КЫРГЫЗСТАН МОНГОЛ ИМПЕРИЯСЫНЫН ТУШУНДА

Байыркы Орхон-Енисей таш жазууларында жана кытай тарыхый маалыматтарында белгилүү болгондой, ошол аймактарда IX—X кк. чейин эле монгол, татар элдери жана аларга тектеш бир нече уруулардын жашаганы белгилүү. Кийинчерээк татарлар көбөйүп, оңгут, меркит, огу ж. б. чоң урууларды бириктирген татар уруу бирикмеси түзүлгөн. Алар түштүгүндөгү коңшусу Син империясы менен бир аз убакытка ынак байланышты түзө алган. XII к. башында татар уруу бирикмеси бузула баштап, анын ичиндеги монголдор менен татарлардын арасында карама-каршылыктар от алат. Ошол мезгилде керей, коңурат, ойрот, найман өңдүү уруулар өз алдынча күчөй баштайт.

Монгол уруусунун башчысы Эсугей баатыр керей ж. б. уруулар менен биригип, татарларга уламдан-улам оор сокку уруп турат. 1155-ж. (кээ бир маалыматтар боюнча 1162-ж.) Эсугейден Темучии төрөлөт. 1164-ж. Эсугей татарлар тарабынан өлтүрүлгөн сон Темучин жетим калып, кыйынчылык менен чоңоёт. Темучиидии еенющ1чи чоң энеси Алан-Гоа (Сулуу Марал) беш баласынын экөөнү моцгол күйөөсүнөн, ал өлгөндөн кийин, үч уулун түн ичннде жарыктын шооласы менен кошо түшүп келген сары кишиден төрөгөнү жөнүндө мяф бар. Темучиндин өзүиүн да, укум-тукумдарынын да чачтары кызгылт сары, көздарү көк болгон. Ага окшош кишилер Енисей кыргыздарынын арасында көп кездешкен. Ушуга байланыштуу Алан-Гоа өзүнүн кийинки үч уулун Улуу кыргыз дөөлөтү күчөгөн мезгилде (IX к. аягы) монгол урууларын бийлеген кыргыз колбашчысынан төрөгөн деген божомоаду орустун белгилүү изилдөөчүсү Березин XIX к. эле айткан. Бул пикирди немец окумуштуусу П. Рачневский да ырастаган.

Монгол уруусунун башка тайпалар менен болгон согушунда Темучин өзүнүн баатырдыгын көрсөткөн. Акырында ал бүткүл татарларды, найман, оңгут, булар менен катар бир нече түрк урууларын өзүнө баш ийдирет. 1206-ж. бүткүл монгол феодалдарынын чоң курултайында мамлекетти империя деп, өзүнө Чыцгыз хан (бекем, күчтүү хан) титулун алат.

Чыңгыз хандын буйругу боюнча бардык монгол уруулары, алардын ичинен татарлар да, түрк уруулары да жортуулга чыгууга тийиш болушкан. Аскерлери ондуктарга, жүздүктөргө, минднктерге жана он миңдиктерге (түмөндөр) бөлүнгөн. Аскерге жалаң гана ыктыярдуулар алынып, согушта эрдик көрсөткөндөр урмат-сыйга бөлөнгөн. Ар бир бөлүктүн башында бийлиги чектелбеген башчысы болгон. Бир жоокердин коркоктугу, күнөөсү үчүн бардык ондукту, бир ондук үчүн жүздүктү өлүм жазасына тартышкая.

1207-ж. Чыңгыз хан Түштүк Сибирь элдерин багындырууга буйрук берет. Ошол кезде өзүнчө ар кайсы жерде чакан ээликтерге бөлүнүп калган бытыранды кыргыздар күч катнашын туура түшүнүшкөн. Ошону үчүн кыргыздар Чыңгыз ханга уйгур менен карлуктар сыяктуу эле ыктыярдуу түрдө баш ийип беришет.

Ошондон 10 жыл өтпөй 1217-ж. Тува-Кыргыз чакан ээлигине кирген уруулардын бири — түрк тилиндеги туматтар монголдордун эзүүсүнө каршы көтөрүлүшкөн. Көтөрүлүштү басуу үчүн Чыңгыз хан көп сандаган аскерлери менен тажрыйбалуу колбашчы Барагул-нойонду жиберген. Туматтар жан аябай салгылашкан. Бирок күч бирдей болбогондуктан, монголдор көтөрүлүштү кгшсыратып басышкан.

