КЫРГЫЗ ЭЛИНДЕ КОЛДОНМО ИСКУССТВОНУН ӨНҮГҮШҮ

Кыргыз элинин жасалга-колдонмо искусствосу байыркы доордо эле калыптанып өнүгүп келген. Анын материалдык негизин мал чарбачылыгынын продуктулары, жыгачты, металлды ж. б. иштетүүгө байланышкан үй өндурүшу түзгөн. Бул өндүрүшкө эмгекке жарактуу ар бир үй-бүлө мүчөсү катышкан. Үйдөгү өндүрүш жана кол өнөрчүлүктүн өнүгүшү жалаң эле үй тиричилигине жана турмуштук зарылчылыкка шартталбастан, элдин сулуулукка, кооздукка, өнөргө умтулуусуна да байланыштуу болгон.

Эстетикалык керектөөнү канааттандырууга, тнричиликти көркөмдөөгө болгон мүмкүнчүлүктү толук пайдаланууга умтулуу көркөм кол өнөрүнүн ар тармагын өнүктүргөн. Ал өзүнүн көп түрдүүлүгү, оймо-чиймесинин (орнаменттик) тактыгы, өзгөчөлүгү түстөрдүн жана тондордун айырмалуулугу, бай, ажайып фантазиясы менен белгнленген. Көчмөн турмуш көркөм искусствонун өнүгүш мүмкүнчүлүгүн чектегенине карабастан, узакка пайдаланууга ылайыкташылган турмущ-тиричилик буюмдары (турак жайынын ички, тышкы жасалгасы, аялдардын кооздук, асем буюмдары, ат жабдыктары) гана эмес, күнүмдүк кийим-кече, үй тиричилигинде дайыма урунула турган буюмдары дагы көркөм чыгармачылыктын деңгээлин көрсөтө алган.

Үй шартындагы өндүрүштө жана кол өнөрүнөн жасалган ар кандай көркөмдөлгөн буюмдар турмуш-тиричиликте пайдаланылган. Элдин аң-сезиминде кол өнөрү турмуш-тиричиликтен ажырагыс болуп эсептелген. Кыргыз көркөм өнөрүнүн кайталангыс шедеврлери сыймыктанууга татыктуу болсо дагы, ал көркөм чеберчиликтин уникалдуу үлгүсү катары бааланбастан, турак жайдын же интерьердин бир бөлүгү, кийим-кече, же ат жабдыгынын ажырагыс элементи катары кабыл алынган да анын көркөмдүүлүгүнө караганда, пайдаланууга ыңгайлуулугу жогору бааланган. Кыргыз элинин жогорку денгээлдеги чеберчиликке жөндөмдүүлүгү, дилгирдиги өзгөчө көркөм өиөр искусстосунан ачык көрүнгөн.

Өнөрчүлүктү биздин элдин маданиятынын, искусствосунун рухий турмушунун башка тармактарынан бөлүп кароого болбойт. Кол өнөрчүлүктүн чыгармалары, оюу-чийүү орнаменти, элдик поэтикалык оозеки жана музыкалык чыгармачылыгы менен органикалык байланыштары өнүгүп, бири-бирине таасирин тийгизгендиги алардын ортосундагы жалны белгилерден байкалат. Бул жалпылык элдик нукура терен реалисттик стнли, айкын көркөыдүк, өтө бай образдуулугу, чеберчилиги менен айкалышкан.

Көркөм чыгармачылык укумдан-тукумга өтүү менен өнүгүп олтурган. Чеберчилик менен салт улам кийинки муунга мурасталып, элдин тарыхы менен кошо өнүккөн. Кыргыздардын колдонмо өнөрүнө өзүнө таандык өзгөчөлүк, таланттуулук, укмуштуудай көп түрдүүлүк мүнөздүү. Буюмдун практикалык функциясы ыенен көркөы жасалганын айкалышы жана жалпы элдик мүнөздө болушу анын эн баалуу сапаты болгон. Кыргыз эли көчмөн турмушка тыгыз байланышкан боз үйдүн, ат жабдыгынын кайталангыс өзгөчө жасалгасын жараткан. XIX к. кыргыз жасалга-колдонмо өнөрү жогорку деңгээлге жеткен. Түс (өң) менен оймо-чийме жасалгалоонун негизги каражаты болуп кала берген. Анда элдин рухий дүйнөсү жана таланты чагылдырылган. Эл түс маданиятынын эстетикалык нормаларын иштеп чыгьш, анын оймо-чийме менен айкалыш эрежелерин калыптандырган. Өзүнүн жөнөкөйлүүлүгү жана таасирдүүлүгү боюнча эн сонун шайкештик пайда болгон.

Кыргыз элинин кездемелеринин, түктүү килемдеринин, саймаларынын, чырмалган чийлеринин жана шырдактарынын колорити шаңдуу ыргакты түзүп, өтө мыкты ачык түстөрдөн түзүлүп, кызыл түс басымдуулук кылган. Аларга өсүмдүктөрдөн жасалган боёктор колдонулган. Оймо-чийыелер элдин демилгеси менен фантазиясын көрсөткөн эн сонун көркөм мурас, жасалганын өзгөчө тармагы. Алар өтө көп түрдүү, колдонмо өнөрүнүн ар бир түрүнүн өзүнчө кооздугу бар. Кыргызстандын оймо-чиймелеринин жаралуусу ар кайсы мезгилдерге таандык. Аларда Орто Азня жана Казакстан, Волга бою, Кавказ ж. б. элдердин оймо-чийыелерине окшош жалпылыктар кездешет. Бул кыргыз элинин башка региондогу элдер менен этностук жана маданий байланышта болгондугун айгинелейт.

Элднк оймо-чиймелердин аттары жана мотивдери да ондоп саналат. Алардын көпчүлүгү байыркы оймо-чиймелерден туруп, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн, көчмөн тнрнчиликтн чагылдырат. Бир кыйла туруктуу оймо-чиймелер колдонмо өнөрүнүн азыркы түрлөрүндө да кездешет. Алардын негизгилери ар түрдүү варианттарда түшүндүрүлүүчү кочкор мүйүз, кочкорок, сыңар мүйүз, кайкалак, көз жоосун алган кыял оюсу, үч бурчтук, кара тырмак, иг куйрук, тогуз дөбө жана башка оймо-чиймелер кенири тараган. Оймо-чиймелердин кээ бир эскилери жоюлуп, азыркы мезгилди чагылдырган жаны түрлөрү да пайда болууда.

Кыргыздардын чыгармачылыгыыда жүндөн жасалган көркөм буюмдар да негизги орунду ээлеген. Кийнз көчмөн адамдын тиричилнгинде эзелтен эле анын, турак-жайы менен төшөнчү-орунун, кийим-кечеси менен ат жабдыктарынын, эмерегинин ажырагыс бөлүгү болуп келген. Шырдак менен ала кийиз кыргыз элинин кийизден буюм жасоодогу зор чеберчилигинин далили. Алар да кыргыздардын жасалга-колдонмо өнөрүнүн негизин түзөт десек болот. Элдик чеберлер байыртадан келе жаткан көркөмдүк нринциптерди өнүктүрүү менен катар өздөрүнүн жеке чыгармачылыгы аркылуу жанылыктарды да киргизип, оймо-чиймелердин мазмундарын байытып, кеңейткен. Кыргыздын кайталангыс оймо-чиймелер менен кооздолуп, чырмалган чийлерн да көркөмдүүлүгү менен өзгөчөлөнөт. Саймачылык өнөрүнүн техникалык ыкмалары жана оймо-чийме мотивдери өтө ар түрдүүлүгү менен айырмаланат.

Эл чыгармачылыгынын бул түрүнүн эволюциясын матага, булгаарыга, кийизге, жүн жип менен сайылган байыркы саймаларды кийиичерээк тукабага жана ноотуга түшүрүлгөн саймаларга салыштыруу менен байкоого болот. Сайма өнөрүнүн улуттук сыймыгы туш кийиз болуп калды.

Кымыз куюучу көөкөрлөр, чыны каптар жана башка буюмдар өздөрүнүн кайталангыстыгы менен айырмаланат. Наар түшүрүлгөн ат жабдыктары да өтө зор көркөм баалуулукка ээ. Элдик зергерлер кооздук, асем жасалгаларын жасоодо байыркы техниканы XX к. чейнн сактап келишкен. Айрым усталар металлга оюу түшүрүп, калыпка металл куюп, наар түшүрүп, асыл таштарды бүртүктөсө, экинчнлери алтынкүмүш зымдарын кооздоп ийүү чеберчилигин өздөштүргөн. Дагы бирөөлөрү ат жабдыктарды, кемер-курларды, булгаарыны, жыгач буюмдарын боз үйдүн жыгачын жасоого адистешкен. Жергиликтүү зергерлердин күмүш билерик, шакек, сөйкө, чачпак жана башка жасалгалары аялдардын кийимдерине көрк берип турган. Кыргыз элинин улуттук маданиятынын ажырагыс бөлүгү болуп калган элдик өнөр элдин байыркы маданиятын, мүнөзүн жана рухий дүйнөсүн, көркөм ой жүгүртүүсүн, этностук байланыштарын чагылдырган тарыхый дарек катары абдан баалуу.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор