КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК КЫЙМЫЛЫ (КДК)

КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК КЫЙМЫЛЫ (КДК) – улуттук кайра жаралуу багытындагы, Кыргызстандын  формалдуу уюмдарынын демилгеси менен түзүлгөн кыймыл. Уюштуруу конференциясы 26–27-майда 1990-ж. Бишкек  шаарында болгон. Юстиция министрлигинде каттооодон 11-ноябрда 1990-жылы өткөн. 1993-ж. 29-майдан – Кыргызстан  Демократиялык кыймылы партиясы болуп кайра түзүлгөн. Ар кимиси өз алдынча, чачыранды аракет кылган  коммунисттик режимге каршы күрөшүшкөн 24 коомдук уюмдар биригишип – КДК уюштурган. Алардын катарында –  «Асаба», «Ашар», «Атуулдук демилге», «Боорукер», «Ак-Кеме» (Ленинграддагы кыргыз студенттеринин  жердешчилиги), Базаркоргон, Жалалабат, Ысыккөл, Карабалта, Майлысай, Ош, Каракол, Талас, Токмок, Чолпоната ж. б.  шаар жана кыштактардагы уюмдар кирген. 1991-ж. февралына карата КДК 34 өз алдынча уюмдарды бириктирип, жалпы  саны 300 миңден ашкан. «Славян фонду», «Кыргызстан социал-демократтары», «Мемориал» клубу ж. б.  республикадагы улуттардын өкүлдөрүнөн турган уюмдардын КДКга мүчө болуп кириши бул кыймылга  интернационалдуу мүнөз берген. КДКнын уюштуруу конференциясына 301 делегат чечүүчү добуш менен катышып, 83  адамдан турган Кеңеш жана 19 мүчөдөн турган Башкарма шайланган. Башкарманын 5 тең төрагасы: Казат Акматов,  Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналиев, Кадыр Матказиев жана Төлөн Дыйканбаевдар шайланган. Конференция кабыл  алган убактылуу программада республиканын суверенитетин талап кылуу, демократтык граждандык коомду жана рынок  экономикасына өтүү көрсөтүлгөн. Программа жана Уставдан тышкары, конференцияда төрт резолюция кабыл алынган:  Литвада блокаданы алып таштоо жөнүндө, демократиялык кыймылдын активисттерин аңдууну токтотуу жөнүндө, 1916-  ж. геноцид жөнүндө жана карапайым калкка каршы куралдуу күч колдонбоо жөнүндө. КДКнын саясий аренага чыгышы  кыргыз коомчулугу тарабынан ар түрдүүчө кабыл алынган. Бул кыймылдын республикалык партиялык жетекчилик  менен мамилесинин начардыгы аны «улутчул кыймыл» деп айыптоого шыкак берген. Бирок, Ош окуялары мезгилиндеги  1990-ж. 6–7-июндарында Бишкектеги Өкмөт үйүн курчап алган жаштардын митинги менен жалпы тил табышууда,  КДКнын активисттери алгылыктуу иштерди жасашкан. Студенттер жана кыргыз улутундагы жаш жумушчулар КДКнын  социалдык базасын түзүшкөн. КДК кыргыз айылдарында өтө белгилүү болгон. 1990-ж. октябрдагы Жогорку Кеңештин  сессиясында Республиканын Президенттик шайлоодо КДКнын активисттери Өкмөт үйүнүн алдында ачарчылык  уюштуруп, шайлоонун жүрүшүнө иштиктүү таасир тийгизишкен. КДКнын программасы 1991-ж. 10-февралда  кыймылдын I съездинде кабыл алынган. Ал программа 6 бөлүктөн турат: 1 – учурдагы абал, 2 -коомдук-саясий жана  мамлекеттик системаны демократташтыруу боюнча милдеттер, 3 – КДКнын улуттук саясаты, 4 – экономика, 5 –  жаратылышты коргоо, 6 – социалдык жана маданий турмуш. Бул Программада КДК өзүн КПССке карата оппозициялык  кыймыл – деп билдирген жана Президентти жана анын программасын колдойбуз деген.

КДКнын Союздук Келишимге  карата мамилеси жөнүндөгү анын I-съезд кабыл алган Резолюцияда «Жогорку Кеңеш республиканын аймагында  референдумду өткөрбөөгө тийиш» – деген талап коюлган. «КДК кабарлары» гезитинин биринчи номеринин нускалары  типографиядан эле бийлик тарабынан конфискацияланган. Кыргызстанда коммунисттик партократиянын мамлекеттик  жогорку бийликтен четтетилиши жана бийликке Президент баш болгон демократтык күчтөрдүн келиши менен өлкөдөгү  социалдык жана саясий кырдаал кескин өзгөрдү. Кыргызстан суверендүү (15–12. 1990-ж.) жана көз каранды эмес (31. 08.  1991-ж.) мамлекет деп жарыяланды. КДК кыргыз элинин жана республикада жашаган жалпы калктын саясий,  социалдык, руханий кулчулуктан бошонушуна, өз эркине, оюна ээ болушуна, өз күчүнө ишенишине чоң салым кошту.  Кыргызстандагы улуттук, граждандык кыймыл тез аранын ичинде КДКнын рамкасынан чыгып, массалык кыймылдын  мүнөзүнө ээ болду. Кыргызстандын демократиялык багытта иштей башташы менен КДКнын Программасынын негизги  максаттары мамлекеттик саясатка айланды. Кыймылдын буга чейинки тактикасы демократиялык саясий режим  орногондон кийин мурдагы эффективдүүлүгүн жоготту. КДКнын көптөгөн активисттери мамлекеттик бийлик  органдарынын жогорку кызматтарына көтөрүлүштү, экинчи бир бөлүгү ишкерликке, фермерликке, бизнес кылуу жагына  өтүштү. Мына ушундай социалдык-саясий кырдаалда КДКнын ичинде жикке бөлүнүүлөр башталды. Жаңы  демократиялык мамлекетти жана анын саясий системасын калыптандырууда жалпы мүнөздөгү сөздөрдөн, ураандардан  саясий майданда чечкиндүү аракет жасаган, ар тараптан иштелип чыккан, конкреттүү сунуштары бар, саясий күрөш  майданында туруктуу, кайраттуу иштей турган саясий партияны түзүү зарылчылыгы келип чыкты. КДК ичинде, ал түзүлүп, өз ишмердигин баштаганда эле байкалган, аны убакыттын өтүшү менен күч алып, тереңдеп жана кеңейип келген үч  саясий агым бар эле: радикалдык, улутчул-патриоттук, центристтик. Ушул агымдар бара-бара саясий партия деңгээлине  өсүп жетилишти. КДКнын ичинен бө-лүнүп чыккан партиялардын катарына – («Эркин Кыргызстан», «Ата-Мекен» жана  «Асаба») кирет. Кыймылдын калган мүчөлөрү 1993-ж. 29-майда КДК партиясын түзүп алышты.