Тынчтык узакка созулбады. 1218-ж. монголдук салык жыйноочулар кадимки жыйындын үстүнө дагы 100 тумат кыздарын өздөрүнүн феодалдарына берүүнү талап кылышкан. Мындай кемсинткен талап элдин кыжырын келтирген да туматтар кайрадан көтөрүлүп чыгышкан. Чыцгыз хан көтөрүлүштү басуу үчүн кыргыздардан аскер талап кылат. Ал эми кыргыздар көптөгөн кылымдар бою таянычы жана колдоочусу болуп келген өз кыштымдарына (туматтар) каршы согушмак түгүл кайра аларга болушуп көтөрүлүшкө чыккан. Бириккен күчтүн башында кыргыз колбашчысы Курлун турган. Бул көтөрүлүштөн чочулаган Чыңгыз хан аны басыш үчүн көп кол меыен улуу баласы Жучини жиберет. Монголдор аларды талкалашып, мыкаачылык менен жазалашкан. Ошентип, монголдор согуш ачып, кыргыздарды баш ийдириш үчүн бир айдай убакыт жумшашты. Тува, Миң-Өзөн, Алтай аймактарын аралап өтөт. Кыргыздардын көбү кырылып, бир жамааты туткунга айдалып кетет, бир бөлүгү чытырман токойлорго кире качып, чачылып тарайт. Дагы бир бөлүгү душман жеткис аймактарга качып кутулат.

Чабылып-чачылганына карабастан, кыргыздар баштан байырлап келген негизги аймактарын сактап калган жана көп жылдар бою монголдордун вассалдары болуп эсептелген. Кыргыздардын жери менен кошо бүткүл Саян-Алтай чөлкөмү Жучи хандын ээлипине берилген. Бул аймактар Монгол империясынын түндүк батыштагы чет жакасы болуп калган. Чыңгыз хан елгөндөн кийин (1227-ж.) анын ордун Угедей басат. 1229-ж. такка отурган Чыңгыз хандын үчүнчү уулу Угедей (Өгөдөй) букараларынын көцүлүн алып, бийлигин бекемдеш үчүн меркиттер менен кыргыздардын арасынан мартабалуу кишилердин кыздарын аялдыкка алып, жергиликтүү феодалдык төбөлдөр менен байланышын бекемдейт. Угедейдин төртүнчү аялы кыргыз кызы болгон. Анын тушунда монголдор Түндүк Кытайды, Арменияны, Грузияны, Азербайжанды басьш алышкан. Батый хан Чыгыш Европага жортуулга чыккан. Кыргыздар жашаган жерди бир топ мезгилге чейин Чыцгыз хандын кичүү уулу Тулуй башкарьга турган. Угедей өлгөндөн кийин бийликке Тулуйдун балдары келет. 1249-1259-жж. такта Тулуйдун тун уулу Мёнкэ олтурат. Ал өлгөндөн кийин такка Тулуйдун ортончу уулу Хубилай (1260-1295-жж.) келет. Ал Чыңгыз хандын башка укум-тукумдарына кошулуп жацы согуш баштап, көп жерлерди каратат.

Ошол мезгилде кыргыздар жашоо шартына жана чарбасынын мүнөзүнө жараша эки топко бөлүнүшкөн. Биринчиси мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкты кесип кылган талаа кыргыздары, экинчиси мал чарбачылыгын жана аңчылыкты кесип кылып, Енисейдин баш жактарьшдагы тоолуу жерлерде жашаган токой кыргыздары. Енисейдин баш жагындагы кыргыздардын коңшулашы ойроттор болгон. Кыргыздар жана башка түрк элдери ойроттордун тилине да таасир тийгизген. Енисейлик кыргыздардын монголдор менен акыркы кармашы 1273-ж. башталган. Алар көтөрүлүшүп, монгол наместнигинин резиденциясын курчап алышкан. Наместник согушуп жатып чегинет. Монголдордун нчнндегн өз ара кармашуулардан пайдаланып кыргыздар өз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүгө жетнше алышкан. 1273-1293-жж. Енисейди бойлото кеткен өрөөндү жерлерди кыргыздар ээлеп турушкан. Апарга ордосу Кыргызстандын Чүй өрөөнүндө болгон Орто Азиядагы монголдордун башкаруучусу Хайду жардам берген. Хубилай менен Хайдунунун ортосундагы согуш кыргыздарга көп кыйынчылыктарды алып келген. Согуштун кесепетинен кыргыздар туш тарапка ыдырап, мамлекеттуүлүгүнөн ажырайт. 1275-1276-жж. кыргыздардын бир бөлүгү Хубилайга каршы көтөрүлөт. Көтөрүлүш басылган сон кыргыздардын чон бөлүгү Батьпп Манчжуриядагы 1277-ж. негнзделген округдун жаны борбору Чжаочжоу шаарына көчүрүлөт. Алар бара-бара өз атын жоготуп, кытайларга снңип кеткен. Алтай-Хангай тоолорун мекендеген кыргыздардын 9 миң түтүнү Хубилайдын буйругу менен Монголиянын ички районуна көчүрүлөт. 1290ж. монголдорго кызмат кылган колбашчы кыпчак Тутук Хубилайдын буйругу менен Алтайдагы Хайдуга каршы жортуулга чыгат да, натыйжада кыргыздардын 3 миң үй-бүлөсү көчүрүлүп кетет. Тутук андан кийин Енисейдин баш жагьш мекендеген кыргыздарды баш ийдирет да, дагы бир жолу кыргыздардын бнр тобун (700 үй-бүлө) Манчжуриянын түштүкчыгышындагы Хэсыхе районуна көчүрөт. Алтайдагы кыргыздардын дагы бир тобу 1295-ж. күч менен Шаньдун провинциясына жер которот.

