КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК КЫЙМЫЛЫ

КЫРГЫЗСТАН ДЕМОКРАТИЯЛЫК КЫЙМЫЛЫ партиясы (КДКП). Кыргызстан Демократиялык кыймылынын  1993-ж. 29-майда болуп өткөн Ш съезди КДК партиясынын уюштуруу съезд катары эсептелинет. Мамлекеттик  каттооодон 1993-ж. 15-июлда эткөн. Бул мезгилге карата КДК массалык кыймыл катары өзүнүн милдеттерин аткарып, ал  кыймылдын коомду демократташтыруу боюнча койгон талаптарынын бир бөлүгү аткарылып, ал эми негизгилери болсо  мамлекеттик саясатка айланып калган. КДКны колдогон калк эми Президенттин демократиялык режимди курууга  багытталган саясатын колдоп, КДКнын көптөгөн активист-тери мамлекеттик бийлик структурасына кызматка өтүп,  кыймылдын саясий багытына макул эместер өздөрүнчө саясий партияларды түзүп кетишкен («Эркин Кыргызстан»,  «Ата-Мекен», «Асаба»). Ошентип, КДКнын жетекчи составында анын ишине бекем берилген, «оңго» да «солго» да  ообогон, аз сандагы топ калган. Мына ушул топ КДК партиясын түзүүнүн демилгечиси болгон. Уюштуруу съездине КДК  партиясынын жаңы Уставы жана Декларациясы кабыл алынган. Бул документте КДКП центристтик багыттагы партия  деп жарыяланган жана коомдун эволюциялык жол менен өнүгүшүнө макул. «Башкысы – бул адам» – партиянын негизги  урааны. Декларацияда өкмөттүн кандай болуш керектиги жөнүндө катар талаптар коюлган. КДК партиясынын  ишмердүүлүгүнүн негизги формаларынын бири митингдер жана пикеттерди уюштуруу. КДКП демилгеси менен  уюшулган экономиканын учурдагы абалы боюнча конференцияда жетекчиси Ч. Жакыпова болгон стратегиялык  изилдөөлөр борбору түзүлгөн.

АКШдагы эл аралык республикалык институт жана эл аралык мамилелердин Улуттук  демократиялык институту уюштурулган Алматыдагы, Бишкектеги жана Оштогу конференцияларга КДК партиясынын  өкүлдөрү актив-дүү катышкан. 1995-ж. 5-февралдагы Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгүнө КДКП  активдүү катышкан. Бардыгы 28 талапкер көрсөтүлүп, экөө Мыйзам чыгаруучу жыйындын депутаттары болуп калышты:  Ж. Жекшеев жана У. Мукамбаев. КДК партиясынын Кеңешинин төрагасы Ж. Жекшеев.