МАДАНИЙ ТУРМУШТАГЫ ЖАҢЫЛЫКТАР ЖАЗУУ МАДАНИЯТЫНЫН ӨНҮГҮШҮ (XIX к. экинчи жарымы — XX к. башы).

XVIII к. кыргыздарда өтө сейрек болсо да жазуу колдонула баштагандыгын уруу башчылары Атаке бийдин, Боромбай баатырдын Россия төбөлдөрүнө жазган каттарынан билебиз. Ал кезде кыргыздар араб арибиндеги чагатай жазуусун найдаланган.

Нукура кыргыз тилинде алгачкы жолу ыр жазган акындардын көрүнүктүүсү Молдо Нияз (1823-1896-жж.) болгон. Ал Оштун азыркы Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылында туулган. Жергиликтүү жана Кашкар шаарындагы медреселерден билим алган. Түндүк кыргыздар да анын чыгармаларын өз оозунан угуп, жогору баалаган. Молдо Нияз өмүр, өлүм, аалам, жакшылык, жамандык темаларын философиялык сопучул (суфизм) мазмундагы ырларында чагылдырган. Анын чыгармаларынын ушул мазмунда болушу чыгыш поэзиясын жакшы өздөштүргөндүгү менен түшүндүрүлөт. Молдо Нияздын поэзиясында этикалык нормалардын, моралдын, элдеги ар кандай социалдык катмарлардын дүйнөгө болгон көз караштары чагылдырылган. Анын «Санат ырларынынъ жети китепчеден турган кол жазмаларынын төртөө белгисиз калса да калган үчөө кыргыздын алгачкы жазуу мурасы катары баалуу.

Жазгыч акын Молдо Нияздын салтын Кыргызстан Россияга каратылгаидан кийинки мезгилде бир катар чыгармачыл адамдар улантышкан. Алардын бири Байымбет Абдыракманов (Тоголок Молдо 1860-1942-жж.) Нарындагы Куртка деген жерде туулган. Аталаш чоң абасы Музооке ырчыдан тарбия алган. Молдодон кат тааныган. Анын чыгармачылыгы элдик оозеки чыгармачылыктын өркүндөп өсүп, гүлдөп турган дооруна туура келген. Залкар манасчы Тыныбекти ээрчип жүрүп андан «Манас» эпосун үйрөнөт. Ага «Тоголок Молдо» деген лакап атты да Тыныбек коюп, анын чыгармачылыгын жактырып, өсүшүнө шык берген. Ал ар түрдуу жанрдагы ырларды жаратып, элдик арман, кошок, болумуштарды иштеп чыгууга, санжыра жазууга көп чыгармачыл дараметин жумшаган. Тоголок Молдо «Манастын» бир катар эпизоддорун өз колу менен жазып калтырган.

Кыргыз элинин белгилүү жазгыч акындарынын бири Молдо Кылыч Шамыркан уулу (1868-1917-жж.) болгон.

Адегенде ыолдолордон билим алып, кийин өз алдыича билямин өркүндөткөн. Чыгыштын поэзиясын, чыгармачылыгын, философиясын вздөштүрүүгө аракет жасаган. 1911-ж. Казанда «Зилзала» («Жер Титирөө») аттуу казалдар жыйнагы жарыяланган. Вул кыргыздын басмадан чыккан эн алгачкы поэтикалык чыгармасы болгон. Молдо Кылыч ошо кездеги элибиздин башка ойчулдары сыяктуу эле кыргыздардын коомдук турмушун чагылдырган. Феодалдык-патриархалдык турмуш, социалдык теңсиздик, коомдогу үстөмдүк кылган идеология, анын философиялык көз карашын аныктаган. Кыргызстан Кокон хандыгына киргенден кийин кыргыздардын ислам динине кнриши күчөгөн. Ушуга байланыштуу Молдо Кылычтын чыгармачылыгында диндин таасири күчтүүрөөк болгон. Албетте, бул үчүн анын чыгармачылыгын реакциячыл деп кароого эч негиз жок.

Анткени диний идеология үстөмдүк кылган доордо руханий маданияттын бардык тармактары днндин чегинде өнүгүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан Молдо Кылыч элди исламдын эрежелерин толук сактоого чакырган. «Жакшылык» «жамандык» деген философиялык түшүнүктөрдү да Молдо Кылыч ислам дини аркылуу чечмелөөгө аракеттенген. Ал адамдын бактысы материалдык байлыкта эмес, чыныгы бакыт адамдын руханий дүйнөсүнө, пейилине жараша болот, зыкым, жалкоо, пейили тар, бирөөгө жамандык жазаган адам эч убакта бактылуу боло албайт деп баса белгилеген. Молдо Кылыч адамдарды жакшылыкка, напсини чектөөгө, жөнөкөйлүккө, акыл менен аракет жасоого чакырып, мансапка, байлыкка чиренүүдөн, бузукулуктан алыс болууга чакырган. Жакшылык жана бакьгт жөнүндө айтып келип анын негизин үй-бүлөлүк турмуш түзөрүн өзгөчө белгилеген. Ал: «Жакшы аял бакыт, турмуштагы чоң жөлвк. жаман аял сени ар дайым коштогон жамандык, ал абийириңди төгөт», ~ деген.

Ошентип, Молдо Кылычтын чыгармачылыгынын негизин адамдын, коомго болгон көз карашын кеңейтүү, адамдарды биринчи кезекте руханий, моралдык жактан тарбиялоо түзгөн.

Өскөн ОСМОНОВ — Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын корреспондент-мучөсү, тарых илимдеринин доктору, профессор