КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК САЯСИЙ БАЙЛАНЫШТАРЫНЫН ӨСҮШҮ

Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден кийин эл аралык мамилелерге өз алдынча катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кыргыз Республикасы тышкы саясатында биринчи кезекте өзүнүн элинин кызыкчылыгын коргоо, жаңы демократиялык, укук туткан мамлекетти куруу үчүн тышкы ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт.

Кыргызстан тышкы саясаты: тынчтыкты, Кыргыз Республикасынын чек араларынын туруктуулугун сактоо; КМШнын жана дүйнө элдери менен ар тараптуу байланыштарды чындоо; КМШдагы улут аралык кагылышууларды токтотуу, алардын Кыргызстанда болушуна жол бербөө; чет элдик инвестицияларды республиканын эл чарбасына көбүрөөк тартуу; эл аралык соодага улуттук өндүрүштүн продукцияларын алып чыгуу; Бириккен Улуттар Уюмунун ж.б. эл аралык уюмдардын иштерине активдүү катышуу; согуштук блокторго жана союздарга катышпоо; нейтралдуу абалды сактоо ж.б. принциптерге таянат.

Тышкы саясатынын максатына жана принциптерине ылайык Кыргыз Республикасы тез арада эле эл аралык аренада колдоого ээ болуп, кеңири таанылды. Бишкекте 1992-ж. февралда АКШнын, көп узабай эле Кытай Эл Республикасынын, Россиянын, Түркиянын, Германиянын ж. б. мамлекеттердин элчиликтери ачылган. 1992-ж. 2-мартта Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон. 1991-1993жж. эле Кыргыз Республикасынын көз каранды эместигин дүйнөнүн 128 мамлекети таанып, 80ден ашык мамлекеттер менен дипломатиялык мамилелер түзүлгөн. 1998-ж. Кыргызстандын көз карандысыздыгын 135 мамлекет тааныган. Дүйнөнүн 91 мамлекети менен дипломатиялык мамилелер тузүлгөн. Бишкекте 11 элчилик жана өкүлчүлүк ачылган. Чет өлкөлөрдө республиканын кызыкчылыгын 17 дипломатиялык мекемелер коргойт. Кыргыз Республикасы өз алдынча мамлекет катары кадыр-барктуу бир катар эл аралык уюмдардын (БУУ, ОБСБ, МВФ, ЮНЕСКО ж. б.) мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1991-             ж. августта Кыргызстандын көп кылымдык тарыхында биринчи болуп Бишкек шаарында Кыргыздардын Бүткүл Дүйнөлүк Биринчи Курултайы болуп өткөн. Ага дүйнөнүн 20 өлкөсүндө жашаган кыргыздардын өкүлдөрү келип катышышкан. Азыркы кезде дүйнөдө 3 млн ашык кыргыздар бар, алардын жарым миллиондон ашыгы башка өлкөлөрдө жашашат. Ар түрдүү себептерге байланыштуу чет мамлекеттерде жашап калган боордоштордун катышуусу менен өткөн бул Курултай кыргыз элинин улуттук аң-сезиминин өнүгүшүндөгү орчундуу окуялардан болгон.

1990-ж. биринчи жарымында Кыргыз Республикасынын тышкы саясатыныннегизги милдеттери такталып, өз алдынча саясат жүргүзүүдөгү приоритеттүү багыттары аныкталган. Республика тышкы саясатында КМШнын, өзгөчө Борбордук Азиянын өлкөлөрү менен байланышты күчөтүүгө маани берген. Анткени буларда коомдук турмуштун бардык жактары кылымдар бою байланышта өнүгүп келген. Борбордук Азиянын жана Казакстандын мамлекет башчылары СССР кулаган учурдан тартып эле өз ара байланыштарды, жардамдашууну биринчи планга коюшкан. Бул багыттагы келишимдерге Кыргызстан Казакстан менен 1991-ж. 18 февралда, Өзбекстан менен 14-мартта, Түркмөнстан менен 16-июлда кол коюшкан.

Бул жолугушууда жыйынтыктоочу документ кабыл алынган. Орто Азия республикаларынын жана Казакстандын республикалар аралык консультативдикСоветин түзүү макулдашылган. Натыйжада Борбордук Азияда интеграция процессине кеңири жол ачылган. 1994-ж. Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын ортосунда Бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү жөнүндө келишимге кол коюлган. Борбордук Азияда бирдиктүү экономикалык мейкиндикти түзүү идеясы 1994-ж. үч республиканын президенттеринин Алматыдагы жолугушуусунан кийин ишке ашырыла баштаган.

Кыргызстандын тышкы саясатында Россия Федерациясы менен мамиле өзгөчө орунда турат. Бул тарыхый, экономикалык, социалдык жана этностук факторлор менен байланыштуу. СССР тараган алгачкы мезгилден тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосунда достук маанайдагы мамилелер калыптана баштаган. Эки өлкөнүн ортосунда достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу, мамлекет аралык мамилелердин негиздери жөнүндө келишимдер түзүлгөн. Экономикалык кызматташтык, соода-экономикалык байланыш ж.б. боюнча өкмөт аралык келишимдер иштей баштаган.

Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы мамиле республиканын согуштук-стратегиялык абалын, чек араларын сактоо үчүн да керек эле. Бул багыттагы маселелерди жөнгө салыш үчүн эки өлкөнүн ортосунда бир катар келишимдер түзүлгөн.

Достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу тууралуу келишимдерди Кыргыз Республикасы Украина, Белоруссия ж.б. өлкөлөр менен да түзгөн. Натыйжада бул республикалар менен совет мамлекетинин доорунда түзүлгөн мамилелердин айрымдары калыбына келтирилип, рынок мамилелеринин шартына ылайык өнүгө баштаган.

Өскөн Осмонов – Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор