МОЛДО НЫЯЗ

МОЛДО НЫЯЗ (1820–1896) – кыргыздын алгач жазгыч акындарынын бири. Кыргызстандын түштүгүндөгү Шаймерден  өрөөнүндө туулган. Кашгар шаарындагы медреседен билим алган. Атбашы, Нарын, Жумгал, Кочкор, Суусамыр, Чүй  өрөөндөрүндө болуп, чыгармаларын элге окуп берген жана чыгармалары эл арасында таркаган. Бул аймактардан анын  кол жазмалары азыр да табылууда. М-дын бизге жеткен санат ырлары 2 миңден ашык саптан турат жана мазмуну боюнча  Орто Азияда жашаган элдердин поэзиясы менен тамырлаш. Анда өмүр, өлүм, аалам, жакшылык, жамандык сыяктуу  философиялык мазмундагы темалар менен катар XIX к. экинчи жарымынан тартып кыргыз жергесиндеги тарыхый  кырдаалда баяндалат. «Санатта» 1845–58-ж. Кудаяр хандын кордугуна чыдабаган ферганалык кыргыздардын жер  которушу, Кашкарга качып барган кыргыздарга Жакыпбек бийдин көрсөткөн кордугу 1865-ж. орус падышачылыгынын  Ташкент, Чымкент шаарларын басып алышы чагылдырылган.