ЫСМАЙЫЛ БОРОНЧИЕВ

БОРОНЧИЕВ  Ысмайыл (1910, Чүй  өрөөнү –  1978, Бишкек) Б. жашынан эле ырга ыкласы түшкөн. 1936-ж. филармонияга кабыл алынышы анын талантынын жетилишине, көп кырдуу  өнөрүнүн калыптанышына мыкты шарт түзгөн. Б. биринчи көрүштө эле Калык:

 

Акындык деген кен болот, Агып жаткан майга окшоп. Маалында жутуп калбасаң, Батып кетет айга окшоп. Талантың болсо тартынба, Таянчың болом артыңда

деп, чыг-лыгына ак жол каалаптыр. Б. өзү Калык м-н Осмонкулду устатым деп эсептеген.

Ал Шаршенден көп нерсени үйрөнгөн. Натыйжада, болгонун бетке айтып, түз ырдап, йтышууга уста болууну Калыктан алса, көзүнө  эмне көрүнсө, оюна эмне келсе ошонун баарын чоң чеберчилик м-н тизмектей билүүнү Осмонкулдан, ар кыл жагдайдан күлкү  чыгара билүүнү Шаршенден  үйрөнгөн. Буга  өзүндөгү  тубаса таланты да ширелишип кеткен. Б. көргөнүн көңүлгө  сактаган, укканын унутпаган куйма кулак акын болгон. Б. башка эл шайырларынан дагы көптү үйрөнгөн. Б. төкмөлүк м-н куудулдукту бирге ала жүргөн кыргыздагы бирден бир ырчы. Ал көп кырдуу талант. Бир эле тематикадагы ырдын бир нече кайталангыс вариантын шыдыр жарата салуу Б-ге жекече тиешелүү төкмөлүк сапат. Б-дин өлүм, ажал тууралуу көптөгөн ырлары буга далил.  Б-дин жыш кездешкен жагымдуу тамашалары башка ырчылардын чыгармада бирин-экин болгон болсо да мынчалык кеңири, ар кыл тематикада,  өзгөчө  түскө  ээ эмес. Анын кыргыз жергесинин сулуулугуна суктанып ырдаган «Кыргызстан”, «Кең Алай”, «Семиз бел” о. эле «Селки”, «Угуңуз”, «Зууракан”, «Ак маңдайга” деген эң сонун ашыктык, ж. б. тематикадагы ырлары бар. Ал ар нерсенин түйүнүн чече билген, жүйөөсүн таба билген чебер, ак таңдай ырчы. Б-ге тиешелүү дагы бир өзгөчөлүк анын чебер сүрөткерлиги. «Кош, Алымкул” аттуу белгилүү жоктоосунда көзгө  айрыкча бадырая көрүнгөн:

 

Таластан Атай чыкты эле, Таңшытып комуз чертишке. Таасын эле мыкты эле, Күңгөйдөн Карамолдо эле. Күүнүн алпы болду эле, Карамолдо өлгөндө, Кайышып турдук көмгөндө. Комузчу Атай өлгөндө, Кордугу кыйын шум ажал, Кол барбай турду көмгөнгө.

 

Карамолдо, Атай ж-дө көптөгөн портреттер жаралды. Бирок, Б. зор таланттуу өкмөлүгүндө айкалышып, чын дилинен эргип чыккандыгы, ар залкарды кайталангыс кылып сүрөттөгөн портрет тарта билүүдөгү  дасыккан чебердиги, тизмектеринин көңүлгө жат болуп калчу табигый учкулдугу м-н айрым ырчылык портреттеринен айырмаланып турат. Б-дин  үчүнчү  артыкчылыгы  –  айтыштарынан даана көрүнөт. Токтонаалы м-н Ысмайылдын айтыштары тамашалуу айтыштардын мыкты үлгүсүндө жатат. Б. «Шамбет” деген поэмасында «Абыл менен Мейиз” аттуу дастаны бар. Аталган дастанда:

 

Эгиз козу көтөрүп, Кой аралап баспаган. Эркек бала көтөрүп, Той аралап баспаган. Суулар агат мелмилдеп, Сурабайт кайдан келдиң  деп,

–  деген  өңдүү  ар кыл көрүнүш, мергендерди кыска, таасын тартып берген тизмектер

арбын. «Абыл менен Мейиз” дастаны аркылуу чоң эле дастандарды айтууга кудурети жетчү сүрөткер экенин далилдеген. Б-дин ар кыл тематиканы камтыган куйкумдуу, бирде кадыресе олуттуу, терең  философиялык  ырлардан, көлөмдүү поэма, айтыштардан турган бир нече ыр жыйнактары бар.  Жыйынтыктаганда, кыргыз ырчылар поэзиясынын  нүгүүсү  үчүн Б. чоң  салым кошкон. Биринчиден, төкмөлүккө куудулдукту ширетип, өкмөчүлүктүн ажарын ачкан. Экинчиден, тамашалуу айтыштын (Токтонаалы м-н бирдикте) классикалык  үлгүлөрүн жараткан.  Үчүнчүдөн, портрет түзүүнүн кыска, кайталангыс элестүүлүгүнө, төптүгүнө жетишкен. Мына ушул артыкчылык касиеттери, өзгөчөлүктөрү м-н ал кыргыз ырчылар поэзиясынын тарыхында калган.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК  ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды. БИШКЕК – 2004.  МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