Мына ошентип, XIII к. экинчи жарымында Енисейлик, Алтайлык кыргыздар монгол хандары тарабынан талкаланып, бир топтору Борбордук Азиянын туш тарабына күч менен көчүрүлүп, бытырап кетишкен.

Теңир-Тоонун чыгыш тарабын басып алуу Чыңгыз хан үчүн ынгайлуу болгон. 1218-ж. Жети-Сууда наймандардын аскерлерин Чыңгыз хандын колбаппысы Жэбэ-Нойон уйгурлардын жана карлуктардын колдоосу менен оной эле талкалаган. Наймандардын каршылык көрсөтүүгө даярдыгы да жок болчу. Наймандардын ханы Күчлүк Чыгыш Түркстандагы жана Жети-Суудагы мусулман букараларын басып алгандан кийнн, аларды буддизмди же христиан динин кабыл алууга мажбурлаган. Ошондуктан, Жети-Суунун жана Чыгыш Түркстандын эли зулум Күчлүктү жек көрүшүп, монголдорду бошотуучу катары тосуп алышкан. Наймандардын аскерлерин талкалоодо монголдордун 20 миң адамдан турган кошууну аракеттенген. Күчлүк жеңилгенден кийин качып баратып, Памир тоосунан кармалып, башы алынган.

Ошентип, Кыргызстандын калкы Чынгыз хандын канкордугун сезбей, монголдордун ийгиликтерине көмөктөш болушкан. Бирок чарбасы маданияты, наймандардын башкаруу мезгилиндеги талап-тоноодон ого бетер начарлаган.

1218-ж. Жети-Суу жана Борбордук Теңир-Тоо толугу менен монголдордун көзөмөлү алдында калган. Чынгыз хандын түмөндөрү Түркстандын элдерин кылычтын кучү менен багынтып алды. 1219-ж. монголдор Хорезмшах Мухамеддин бүлүнгөн күчтөрүн оңой эле багынткан. Чынгыз хан талаптоноочулук менен басып алуу саясатын батышты карай уланта берген. Натыйжада, Түркстандын жүздөгөн шаарлары менен айыл-кыштактары өрттөлүп, кыйраган. Бир убакта гүлдөп өнүккөн дыйканчылыгы бар Чүй, Талас өрөөндөрү, Ысык-Көл кылаасы көчмөндөрдүн мал чарбачылыгы менен алмашылган. Фергана, Өзгөн, Ош жана башка бир нече айылдар гана көп кыйроого учуратылган эмес.

1227-ж. Чыңгыз хан өлгөндөн кийин анын басып алган жерлери төрт уулуна бөлүнөт. Мурас бөлүштүргөндө Орто Азия менен Борбордук Азия Чыңгыз хандын экннчи уулу Чагатайга жана анын урпактарына тиет. Улустун чек арасы чыгышта Иле суусуна, батышта Бухара, Самаркандга чейин жеткен, т. а. улуска Мавераннахр, Жети-Суу, Кашкар аймагы караган. Чагатайдын ордосу Иле суусунун боюндагы өрөөндө жайгашкан болчу. 1256-ж. хан ордосу Жети-Суудан Мавераннахрга көчүрүлгөн.

Чыңгыз хан басып алган жерлердин анын уулдарына бөлүнүшү монголдордун империясынын кулашына түрткү болгон. Өз ээликтеринде анын уулдары өздөрүн толук кожоюн сезип, Монголиянын «Улуу ханына» баш ийүүнү каалашкан эмес.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор