги мамлекети коңшуларын олуттуу эсептешүүгө мажбурлаган. Анын башында Барсбек ажо турган. Барсбек баатырдын тушундагы гүлдөп өнүккөн мезгил кыргыз тарыхынын өзгөчө бир ажайып барагы.

XIX к. экинчи жарымында орус илимпоздору Енисейден (Енисей Чоң дарыя) табылган руна сымал жазууну окушкан. Бул жазуу VIII к. башында кыргыздар жана аларга туугандаш, бирок кас түрктөр тарабынан жазылып, анда кыргыздардын каганы Барсбек жөнүндө айтылган. Бул жазуу булагында кездешкен биринчи кыргыз ысымы эле.

Барсбек Борбордук Азиядагы саясий жагдай кескин өзгөрүп турган кезде кыргыздарга башчылык кылган. Ал эми Орхон түрктөрүн (Монголияда) Тан империясынын эзүүсүне каршы көтөрүлүшкө баштап чыккан. Алар талаада кытай аскерлерин жана алардын союздаштарын бир нече жеңилүүлөргө учуратышкан. Эски Ашина династиясынын мүчөсү Кучлуг башчылык кылган түрктөр Экинчн Түрк кагандыгын түзүшөт. Кыргыздар, башка талаа элдери сыяктуу эле, үстүртөн болгон кытай бийлигинин ордуна аларга үстөмдүк кыла турган күчтүү мамлекеттин болушун каалашкан эмес. Кыргыздар Баз кагандын тогуз огуздары, курыкандар, кытайлар, татарлар менен биргелешип Таң имнернясынын союздаштары болуп чыгышкан.

688-ж. үстөмдүккө умтулган чыгыш түрктөр Баз кагандын коалициясын талкалашып, толук бойдон талаанын ээси болуп калышты. Кыргыздар бул салгылашууга катышкан эмес, ошондуктан өздөрүнүн аскерлерин сактап калышат. Барсбек ажо Түрк кагандыгынын түндүк чек араларындагы түрктөргө каршы турган күчтөргө башчылык кылып калды. 688-ж. кийин көп убакыт өтпөй Барсбек кыргыздардын күчүн баамдап, маанилүү саясий актыны жасады. Ал Ынанчы Алп Билге деген такты наамын кагандык титулу менен кошо кабыл алды. Мына ошентип, кыргыздардын каганы Борбордук Азияда үстөмдүк кылууга ачыктан-ачык доо коюп, Түрк кагандыгына чакырык таштаган болучу.

Түрктөрдүн каганы Капаган (693-716-жж.) кыргыздардын коркунучун жоюуну чечет. Түрктөрдүн Енисейге карай Билге башчылык кылган биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктайт. Аскерлер кыргыздардын чек арасына жеткен кезде токтотулган. Натыйжада каршылашкандар тынчтык кеяишимин түзүшкөн. Анын шартына ылайык Капаган Барсбекти каган деп таанып, ага өз жээнин аялдыкка берген. Калыбы, кыргыздар Түрк кагандыгы менен ниеттеш болууга сөз берген окшойт. Бул келишим Барсбек каган Ынанчы Алп Билгенин абалын мыйзамдаштырды жана бекемдеди, бирок анын алысты көздөгөн максатын чечкен жок.

VIII к. башында күчөгөн Барсбек түрктөргө каршы активдүү тышкы саясатты жүргүзгөн. 707-709-жж. ал ошол кезде түрктөр менен согушуп жаткан Кытайга эки элчнлнкти жиберген. Түрктөргө каршы союзду уюштуруу боюнча Барсбектин дипломатиялык демилгеси Түргөш кагандыгына да тараган. Чүй өрөөнүндөгү түргөштөргө Эзгене башчылык кылган элчилик жиберилет. Кыскасы, кыргыздардын каганынын дипломатиялык аракеттери ийгиликтүү болгон.

709 — ж. карата ал түрктөргө каршы кубаттуу коалицияны түзө алган. Ага Тан империясы жана Түргөш кагандыгы кирген. Түрк кагандыгынын саясий жана ири аскер ишмерлеринин бири Тон-йокук Борбордук Азияда түзүлгөн саясий жагдайга мындайча баа берген экен: «Табгач (кытайлык) каганы биздин душманыбыз эле. Он ок (тургөштөрдүн) каганы биздин душманыбыз. Бирок биздин баарынан чоң душманыбыз кыргыздардын кучтүү каганы болгон».

Түрктөр күтүп отурбай союздаштарга биринчи болуп кол салып, аларды жалгыздап талкалоону чечишти. Жогоруда келтирилген тексттен талаа гегемону үчүн баарынан чоң коркунучтуу душман алыскы кытайлар жана түргөштөр эмес, кыргыздар болгондуктан биринчи чабуулду ошолордон баштаган. 709-ж. түрктөрдүн кошууну Енисейдин баш жагынан кечип өтүп, кыргыздарга союздаш чик жана аз урууларын талкалап, Туваны ээлешкен да, аны кыргыздарга чабуул коюу үчүн плацдармага айландырышкан.

Кыргыздар Тувадан Енисейге капчыгай аркылуу кеткен башкы жолду, жалаң аска таштарды үймөктөп, тизип отуруп, эч бир жан өтө алгыс бийик кыр менен тосуп коюшкан (анын калдыктары ушул убакка чейнн сакталып калган). Мындан эч кандай армия өтө алмак эмес. Барсбек Саяндагы башкы маанилүү ашууларды да ээлеп, толук коопсуздукту камсыз кылдым деп ойлоп, союздаштарынын жардамын күтүп калган. Бирок түргөштөр да, кытайлар да кыргыздарды колдоп чыгышкан жок. Алар Барсбек жөнүндө ойлошпой, өз чектерин коргоо менен гана алек болушкан. Айласы түгөнгөн Барсбек күчтүү Түрк кагандыгы менен беттешүүдө жападан жалгыз калып, саясий багытын өзгөртүүнү чечет. 710-ж. күзүнөн кечиктирбей ал Тан империясына жана түргөштөрдүн мамлекетнне, Тнбетке элчиликтерди жиберет. Кыргыздардын күчтүү болшар уруусунан чыккан Эрен-Улуг элчиликке башчылык кылган. Тажрыйбалуу дипломат кыргыздардын чет өлкөлөргө жиберилген төрт элчилигнне катышкан. Ал бул үчүн Барсбек тарабынан өзгөчө белгиленген. Албетте, кыргыз каганы Эрен-Улугдун элчилиги жөнүндө Кытайды кабардар кылган эмес, бирок ал тууралуу маалыматтар көчмөндөрдүн арасында атайылап эле кеңири таркатылган. Калыбы, бул түрктөрдү коркутуу үчүн эмес көбүнчө Кытайдын жана түргөштөрдүн согуш аракеттерин активдештирүү үчүн жасалган болуу керек. Бирок кеч болуп калган эле. Эрен-Улуг белгисиз себептер менен бөтөн жерде өлгөн. Тибет Барсбекке союздаш болуп калган жок. Кытайлар менен түргөштөр жортуулга чыгыпгаады, түрктөр болсо аракеттерин ыкчамдатты.

Түрк колбашчылары жан аябаган кадамды жасоону, Саян кырка тоолорундагы кыргыздар коргоп турган жолдорду айланып өтүп, кышкы ызгаарга карабай кыйын жол менен өтүүнү чечишти. Бул жортуулга түрктөрдүн келечектеги каганы Билге жана анын баатыр бнр тууганы Күлтегин катышкан, бирок ага иш жүзүндө кары жана тажрыйбалуу Тонйокук башчылык кылган. Ал жергиликтүү элден чыккынчыны издеп табат. Жол көрсөткүч өзүнүн шоруна түрктөрдүн аскерлерин бийик тоолордогу жашыруун жалгыз аяк жол менен Миң-Өзөн ойдуңуна алып барууга макул болгон. Тонйокук жортуулдун кыйынчылыгын мындайча сүрөттөгөн:

«Мен аскерлерге сапарга чыгууга буйрук бердмм, мен «Аттангыла!» деп айттым. Ак-Тврмелдөн өтул жатканда мен тылдагы лагерге токтоп турууга буйрук бердим, Аттанууга буйрук берип, кар аралап жол салдым, өзум башкалар мөнен бмрге жыгач бакандарды таянып чыктым. Алды жактагылар карды тапташты, бмз токой каптаган чокуну аштык. Аябагандай кыйынчылык менен төмөн түштүк, тоодогу кар ширендисик айланып өтүп олтуруп, он кун дегенде тоожантаймасына жөттик. Жергиликтуү жол баштоочу жолдон адашып кеткендиктен өлтүрулдү».

Албетте кыш күрөөдө Саян тоосу аркылуу өтүү чоң эрдикти талап кылган. Түрктөрдүн ойлогону ордунан чыкты.

711-жж. кышында алардын аскерлери кыргыздарды күтүлбөгөн жерден каптап киришти. Биринчи салгылашуу түн ичинде болду. «Биз кыргыздарга уйкуда жатканда кол салдык… жолду найзалар менен салдык» деп белгилеген байыркы түрктөрдүн руна сымал жазуусу бар эстелигинде. Кыргыздардын негизги күчтөрү талкаланган болучу. Барсбек аман калган колун Суңга токоюна (азыркы Тувада) топтоп, өжөрлүк менен каршылык көрсөттү. Айыгышкан катуу салгылашуу бир жумага созулду. Мында Күлтегин үстөмдүк кылды. Кыргыздар толук кыйратылды. Барсбек бетме-бет салгылашууда курман болду. Анын сөөгүн кыргыздардын байыркы салты боюнча сый менен коюуга да мүмкүн болбоду. Мунун өзү Алтын-Көлдөгү эпитафияда белгиленген болучу. Уруулаштары баатыр кагандын урматына адам боюнан бийик чоң жалпак ташты орнотушту, кыргыздар анын курман болушуна байланыштуу азасын кыргыз жазуусу менен билдиришкен. Суңганын алдындагы салгылашууда кыргыздардын жеңилиши, калыбы анын мамлекетин эң олуттуу кесепеттерге алып келген окшойт. Анткени, ошондон кийинки кырк жылдан ашуун убакыттын ичинде кыргыздар Борбордук Азиядагы согуш аракеттерине катышкан эмес. Мамлекеттиы башына кыргыздардан аким коюлганына карабастан, ал Түрк кагандыгы кулаганга чейин ищ жүзүндө ага көз каранды болуп турган.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор