МАМБЕТ ЧОКМОР УУЛУ

МАМБЕТ  Чокмор уулу (1896, Тоң  р-ну  –  1973)  –  манасчы. Ал  өз вариантын жаздырып жүргөн учурда кайсы манасчыдан кандайча таалим алгандыгын айтпай: «Манас баатырдын өзү айтмайынча же «Манасты” өз дилинде айтпаса, жаттап бирөөдөн үйрөнүп алууга болбойт” – деген. Башка манасчылар сыяктуу эле ал да Манас баш болгон чоролордун аян берүүсүнөн, «айтасың” деп кыстаганынан кийин гана «Манас” айтып калгандыгын эскертет. 20 жашында Тастар-Ата деген жерде жүрүп, уктап калганын же талып калганын өзү билбейт. Ошондо көзүнө көк туу көтөргөн кошун көрүнөт.

Алардын ичинен бөлүнүп чыккан бирөө  буларды тааныйсыңбы деп опузалайт. Мамбет тааныбастыгын айтканда бирөөнүн «найза менен  сайып ташта” деген үнү угулат. Жанына келген киши: «Коркпо Манас ушул, эми сен Манасты айтасың”, – деп аттан түшө калып Мамбеттин төшүнүн оң жагына мөөрүн басат. Ошондон кийин Мамбет өзүнчө жалгыз жүргөн учурларда бирөөлөр жолугуп калса же көрсө  эсинен танып жатып калчу экен. Мына ушундай абалда жүрүп, эл арасына барып айтпагандыктан бир жак ыптасынан шал ооруга чалдыгат. Мамбеттин ушул абалын байкаган таекеси Дөңүзбай аны эл арасына алып чыгып биринчи жолу бетин ачат. Ошондон тартып эл аралап «Манас” айтып калат. М. Чокмор уулунан «Манас” үчилтигинин бөлүмдөрү («Манас”, «Семетей”, «Сейтек”) Манас секторунун кызматкерлери тарабынан 1965–73-жыдардын аралыгында жазылып алынган. М-тин айткан вариантында «Манас” эпосундагы айтылып жүргөн салттык окуялар бүтүндөй камтылган. Окуяларды сүрөттөп берүү ыктары көпчүлүк манасчылардыкына жакын. Бирок, айрым бир окуяларды куруу, мотивдери талкулоо жана  сүрөттөө көрүнүштөрү боюнча  башка варианттардан мүнөздүү айырмачылыкка ээ.

«Манас” эпосунун финалдык бөлүгүн түзгөн жыйынтыктоочу эпизоддордун бири «Чоң казат”. Бул эпизод бардык варианттарда туруктуу түрдө учурайт. Негизги сюжеттик нук жана  окуянын өрчүтүлүшү композициялык жактан көпчүлүк манасчыларды негизинен бирдей эле мотивдер аркылуу баяндалат. Мындай жалпылыкка карабастан айрым манасчылар айтуу манерасына,  үйрөнүү  салтына жараша кээ бир деталдуу көрүнүштөрдү  жана  окуяларды талкулоодо башка манасчылардан  өзгө-чөлөнүп тургандыгы байкалат. Анткени, манасчы эпосту айтып жатканда жалпы сюжеттик нукту сактаганы менен айрым бир көрүнүштөргө же окуялардын түшүндүрүлүшүнө, пейзаждын сүрөттөлүшүнө келгенде эргүү сезмине жараша башка манасчыларды кайталабастан, өз өнөрканасына мүнөздүү чыгармачылык күчкө басым жасайт.

Негизинен  үчилтигин экинчи жана   үчүнчү  бөлүгү  айтылган вариантта  өзүнүн салттык  өзөк окуяларын сактаган. Ошондой эле бул вариантта ысыккөлдүк манасчылардын мектебинде айтылган салттык эпизоддор бар экендигин да эстен чыгарбоо керек. «Семетей” бөлүмү өз ичине Каныкейдин Чыйырды менен Семетейди алып Букарды көздөй качканы, Каныкейдин Тайторуну чапканы, Семетейдин Сарытаздан  өзүнүн жери менен эли жөнүндө  укканы, Семетейдин Букарадан аттанып чыкканы, Таласка келип Абыке, Көбөштүн каршылашып кырк жигитти ээрчитип качышы жана  курман болгону, Семетейдин Толтой менен болгон кармашы, Айчүрөккө  үйлөнгөнү, Коңурбайдан  өч алганы, Семетейдин  өлүмү  сыяктуу бардык варианттарда туруктуу учуроочу өзөк окуяларды камтыйт. Жогоруда аталган туруктуу эпизоддор сакталганы менен манасчы тарабынан айрым окуялар, мотивдер, образдардын талкууланышы башка варианттардан өзгөчөлөнүп баяндалуу менен өзгөчөлүк мааниге ээ. Жогоруда аталган урунттуу эпизоддор бардык манасчыларда салттык түрдө айтылса да ар бир манасчыда окуялардын мотивдештирилиши ар башка аспектиде ачылган. Бирок, мунусуна карабастан сюжеттин

конструкциясы бузулбай, мазмунга өзгөртүү киргизилбестен калыбында калган. Манасчылардын таалим алуу мектебине жараша ар башка трактовкалоо, мотивдештирүү, окуяларды өрчүтүү жолдору ар кыл экендигин көрүүгө болот. Мамбеттин айтуусунда «Сейтек” эпосунун мазмунунда негизинен элдик турмуш кенен сүрөттөөгө  алынган. Кандуу кагылыш, баатырлардын кармашы, курч ситуациялык окуялар дээрлик жокко эсе. Бул эпосто деле башка манасчыларда баяндалгандай Күлчоронун көргөн кордугу, кыйналуусу кеңири планда баяндалып сүрөттөлөт. Сейтектин төрөлүшү, ага карата Кыястын жүргүзгөн терс ойлору, Айчүрөктүн аракеттери, ж. б. жөнүндөгү белгилүү окуялар камтылган. МЧВда «Семетей” менен «Сейтек” эпостору толугу менен жазылып алынган.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