МАХМУД КАШКАРИ

МАХМУД КАШКАРИ, Махмуд ибн Хусейн ибн Мухамед (1029–30, Ысыккөл өрөөнү – 1126) – энциклопедист, ойчул. Кашкар жана  Багдад калаасында билим алган.  Махмуд Кашкари жаштайынан тилге, адабиятка, тарыхка абдан кызыгып, илимдин башка тармактары боюнча  да көптөгөн маалыматтарды билген, б. а. энциклопедиялык билимге ээ улуу ойчул болгон. Ошол себептүү Махмуд Кашкари»Дивани лугат ат-түрк” («Түрк сөздөрүнүн жыйнагы”) аттуу дүйнөлүк маанидеги баалуу эмгеги чынында эле түрк элдери, алардын тили, тарыхы, үрп-адат, салттык, этникалык байланышы, фольклордук жана  тилдик жакындыгы сыяктуу көптөгөн маселелерди чечмелөөдө  энциклопедиялык мааниге ээ. Эмгекти түзүүнүн максаты, зарылчылыгы туурасында өзү: «. . . Өзүм анык таза тилде сүйлөгөн жана  теги боюнча  да түрктөрдүн ою-тоосун, түзү-талаасын, нукум жерин калтырбай, айыл артынан куру койбой кыдырып чыктым. Мен түрктөрдүн, түркмөндөрдүн, огуздардын, чигилдердин, ягмалардын, кыргыздардын уйкаштыкка келтирген жандуу сөздөрүн акылыма түйдүм. Ушул түрдө узак изилденген жана  изденүүдөн кийин гана бул китепти эң жатык тилде, барып турган көркөм үлгүдө жаздым» – деп айткан. «Сөздүктүн” курамында көптөгөн макал-лакап, табышмак, ыр, учкул сөздөрдүн кездешиши бир жагынан аны поэтикалык жыйнак катары кабылдоого да мүмкүндүк берет. И. Стеблева бекеринен минтип жазбаган: «Диван лугат ат-түрк-лингвистикалык жана  тарыхый-этнографиялык булак катары кызыктуулугунан сырткары, Махмуд ал Кашкаринин ар бир сөзгө  мисал иретинде келтирген түрк тилиндеги чыгармалардан эки саптар, төрт саптар, поэтикалык үзүндүлөр мол экендиги менен да өтө  баалуу… Эмгекте камтылган поэтикалык тизмектердин композициясын кайрадан түзүп чыккан соң  аларды аскер, махабат, анакреонт, элегия, табият, адеп-ахлактык, мифология жана  турмуш-тиричилик сыяктуу не бир түркүн темаларга арналган, бир бүтүн чырмалышкан чыгарма деп кароого мүмкүндүк берет. «Сөздүктө” «кыргыз” деген этноним бир нече жолу кездешкендиктен жана  поэтикалык тексттер, тилдин лексикалык составы күбөлөп турганынан улам МахмудКашкари  элибиздин арасында көп болгондугун боолголоого болот. Ошентип, «Сөздүктөгү” поэтикалык тексттер, абдан арбын учурдагы ырлар, макал-лакаптар түрк тилдүү калктардын ичинен кыргыздарга түздөн-түз тиешелүү экендигин көбүрөөк күбөлөйт. «От түтүнсүз болбойт”. «Көккө түкүрсөң көзгө түшөр”, «Элчиге өлүм жок”, «Кут белгиси-билим”, «Кандын иши чыкса,

катындын иши калаар”, «Сыр идиштин сыры кетсе да, сымбаты кетпейт”, «Башкага ор казба, ага өзүң түшөрсүң” ж. б. кыргыздын макал-лакаптарына сапма- сап окшош, кээде маанилеш, буга окшогон тизмектери абдан көп. «Сөздүктөн” ошондой эле:

 

Жакындагы жоону көрдүм,

Айгай алып кол жыйнадым – деген өңдүү эпостук, андан ары:

 

Сүйүү дарты койбоду,

Сагыныч да кыйнады  –  деген сыяктуу лирикалуу саптарды адат-салт жанрына жаткан поэтикалык тизмектерди, дидактикалык мотивдерди ж. б. арбын жолуктурууга болот. Махмуд Кашкаринин көп жылдык эмгегинин үзүрү болгон «Сөздүк” – линвистикалык, тарыхый-этнографиялык илимий булак гана эмес, түрк элинин адабий улуу эстелиги болуп саналат.

 

Материал «КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ ЭНЦИКЛОПЕДИЯЛЫК ОКУУ КУРАЛЫ” китебинен алынды.   МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖАНА ЭНЦИКЛОПЕДИЯ БОРБОРУ